https://sputnik.kg/20250721/kyrgyzstan-mongoliya-prezident-suyloshtu-1095436261.html
Жапаров: Кыргызстан Монголиянын ЕАЭБге интеграцияланышына жардам берет
Жапаров: Кыргызстан Монголиянын ЕАЭБге интеграцияланышына жардам берет
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Кыргызстан ЕАЭБдин толук кандуу мүчөсү катары Монголияга Евразия экономикалык биримдигине интеграциялануусуна жардам берүүгө даяр... 21.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-21T13:12+0600
2025-07-21T13:12+0600
2025-07-21T13:49+0600
кыргызстан
монголия
садыр жапаров
ухнаагийн хурэлсух
мамлекеттик сапар
кызматташуу
экономика
https://sputnik.kg/img/07e9/07/15/1095439477_0:0:2874:1617_1920x0_80_0_0_089bce6a6e441d1d9169b510cf604512.jpg
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Кыргызстан ЕАЭБдин толук кандуу мүчөсү катары Монголияга Евразия экономикалык биримдигине интеграциялануусуна жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө билдирди.Хурэлсух Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген.Жапаров ушул жылдын июнь айында кол коюлган ЕАЭБ менен Монголиянын ортосундагы келишимдин маанилүүлүгүн белгиледи. Ал документ өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын айтты.Тараптар, мындан тышкары, саясат, соода, экономика, транспорт жана айыл чарба тармактарын талкуулашкан. Санариптештирүү, маданий-гуманитардык байланыштарды жана туризмди өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Жапаров Кыргызстан менен Монголиянын тарыхый достук байланышы бар экенин белгиледи.Жапаров мамлекеттик сапар саясий диалогду мындан ары да чыңдоого, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө катуу түрткү берерине ишене турганын кошумчалаган.Ал эми Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, бүгүнкү сапары кызматташуунун келечегин аныктоого жакшы мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.Хурэлсух ошондой эле биргелешкен аракеттердин аркасында соңку жылдары саясий диалог жанданып, экономикалык кызматташтык өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилеген.
https://sputnik.kg/20250720/kyrgyzstanga-mongoliyanyn-prezidenti-ukhnaagiyn-khurelsukh-keldi-1095422009.html
монголия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/15/1095439477_83:0:2814:2048_1920x0_80_0_0_2a68196e4e0f3c42b4e7034c2f75679c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, монголия, садыр жапаров, ухнаагийн хурэлсух, мамлекеттик сапар, кызматташуу, экономика
кыргызстан, монголия, садыр жапаров, ухнаагийн хурэлсух, мамлекеттик сапар, кызматташуу, экономика
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Кыргызстан ЕАЭБдин толук кандуу мүчөсү катары Монголияга Евразия экономикалык биримдигине интеграциялануусуна жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө билдирди.
Хурэлсух Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген.
Жапаров ушул жылдын июнь айында кол коюлган ЕАЭБ менен Монголиянын ортосундагы келишимдин маанилүүлүгүн белгиледи. Ал документ өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын айтты.
Тараптар, мындан тышкары, саясат, соода, экономика, транспорт жана айыл чарба тармактарын талкуулашкан. Санариптештирүү, маданий-гуманитардык байланыштарды жана туризмди өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Жапаров Кыргызстан менен Монголиянын тарыхый достук байланышы бар экенин белгиледи.
“Бизди көчмөндөрдүн миң жылдык каада-салттары менен руханий баалуулуктары бириктирип турат. Кылымдар бою өзүнүн маданий мурасын түзгөн, жайылткан элдердин, көчмөндөрдүн улуу цивилизациясынын урпактарыбыз. Биз бири-бирибизди боз үйдөн, кийизден, эпостон жана көчмөн жашоо мүнөзүнөн тааныйбыз. Монголия менен ар тараптуу кызматташуу Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат”, — деди өлкө башчы.
Жапаров мамлекеттик сапар саясий диалогду мындан ары да чыңдоого, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө катуу түрткү берерине ишене турганын кошумчалаган.
Ал эми Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, бүгүнкү сапары кызматташуунун келечегин аныктоого жакшы мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.
“Кыргызстан Монголия үчүн Борбор Азиядагы маанилүү өнөктөш жана аймакты байланыштырган өзүнчө көпүрө болуп саналат. Биз бардык тармактарда, өзгөчө соода-экономикалык чөйрөдө кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтулабыз”, — деди ал.
Хурэлсух ошондой эле биргелешкен аракеттердин аркасында соңку жылдары саясий диалог жанданып, экономикалык кызматташтык өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилеген.