https://sputnik.kg/20250716/1095345476.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Мамлекет башчы Садыр Жапаров мамлекеттин акчасына кол салган аткаминер кеч болсо да жазаланарын эскертти "Мамлекеттин акчасына кол салган бир дагы чиновник кеч... 16.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-16T17:00+0600
2025-07-16T17:00+0600
2025-07-16T18:20+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/07/10/1095345344_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_899e615fc3a2f304b35f6b7b68d9ab30.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Мамлекет башчы Садыр Жапаров мамлекеттин акчасына кол салган аткаминер кеч болсо да жазаланарын эскертти "Мамлекеттин акчасына кол салган бир дагы чиновник кеч болсо да жазасыз калбайт. Ошондуктан азыртадан оңолгула. Биздин убагыбызда мамлекеттин акчасын уурдоо деген болбош керек", — деп жазган өлкө башчы социалдык тармактагы баракчасына. Эске салсак, бүгүн эле УКМК төрагасы Бишкекти кыдырып чыккандан кийин бир топ аткаминер кармалып, суракка чакырылды.
2025-жылдын июль айына карата өлкөдө 10 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ишке берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, август айынын аягына чейин дагы 13 объектини ишке киргизүү пландалууда. Жалпысынан бул багытта жыл аягына чейин 63 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу каралган. Анын аркасында 38 миллиард сомдон ашык инвестиция тартуу жана 4 миңден ашык жаңы жумуш ордун түзүү пландалууда.
Казакстанда тамеки чеккен адамдардын саны кыскарып жатканы байкалууда. Бул тууралуу Казинформ агенттиги Казакстанстандын Улуттук статистикалык бюросунун маалыматына таянуу менен маалымдады. Расмий маалыматка ылайык, учурда калктын 17,5 пайызы тамеки тартат. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу төмөн. Былтыр бул сан 20,7 пайызды түзгөн. Айыл жеринде жашагандар тамекини көбүрөөк чегишет. Айылда - 19,1%, шаарда - 16,7%. Жынысы боюнча алганда, эркектердин 34 пайызы, ал эми аялдардын болгону 5 пайызы тамеки тартары аныкталган. Белгилей кетсек, буга чейин Казакстанда тамекинин минималдуу баасы жогорулай турганы айтылган. Ошондой эле Казакстан дүйнөдөгү эң арзан тамеки сатылган алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирери белгиленген.
Париж Кошмо Штаттардан Киев үчүн курал сатып алуу боюнча демилгеге катышууну көздөбөйт, себеби өлкө өзүнүн курал-жарак өндүрүшүн өнүктүрүү ниетинде. Бул туурасында РИА Новости Politico басылмасына таянып билдирди. Басылма НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугуп, Украинага курал сатып алуу демилгесине катыша турган мамлекеттерди санаганда Францияны атабагандыгын жазды. Politico Франциянын президенти Эммануэль Макрон европалыктарды өздөрүнүн коргонуу өнөр жайын өнүктүрүүгө, курал-жаракты жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн сатып алуу аркылуу колдоого көптөн бери чакырып келгенин белгиледи. "Ушул себептен улам Париж Американын куралдарын сатып алуу боюнча демилгеге кошулбайт", – деп басылма эки маалыматы бар француз аткаминерине таянып жазган. Шейшемби күнү Чехиянын премьер-министри анын өлкөсү АКШ президенти Дональд Трамптын НАТОнун мүчө өлкөлөрү аркылуу Украинанын армиясына америкалык курал сатып алуу долбооруна катышпай турганын билдирди. Ал Чехия Украинага башка жолдор менен жардам берип жатканын айткан.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров мамлекеттин акчасына кол салган аткаминер кеч болсо да жазаланарын эскертти "Мамлекеттин акчасына кол салган бир дагы чиновник кеч болсо да жазасыз калбайт. Ошондуктан азыртадан оңолгула. Биздин убагыбызда мамлекеттин акчасын уурдоо деген болбош керек", — деп жазган өлкө башчы социалдык тармактагы баракчасына. Эске салсак, бүгүн эле УКМК төрагасы Бишкекти кыдырып чыккандан кийин бир топ аткаминер кармалып, суракка чакырылды.2025-жылдын июль айына карата өлкөдө 10 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ишке берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, август айынын аягына чейин дагы 13 объектини ишке киргизүү пландалууда. Жалпысынан бул багытта жыл аягына чейин 63 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу каралган. Анын аркасында 38 миллиард сомдон ашык инвестиция тартуу жана 4 миңден ашык жаңы жумуш ордун түзүү пландалууда. Казакстанда тамеки чеккен адамдардын саны кыскарып жатканы байкалууда. Бул тууралуу Казинформ агенттиги Казакстанстандын Улуттук статистикалык бюросунун маалыматына таянуу менен маалымдады. Расмий маалыматка ылайык, учурда калктын 17,5 пайызы тамеки тартат. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу төмөн. Былтыр бул сан 20,7 пайызды түзгөн. Айыл жеринде жашагандар тамекини көбүрөөк чегишет. Айылда - 19,1%, шаарда - 16,7%. Жынысы боюнча алганда, эркектердин 34 пайызы, ал эми аялдардын болгону 5 пайызы тамеки тартары аныкталган. Белгилей кетсек, буга чейин Казакстанда тамекинин минималдуу баасы жогорулай турганы айтылган. Ошондой эле Казакстан дүйнөдөгү эң арзан тамеки сатылган алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирери белгиленген.Париж Кошмо Штаттардан Киев үчүн курал сатып алуу боюнча демилгеге катышууну көздөбөйт, себеби өлкө өзүнүн курал-жарак өндүрүшүн өнүктүрүү ниетинде. Бул туурасында РИА Новости Politico басылмасына таянып билдирди. Басылма НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугуп, Украинага курал сатып алуу демилгесине катыша турган мамлекеттерди санаганда Францияны атабагандыгын жазды. Politico Франциянын президенти Эммануэль Макрон европалыктарды өздөрүнүн коргонуу өнөр жайын өнүктүрүүгө, курал-жаракты жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн сатып алуу аркылуу колдоого көптөн бери чакырып келгенин белгиледи. "Ушул себептен улам Париж Американын куралдарын сатып алуу боюнча демилгеге кошулбайт", – деп басылма эки маалыматы бар француз аткаминерине таянып жазган. Шейшемби күнү Чехиянын премьер-министри анын өлкөсү АКШ президенти Дональд Трамптын НАТОнун мүчө өлкөлөрү аркылуу Украинанын армиясына америкалык курал сатып алуу долбооруна катышпай турганын билдирди. Ал Чехия Украинага башка жолдор менен жардам берип жатканын айткан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/10/1095345344_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_0f6cf983e526a2002926771e89fa12a8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио