https://sputnik.kg/20250714/1095296817.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
УКМК чет өлкөлүк жарандарга жогорку медициналык билим тууралуу дипломдорду мыйзамсыз берүү боюнча кылмыштуу схеманы аныктады.Мекеменин маалымат кызматы... 14.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-14T15:00+0600
2025-07-14T15:00+0600
2025-07-14T15:30+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/07/0e/1095296685_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_5a576e3f6ca0f86440a36433f93d138a.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
УКМК чет өлкөлүк жарандарга жогорку медициналык билим тууралуу дипломдорду мыйзамсыз берүү боюнча кылмыштуу схеманы аныктады.Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, Эл аралык медициналык университеттин айрым кызматкерлери өлкө сыртында жүргөн эле чет элдиктерге баа коюп, диплом берип, акча алып турушкан."Мындай көрүнүш илимге жана билим берүү системасына болгон ишенимге доо кетирип, Кыргызстандын билим берүү тармагындагы аброюна эл аралык деңгээлде шек келтирет", — деп жазылган маалыматта. Азыркы тапта бул ишке тиешеси барлар аныкталып жатканы кошумчаланды.
Балыкчы шаарынын мэри Султан Кермалиев кызматынан кетип, анын ордуна Баатырбек Жантаев дайындалды. Бул боюнча тескемелерге президент Садыр Жапаров кол койгонун анын маалымат кызматынан кабарлашты.Кермалиевдин бул ишке келгенине 12 күн болгон. Ал ЖМКлардын бирине берген интервьюсунан кийин коомчулуктун сынына кабылган. Буга реакция кылган президент Садыр Жапаров, эң негизгиси, жаңы мэр таза, натыйжалуу иштеп бериши керектигин белгилеген эле.
Бүгүн Тяньцзинь шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышат. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. Жыйындын күн тартибине ШКУнун Тяньцзинь саммитине даярдыктарды талкуулоо кирет. Ошондой эле катышуучулар уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо жолдорун карашат.
Жусуп Абдрахманов атындагы Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика кафедрасынын жетекчиси Улукман Мамытов пенсиялык системалардын өлкө экономикасына таасири тууралуу айтып берди.Пенсиялык система туура жолго коюлса ал жөн гана пенсионерлерге каражат болуп тийбей, ага чейин иштетилип, өлкө экономикасына ири киреше алып келе ала турган каражат.Анын айтымында, дүйнөдө эң көп пенсияны япониялыктар алат.Ал пенсиялык фонддордун жүргүзгөн акылдуу саясаты ошол өлкөдөгү пенсиялык системанын келечегин аныктай турганын кошумчалады.
Украина көпкө созулган тирешүүгө туруштук бере албайт. Бул тууралуу Украина Куралдуу күчтөрүнүн мурунку башкы командачысы, учурда Лондондогу элчи Валерий Залужный билдиргенин РИА Новости жазды. "Жогорку технологиялар пайдаланылбаган шартта өзүбүздү коргонууга керектүү каражат менен камсыздай албай жатканыбыз Украинанын узакка созулган согушта туруштук берүүгө кудурети жетпей турганын көрсөтүүдө", — деген ал.Залужный азыркы тапта өлкөнүн Куралдуу күчтөрү фронтто болгону адам ресурсуна таяна аларын белгилеп, Киев өлгөндөрдүн ордун тез арада толтура албай жатканына токтолгон.Июнда РФ президенти Владимир Путин Россия болгон күчүн жумшап маселени Украина менен жай сүйлөшүп чечүүгө умтулуп келгенин, бирок Киев Москванын сунушунан баш тартып койгонун билдирген.РФ лидери Россия Украинанын капитуляциясын талап кылбай турганын айтып, ошентсе да азыркы түзүлгөн кырдаалды туура баалап кабыл алууга чакырган. Мындан тышкары, Путин Украина Куралдуу күчтөрү фронттун маанилүү тилкелеринде адамдан каржалып турганын белгилеп, ал эми Россия армиясы ишенимдүү алдыга бара жатканын кошумчалаган.
УКМК чет өлкөлүк жарандарга жогорку медициналык билим тууралуу дипломдорду мыйзамсыз берүү боюнча кылмыштуу схеманы аныктады.Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, Эл аралык медициналык университеттин айрым кызматкерлери өлкө сыртында жүргөн эле чет элдиктерге баа коюп, диплом берип, акча алып турушкан."Мындай көрүнүш илимге жана билим берүү системасына болгон ишенимге доо кетирип, Кыргызстандын билим берүү тармагындагы аброюна эл аралык деңгээлде шек келтирет", — деп жазылган маалыматта. Азыркы тапта бул ишке тиешеси барлар аныкталып жатканы кошумчаланды.Балыкчы шаарынын мэри Султан Кермалиев кызматынан кетип, анын ордуна Баатырбек Жантаев дайындалды. Бул боюнча тескемелерге президент Садыр Жапаров кол койгонун анын маалымат кызматынан кабарлашты.Кермалиевдин бул ишке келгенине 12 күн болгон. Ал ЖМКлардын бирине берген интервьюсунан кийин коомчулуктун сынына кабылган. Буга реакция кылган президент Садыр Жапаров, эң негизгиси, жаңы мэр таза, натыйжалуу иштеп бериши керектигин белгилеген эле.Бүгүн Тяньцзинь шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышат. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. Жыйындын күн тартибине ШКУнун Тяньцзинь саммитине даярдыктарды талкуулоо кирет. Ошондой эле катышуучулар уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо жолдорун карашат.Жусуп Абдрахманов атындагы Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика кафедрасынын жетекчиси Улукман Мамытов пенсиялык системалардын өлкө экономикасына таасири тууралуу айтып берди.Пенсиялык система туура жолго коюлса ал жөн гана пенсионерлерге каражат болуп тийбей, ага чейин иштетилип, өлкө экономикасына ири киреше алып келе ала турган каражат.Анын айтымында, дүйнөдө эң көп пенсияны япониялыктар алат.Ал пенсиялык фонддордун жүргүзгөн акылдуу саясаты ошол өлкөдөгү пенсиялык системанын келечегин аныктай турганын кошумчалады.Украина көпкө созулган тирешүүгө туруштук бере албайт. Бул тууралуу Украина Куралдуу күчтөрүнүн мурунку башкы командачысы, учурда Лондондогу элчи Валерий Залужный билдиргенин РИА Новости жазды. "Жогорку технологиялар пайдаланылбаган шартта өзүбүздү коргонууга керектүү каражат менен камсыздай албай жатканыбыз Украинанын узакка созулган согушта туруштук берүүгө кудурети жетпей турганын көрсөтүүдө", — деген ал.Залужный азыркы тапта өлкөнүн Куралдуу күчтөрү фронтто болгону адам ресурсуна таяна аларын белгилеп, Киев өлгөндөрдүн ордун тез арада толтура албай жатканына токтолгон.Июнда РФ президенти Владимир Путин Россия болгон күчүн жумшап маселени Украина менен жай сүйлөшүп чечүүгө умтулуп келгенин, бирок Киев Москванын сунушунан баш тартып койгонун билдирген.РФ лидери Россия Украинанын капитуляциясын талап кылбай турганын айтып, ошентсе да азыркы түзүлгөн кырдаалды туура баалап кабыл алууга чакырган. Мындан тышкары, Путин Украина Куралдуу күчтөрү фронттун маанилүү тилкелеринде адамдан каржалып турганын белгилеп, ал эми Россия армиясы ишенимдүү алдыга бара жатканын кошумчалаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/0e/1095296685_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_08cc443e164956404659f1f068c757d9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио