https://sputnik.kg/20250720/1095419883.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Бийлик турак жайдын үлүштүк курулушуна жаңы талаптарды киргизүүнү көздөөдө. Өкмөттүн тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Аны даярдаган Курулуш... 20.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-20T15:00+0600
2025-07-20T15:00+0600
2025-07-20T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/07/14/1095419751_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_6331613798b1b61761a12b5f8d3d4bd5.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Бийлик турак жайдын үлүштүк курулушуна жаңы талаптарды киргизүүнү көздөөдө. Өкмөттүн тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Аны даярдаган Курулуш жана архитектура министрлиги үлүштүк курулушта объектилерди сапатсыз куруу, өз убагында бүтүрбөй создуктуруу, алдамчылык жана башка көйгөйлөр үчүн жоопкерчилик каралбаганын белгилеген. Мындан улам төмөнкүдөй талаптарды киргизүү сунушталууда: курулуш компаниясы кварталдын жыйынтыгы боюнча 30 күндүн ичинде объект боюнча каржылык отчётту ыйгарым укуктуу органдарга жөнөтүүгө милдеттүү; курулуштагы милдеттемелердин аткарылышын мониторингден өткөрүү сунушталууда. Бул куруучунун жоопкерчилигин жогорулатып, долбоордун сапатын жакшыртат; курулуштун ар бир этабы бүткөн соң банк объектинин каржылык камсыздалышын документ түрүндө тастыктоого тийиш болот.
Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөр арасында чекене сооданын көлөмүнүн өсүшү боюнча алдыга чыкты. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын сайтында жарыяланган. Ушул жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча, республикада бул жааттагы көрсөткүч өткөн жылдын тиешелүү мезгилдегисине караганда 22,8 пайызга өскөн. Кыргызстандан кийин Беларусь турат, анда чекене соода жүгүртүү 10,8 пайызга көбөйгөн. Үчүнчү орунга 7,3 пайыздык өсүш менен Армения чыкса, Казакстан 4,8 пайыздык жыйынтык менен төртүнчү орунда. Ал эми 3,2 пайыздык өсүш менен Россия бешинчи катарда турат.
АКШнын Республикалык партиясынын мүчөсү Маржори Тейлор Грин Украинага жардам берүүнү токтотуу сунушу колдоо таппай калгандан кийин Конгрессти сынга алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Анын айтымында, "элдин салыгы Украинаны колдоого кетип жатат". Бул демилгени 76 республикачы гана колдоп, калган 141 республикачы менен 212 демократ "каршы" добуш берген. Грин ошондой эле АКШнын 37 триллион долларлык мамлекеттик карызы өсүп жатканына, ал эми Украина НАТОнун мүчөсү болбогонуна карабай жардам улантылып жатканына нааразы болду. “Балдарыбыздын келечеги жок. Анткени бир күнү өкмөт кулайт, бирок карыз балдарыбыздын мойнуна илинет. Американы согуштарга аралаштырбайлы деп үмүттөнгөн элек, бирок тескерисинче болуп жатат”, — деди ал. Ал арада чет өлкөлөргө, анын ичинде Украинага берилчү 1,6 миллиард долларды кыскартуу сунушу да четке кагылды. Буга чейин Дональд Трамп Украинага курал-жаракты НАТО өлкөлөрү аркылуу берүү схемасын сунуштап, бул план жакында ишке ашарын билдирген. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул жардам тынчтыкка эмес, согушту улантууга өбөлгө түзөрүн айтты.
Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан Polyák Imre 2025 аттуу рейтингдик турнирде коло медалга ээ болду. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, 76 кг чейин салмак категориясында күч сынашкан Айпери Медет кызы биринчи айлампаны өткөрүп, чейрек финалда АКШлык спортчу Даймонд Гилфорд менен болгон таймашта 4:4 болуп турганда атаандашын “туше” ыкмасына салып, жарым финалга чыкты. Финалга чыгуу үчүн болгон таймашта балбан кыз Бразилиялык Тамирес Мачадого 5:10 эсебинде утулуп калды. Бирок үчүнчү орун үчүн болгон таймашта Түштүк Кореянын балбаны Соен Чжонду 12:1 эсебинде ири артыкчылык менен жеңип, турнирдин коло медалын жеңди.
Бийлик турак жайдын үлүштүк курулушуна жаңы талаптарды киргизүүнү көздөөдө. Өкмөттүн тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Аны даярдаган Курулуш жана архитектура министрлиги үлүштүк курулушта объектилерди сапатсыз куруу, өз убагында бүтүрбөй создуктуруу, алдамчылык жана башка көйгөйлөр үчүн жоопкерчилик каралбаганын белгилеген. Мындан улам төмөнкүдөй талаптарды киргизүү сунушталууда: курулуш компаниясы кварталдын жыйынтыгы боюнча 30 күндүн ичинде объект боюнча каржылык отчётту ыйгарым укуктуу органдарга жөнөтүүгө милдеттүү; курулуштагы милдеттемелердин аткарылышын мониторингден өткөрүү сунушталууда. Бул куруучунун жоопкерчилигин жогорулатып, долбоордун сапатын жакшыртат; курулуштун ар бир этабы бүткөн соң банк объектинин каржылык камсыздалышын документ түрүндө тастыктоого тийиш болот.Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөр арасында чекене сооданын көлөмүнүн өсүшү боюнча алдыга чыкты. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын сайтында жарыяланган. Ушул жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча, республикада бул жааттагы көрсөткүч өткөн жылдын тиешелүү мезгилдегисине караганда 22,8 пайызга өскөн. Кыргызстандан кийин Беларусь турат, анда чекене соода жүгүртүү 10,8 пайызга көбөйгөн. Үчүнчү орунга 7,3 пайыздык өсүш менен Армения чыкса, Казакстан 4,8 пайыздык жыйынтык менен төртүнчү орунда. Ал эми 3,2 пайыздык өсүш менен Россия бешинчи катарда турат.АКШнын Республикалык партиясынын мүчөсү Маржори Тейлор Грин Украинага жардам берүүнү токтотуу сунушу колдоо таппай калгандан кийин Конгрессти сынга алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Анын айтымында, "элдин салыгы Украинаны колдоого кетип жатат". Бул демилгени 76 республикачы гана колдоп, калган 141 республикачы менен 212 демократ "каршы" добуш берген. Грин ошондой эле АКШнын 37 триллион долларлык мамлекеттик карызы өсүп жатканына, ал эми Украина НАТОнун мүчөсү болбогонуна карабай жардам улантылып жатканына нааразы болду. “Балдарыбыздын келечеги жок. Анткени бир күнү өкмөт кулайт, бирок карыз балдарыбыздын мойнуна илинет. Американы согуштарга аралаштырбайлы деп үмүттөнгөн элек, бирок тескерисинче болуп жатат”, — деди ал. Ал арада чет өлкөлөргө, анын ичинде Украинага берилчү 1,6 миллиард долларды кыскартуу сунушу да четке кагылды. Буга чейин Дональд Трамп Украинага курал-жаракты НАТО өлкөлөрү аркылуу берүү схемасын сунуштап, бул план жакында ишке ашарын билдирген. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул жардам тынчтыкка эмес, согушту улантууга өбөлгө түзөрүн айтты.Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан Polyák Imre 2025 аттуу рейтингдик турнирде коло медалга ээ болду. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, 76 кг чейин салмак категориясында күч сынашкан Айпери Медет кызы биринчи айлампаны өткөрүп, чейрек финалда АКШлык спортчу Даймонд Гилфорд менен болгон таймашта 4:4 болуп турганда атаандашын “туше” ыкмасына салып, жарым финалга чыкты. Финалга чыгуу үчүн болгон таймашта балбан кыз Бразилиялык Тамирес Мачадого 5:10 эсебинде утулуп калды. Бирок үчүнчү орун үчүн болгон таймашта Түштүк Кореянын балбаны Соен Чжонду 12:1 эсебинде ири артыкчылык менен жеңип, турнирдин коло медалын жеңди.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/14/1095419751_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c1efd385af4597eb703a9bad847a5bba.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио