https://sputnik.kg/20250715/ukraina-kozomoldon-chygyp-ketet--1095313370.html
Трамптын экс-кеңешчиси: Украина жаңжалы көзөмөлдөн чыгып кетиши толук мүмкүн
Трамптын экс-кеңешчиси: Украина жаңжалы көзөмөлдөн чыгып кетиши толук мүмкүн
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Вашингтондун Киевге жаңы курал-жарак беришинен улам Украина жаңжалы көзөмөлдөн биротоло чыгып кетиши толук ыктымал. Бул тууралуу АКШ... 15.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-15T12:59+0600
2025-07-15T12:59+0600
2025-07-15T12:59+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
акш
украина
россия
курал-жарак
көзөмөл
сокку
билдирүү
https://sputnik.kg/img/07e9/07/0f/1095312919_0:124:3065:1848_1920x0_80_0_0_0e87b1c9f26d627c61f55a7dcdbc555c.jpg
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Вашингтондун Киевге жаңы курал-жарак беришинен улам Украина жаңжалы көзөмөлдөн биротоло чыгып кетиши толук ыктымал. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамптын мурунку кеңешчиси Стив Бэннон билдиргенин РИА Новости жазды. Белгилей кетсек, америкалык лидери дүйшөмбү күнү НАТОнун баш катчысы Марк Рютте менен жолугушкандан кийин Украина жакын арада 17 Patriot аларын жар салган. Анткен менен Трамптын сөзүнөн комплекс толугу менен берилери же айрым компоненттери гана жөнөтүлөрү ачык айтылган жок. Анын айтымында, эгер Киев сокку ура турган болуп, анысы Россиянын өзөктүк объектине тийсе абал болуп көрбөгөндөй курчуйт да, муну токтотууга АКШнын да күчү жетпейт. Подкасттын дагы бир коногу, Пентагондун мурунку кеңешчиси Дэн Колдуэлл америкалык курал-жарак жаңжалдын нугун буруп кое аларын айткан. Эксперт Киевдин кишиси аз экенин, ал эми Батыштын отко улам май тамызып турууга чама-чаркы жетпей турганын билдирген. "Жаңы курал-жарак Украинанын абалын жакшыртып жибербейт, болгону тобокелдиктерди күчөтөт", — деген Колдуэлл.Эскерте кетсек, 2024-жылдын сентябрында Россия президенти Владимир Путин Дүйнөлүк экономикалык форумдун пленардык жыйынында Украинанын Курск жана Запорожье АЭСтерине сокку уруу ыктымалдыгы тууралуу суроого Россиянын жооп иретиндеги кадамдарынын кесепетин ойлонуп көрүүнү сунуштаган. Москва Украинага курал-жарактын жеткирилиши кырдаалды жөнгө салууну кыйындатып, НАТО мамлекеттерин жаңжалга түз аралаштырууда деген позицияда. РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров Украинага деген курал-жарактын бардык түрү Россия армиясынын мыйзамдуу бутасына айланарын эскерткен. Россия президенти Владимир Путин америкалык журналист Такер Карлсон менен маектешүүдө РФтин НАТО өлкөлөрүнө кол салуу ниети жоктугун, мындан Москва эч кандай пайда таппай турганын түшүндүрүп берген. Россиялык лидер Батыш саясатчылары өлкө ичиндеги көйгөйлөрдөн элди алаксытуу үчүн Россиядан келчү кооптуулук менен коркута берерин, "бирок акыл-эстүү адамдар мунун баары жөн гана опуза экенин түшүнөрүн" айткан.
https://sputnik.kg/20250715/tramptyn-rossiya-boyuncha-ajtkany-evropa--1095309397.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/0f/1095312919_136:84:2754:2048_1920x0_80_0_0_809b2b28f796ced3be2007cbd3ac63db.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, украина, россия, курал-жарак, көзөмөл, сокку, билдирүү
дүйнөдө, акш, украина, россия, курал-жарак, көзөмөл, сокку, билдирүү
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Вашингтондун Киевге жаңы курал-жарак беришинен улам Украина жаңжалы көзөмөлдөн биротоло чыгып кетиши толук ыктымал. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамптын мурунку кеңешчиси Стив Бэннон билдиргенин
РИА Новости жазды.
Белгилей кетсек, америкалык лидери дүйшөмбү күнү НАТОнун баш катчысы Марк Рютте менен жолугушкандан кийин Украина жакын арада 17 Patriot аларын
жар салган. Анткен менен Трамптын сөзүнөн комплекс толугу менен берилери же айрым компоненттери гана жөнөтүлөрү ачык айтылган жок.
"Көзөмөлдү жоготуп алуу алдында турабыз. Таасир эте албай турган адамдарга курал бергени жатабыз. Көзөмөлүбүздө деп ойлогонубуз менен чынында андай эмес. Экинчи дүйнөлүк согушту эстейличи. Алар (орустар — ред.) сөзүнөн кайтпайм десе, ошого бекем турат, кылчактабайт. Баарын Россия үчүн жасашат. Бизди кыпынча көрүшпөйт. Анан биз тигилерге (украиналыктар — ред.) аскердик жардам көрсөтүп жатабыз. Мындайда кимдин ортомчу болуп жатканы мааниге ээ эмес, кеп кырдаал көзөмөлдөн чыгып жатканы тууралуу болууда", — деди Бэннон.
Анын айтымында, эгер Киев сокку ура турган болуп, анысы Россиянын өзөктүк объектине тийсе абал болуп көрбөгөндөй курчуйт да, муну токтотууга АКШнын да күчү жетпейт.
Подкасттын дагы бир коногу, Пентагондун мурунку кеңешчиси Дэн Колдуэлл америкалык курал-жарак жаңжалдын нугун буруп кое аларын айткан. Эксперт Киевдин кишиси аз экенин, ал эми Батыштын отко улам май тамызып турууга чама-чаркы жетпей турганын билдирген.
"Жаңы курал-жарак Украинанын абалын жакшыртып жибербейт, болгону тобокелдиктерди күчөтөт", — деген Колдуэлл.
Эскерте кетсек, 2024-жылдын сентябрында Россия президенти Владимир Путин Дүйнөлүк экономикалык форумдун пленардык жыйынында Украинанын Курск жана Запорожье АЭСтерине сокку уруу ыктымалдыгы тууралуу суроого Россиянын жооп иретиндеги кадамдарынын кесепетин ойлонуп көрүүнү сунуштаган.
Москва Украинага курал-жарактын жеткирилиши кырдаалды жөнгө салууну кыйындатып, НАТО мамлекеттерин жаңжалга түз аралаштырууда деген позицияда. РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров Украинага деген курал-жарактын бардык түрү Россия армиясынын мыйзамдуу бутасына айланарын эскерткен.
Россия президенти Владимир Путин америкалык журналист Такер Карлсон менен маектешүүдө РФтин НАТО өлкөлөрүнө кол салуу ниети жоктугун, мындан Москва эч кандай пайда таппай турганын түшүндүрүп берген. Россиялык лидер Батыш саясатчылары өлкө ичиндеги көйгөйлөрдөн элди алаксытуу үчүн Россиядан келчү кооптуулук менен коркута берерин, "бирок акыл-эстүү адамдар мунун баары жөн гана опуза экенин түшүнөрүн" айткан.