00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
КамАЗ, ГАЗ и АвтоВАЗ в Бишкеке - чем выставка Ala-Too Expo полезна кыргызскому бизнесу
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Өлүмгө алып барган түтүн: эмне үчүн тамеки кыргызстандыктардын саламаттыгына эң чоң коркунучтардын бири бойдон калууда
17:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Сели, паводки и таяние ледников - в КР меняют систему мониторинга климатических рисков
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Кадыржан Кыдыралиев: кыргыз киносунун алтын муунунун өкүлү
19:06
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
ИИ как геополитика, вода как этика и железная дорога как шанс - большой разговор о будущем Центральной Азии
20:06
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
10 мин
Ачык кеп
Ala-Too Trade & Industry Expo — өнөр жайдагы жаңы мүмкүнчүлүктөр
21:11
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Үй-бүлө кодексине жана "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзамга кол койду. Документти Жогорку Кеңеш 11-июнда кабыл алган. Андагы өзгөртүүлөр кыргыз каада-салтына жана маданий өзгөчөлүктөрүнө ылайык фамилияларды ыйгарууда кеңири тандоого мүмкүндүк берүү максатын көздөгөн. Белгилей кетүүчү нерсе, "-ов/-ова" жана "-ович/-овна" деген мүчөлөр колдонуудан алынбайт, мурункудай калат.Эми жарандар фамилияларды тандай алышат:фамилияга "уулу" же "кызы" сөздөрү кошулса, анда атасынын аты кошулбайт. Же бул сөздөрдү кошпосо да болот. фамилияны чоң атасынын атынан алып, ага мүчө улабай койсо болот. Каалагандар ага атасынын атын да кошо алат. ошондой эле фамилияга "тегин" сөзүн кошуу варианты да каралган. Ага каалагандар атасынын атын, "уулу", "кызын" да кошсо болот.
1-2-3-август күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде Биринчи дүйнөлүк “Рух Санат” фестивалынын алкагында оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусство боюнча эл аралык сынак өтөт . Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен маалымдашты. Сынактын координаторлорунун бири Мария Наумова билдиргендей, Кыргызстанда биринчи жолу салттуу маданияттын бардык кырларын ачып көргөзүүгө жана өлкөлөр ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөөгө багытталган уникалдуу аянтча түзүлүүдө. Үч күн бою Чолпон-Атадагы “Рух Ордо” маданий этнокомплексинде салттуу музыканы алып жүрүүчү музыканттар, окумуштуу-илимпоздор, продюсерлер, фестиваль жетекчилери, салттуу музыканы сактоого, жайылтууга кызыкдар болгон күйөрмандар чогулат. Уюштуруучулардын айтымында, мындай сынактар катышуучуларга кесиптик жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө, тажрыйба алмашууга жана өз өлкөсүнүн жетишкендиктерин эл аралык аренада көрсөтүүгө жардам берет. Сынакта тандоодон өткөн 84 профессионал музыканттар таймашат. АКШ, Япония, Индия, Египет, Түштүк Корея, Польша, Бангладеш, Гвинея, Эстония, Венгрия, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдөн келген 9 жеке аткаруучу, 12 чыгармачыл топ күч сынашат. Кыргызстандын атынан 4 музыкант жана 4 чыгармачыл топ катышууда. Сынак оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствонун аваздык-аспаптык багыты боюнча өтөт. Музыканттардын дараметин 7 өлкөдөн келген эл аралык калыстар тобу баалайт, жеңүүчүлөр дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланат.
Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында дем алыш күндөрү кыргыз кинолору көрсөтүлөт. Демилгени Президенттин иш башкармалыгына караштуу Ала-Арча паркы көтөрүп, “Кыргызфильм” киностудиясы менен чогуу ишке ашырылды. Иш-чара кыргыз кино тарыхында түстүү болуп тартылган алгачкы “Салтанат” көркөм фильминин 70 жылдыгына арналган. Максаты — улуттук кинолорду жайылтуу, жаштардын маданий аң-сезимин жана улуттук мураска болгон сый-урматын калыптандыруу.Мыкты тасмалар көрүүчүлөргө дем алыш күндөрү Ала-Арча паркынын амфитеатрында тартууланат.
Жаңылыктар түрмөгү
0