https://sputnik.kg/20250722/1095456064.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Мамлекеттик салык кызматынын жамаатына ведомствонун төрагасы Алмамбет Шыкмаматовду... 22.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-22T15:00+0600
2025-07-22T15:00+0600
2025-07-22T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/07/16/1095455932_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_99a659cdd667f2cfc6d749944979a3e2.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Мамлекеттик салык кызматынын жамаатына ведомствонун төрагасы Алмамбет Шыкмаматовду тааныштырды. Бул дайындоо президент Садыр Жапаровдун Салык кызматын Финансы министрлигинин түзүмүнөн чыгарып, министрлер кабинетинин курамына өз алдынча мамлекеттик орган катары киргизүү жөнүндөгү жарлыгынан кийин болду. Жетекчини тааныштырып жатып, Данияр Амангелдиев реорганизациялоо чечими бюрократиялык жол-жоболорду оптималдаштыруу жана салык органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынганын белгиледи. Ал эми азыр кызматка алкоголдук продукциянын, ошондой эле баалуу металлдардын жана зергердик буюмдардын жүгүртүлүшүн өнүктүрүү жана контролдоо боюнча функциялар жүктөлөрүн кошумчалап, бул чечимдердин натыйжалары жана алардын натыйжалуулугу жакынкы аралыкта байкалат деген ишенимин билдирди.
"Манас" эл аралык аэропорту 9-августтан тарта расмий түрдө IATA кодун өзгөртөт. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААКы билдирди. Ага ылайык, учурдагы FRU кодунун ордуна BSZ колдонулат. Өзгөртүү иштери IATA кодунун 763-резолюциясына ылайык жүргүзүлөт жана ушул жылдын 9-майында жөнөтүлгөн билдирүүдөн кийинки 90 күндүк мөөнөт аяктагандан соң күчүнө кирет. Компания жаңы кодго өтүүгө байланыштуу бардык системалардын туруктуу иштешин камсыз кылуу максатында тийиштүү иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Бүгүн башкы прокурор Максат Асаналиев Чүй облустук прокуратурасынын жаңы административдик имаратынын курулушуна мезгил кутучасын салды. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө башкы прокурор сөз сүйлөп, прокуратуранын негизги конституциялык милдеттери – мамлекеттик укуктук системаны чыңдоо, жарандардын мамлекеттик бийликке болгон ишенимин арттыруу жана өлкөдө мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу экенин баса белгиледи. Ал прокуратура кызматкерлеринен бул милдеттерди жогорку жоопкерчилик, кесипкөйлүк жана ыкчамдык менен аткарууну талап кылды. Ошондой эле кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртуу, аларды социалдык жактан колдоо жана заманбап иштөө чөйрөсүн түзүү маселелерине мындан ары да өзгөчө көңүл буруларын билдирди. Белгилей кетсек, өлкө жетекчилигинин колдоосу менен прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу, алардын материалдык-техникалык базасын бекемдөө жана жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын арттыруу максатында ири масштабдуу иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Сингапурда сууда сүзүү боюнча дүйнө биринчилиги өтүүдө. Мелдеш 11-июлдан 3-августка чейин созулат. Бул тууралуу Эл аралык олимпиада комитетинин olympics.com сайтындагы маалыматта айтылат. Анда белгиленгендей, мелдештин алкагында сууда сүзүү, синхрондуу сууда сүзүү, сууга секирүү, ачык сууда сүзүү, суудагы поло жана хайдайвинг боюнча медалдар ойнотулат. Суудагы поло боюнча турнир 11-24 июлда, марафондук сууда сүзүү 15-20-июлда, синхрондуу сууда сүзүү 18-25- июлда, хайдайвинг 24-27-июлда, сууга секирүү – 26-июлдан 3-августка чейин, сууда сүзүү боюнча мелдеш 27-июлдан 3 августка чейин өтөт. Кыргызстандын курама командасы дүйнө чемпионатына башкы машыктыруучу Евгений Петрашовдун жетекчилиги алдында катышат. Курамадагы эки спортчу – Денис Петрашов жана Аймкыз Айдаралиева күч сынашмакчы. Алардын турнири 27-июлда башталат.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Мамлекеттик салык кызматынын жамаатына ведомствонун төрагасы Алмамбет Шыкмаматовду тааныштырды. Бул дайындоо президент Садыр Жапаровдун Салык кызматын Финансы министрлигинин түзүмүнөн чыгарып, министрлер кабинетинин курамына өз алдынча мамлекеттик орган катары киргизүү жөнүндөгү жарлыгынан кийин болду. Жетекчини тааныштырып жатып, Данияр Амангелдиев реорганизациялоо чечими бюрократиялык жол-жоболорду оптималдаштыруу жана салык органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынганын белгиледи. Ал эми азыр кызматка алкоголдук продукциянын, ошондой эле баалуу металлдардын жана зергердик буюмдардын жүгүртүлүшүн өнүктүрүү жана контролдоо боюнча функциялар жүктөлөрүн кошумчалап, бул чечимдердин натыйжалары жана алардын натыйжалуулугу жакынкы аралыкта байкалат деген ишенимин билдирди. "Манас" эл аралык аэропорту 9-августтан тарта расмий түрдө IATA кодун өзгөртөт. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААКы билдирди. Ага ылайык, учурдагы FRU кодунун ордуна BSZ колдонулат. Өзгөртүү иштери IATA кодунун 763-резолюциясына ылайык жүргүзүлөт жана ушул жылдын 9-майында жөнөтүлгөн билдирүүдөн кийинки 90 күндүк мөөнөт аяктагандан соң күчүнө кирет. Компания жаңы кодго өтүүгө байланыштуу бардык системалардын туруктуу иштешин камсыз кылуу максатында тийиштүү иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүп жатканын белгиледи.Бүгүн башкы прокурор Максат Асаналиев Чүй облустук прокуратурасынын жаңы административдик имаратынын курулушуна мезгил кутучасын салды. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө башкы прокурор сөз сүйлөп, прокуратуранын негизги конституциялык милдеттери – мамлекеттик укуктук системаны чыңдоо, жарандардын мамлекеттик бийликке болгон ишенимин арттыруу жана өлкөдө мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу экенин баса белгиледи. Ал прокуратура кызматкерлеринен бул милдеттерди жогорку жоопкерчилик, кесипкөйлүк жана ыкчамдык менен аткарууну талап кылды. Ошондой эле кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртуу, аларды социалдык жактан колдоо жана заманбап иштөө чөйрөсүн түзүү маселелерине мындан ары да өзгөчө көңүл буруларын билдирди. Белгилей кетсек, өлкө жетекчилигинин колдоосу менен прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу, алардын материалдык-техникалык базасын бекемдөө жана жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын арттыруу максатында ири масштабдуу иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Сингапурда сууда сүзүү боюнча дүйнө биринчилиги өтүүдө. Мелдеш 11-июлдан 3-августка чейин созулат. Бул тууралуу Эл аралык олимпиада комитетинин olympics.com сайтындагы маалыматта айтылат. Анда белгиленгендей, мелдештин алкагында сууда сүзүү, синхрондуу сууда сүзүү, сууга секирүү, ачык сууда сүзүү, суудагы поло жана хайдайвинг боюнча медалдар ойнотулат. Суудагы поло боюнча турнир 11-24 июлда, марафондук сууда сүзүү 15-20-июлда, синхрондуу сууда сүзүү 18-25- июлда, хайдайвинг 24-27-июлда, сууга секирүү – 26-июлдан 3-августка чейин, сууда сүзүү боюнча мелдеш 27-июлдан 3 августка чейин өтөт. Кыргызстандын курама командасы дүйнө чемпионатына башкы машыктыруучу Евгений Петрашовдун жетекчилиги алдында катышат. Курамадагы эки спортчу – Денис Петрашов жана Аймкыз Айдаралиева күч сынашмакчы. Алардын турнири 27-июлда башталат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/16/1095455932_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_e1b19a850d7578e21d8209d4706f87df.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио