https://sputnik.kg/20250712/1095268675.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
2025-2026-жылга карата окуучулардын каникулдарынын графиги бекитилди. Бул тууралуу Агартуу министрлиги бекиткен базистик окуу планында айтылган. Каникулдардын... 12.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-12T16:59+0600
2025-07-12T16:59+0600
2025-07-12T17:30+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/07/0c/1095268543_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9eb47b24a4021a16b243abb4f1f3e687.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
2025-2026-жылга карата окуучулардын каникулдарынын графиги бекитилди. Бул тууралуу Агартуу министрлиги бекиткен базистик окуу планында айтылган. Каникулдардын графиги: күзгү — 5-ноябрдан 9-ноябрга чейин; кышкы — 31-декабрдан 11-январга чейин; жазгы — 6-марттан 8-мартка жана 1-майдан 10-майга чейин. 12 жылдыктын биринчи класстары үчүн каникулдар эки жумага, 24-декабрдан 18-январга чейин узартылат. Экинчи класстын окуучуларына үчүнчү чейректе бир жума кошумча эс алуу каралган. Сабактардын узактыгы 1-класста — 35 мүнөт, 10-15 мүнөттүк музыкалык тыныгуу менен болот. 2-класста 40 мүнөт, калган класстарда — 45 мүнөттөн созулат. Ошондой эле сабактар 8:00дөн эрте башталбай турганы белгиленген.
Салык кызматы салык төлөөчүлөргө бир катар салыктарды төлөө мөөнөтү жакындаганын эскертет. Ведомствонун маалыматына ылайык, 1-сентябрга чейин төмөнкү салыктарды төлөө керек: турак үйлөргө, батирлерге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган), үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык. Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө айып каралган. Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же <a href="http://www.sti.gov.kg" target="_blank">http://www.sti.gov.kg</a> сайтынан алууга болот.
Күн мурун Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев менен Тажикстандын маданият министри Матлубахон Амонзоданын эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Маданият министрлигинен билдиришкендей, жолугушуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында орун алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий кызматташтыкты өнүктүрүү – эки элдин ортосундагы ынак коңшулук мамилелерди жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоонун маанилүү багыты экендигин белгилешти. Кыргыз-тажик маданий алакалары терең тарыхый жана орток баалуулуктарга, салттарга ээ экени баса белгиленди. Кыргыз тарап 2026–2028-жылдарга карата маданият тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча «Жол картасын» иштеп чыгып, кабыл алууну сунуштады. Ошондой эле эки өлкөнүн жаштар уюмдарынын, маданий мекемелеринин жана чыгармачыл жамааттарынын ортосундагы өз ара алмашууну жандандыруу зарылдыгы белгиленди.
Курск облусунун миңге чукул тургунунун дайын-дареги белгисиз бойдон калууда. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине маек курган Россиянын адам укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова билдирди. "Жасалган иштердин алкагында Сумдан 100дөн ашуун киши кайтты. Дайынсыз болуп жаткандардын тизмесинде 2000 киши бар болчу, бүгүн 1000дей адамдын тагдыры белгисиз", — деди өкүл. Москалькова табылбай жаткан адамдардын тизмеси Украинанын Жогорку Радасынын адам укугу боюнча өкүлү Дмитрий Лубинца менен Эл аралык кызыл чырым комитетине жөнөтүлгөнүн белгилеп, изделип жаткандар аман-эсен экенине үмүт артты. Эскерте кетсек, былтыр 6-августта украин согушкерлери Курск облусуна кирип келишкен. Кол салуу токтотулган. Ма
2025-2026-жылга карата окуучулардын каникулдарынын графиги бекитилди. Бул тууралуу Агартуу министрлиги бекиткен базистик окуу планында айтылган. Каникулдардын графиги: күзгү — 5-ноябрдан 9-ноябрга чейин; кышкы — 31-декабрдан 11-январга чейин; жазгы — 6-марттан 8-мартка жана 1-майдан 10-майга чейин. 12 жылдыктын биринчи класстары үчүн каникулдар эки жумага, 24-декабрдан 18-январга чейин узартылат. Экинчи класстын окуучуларына үчүнчү чейректе бир жума кошумча эс алуу каралган. Сабактардын узактыгы 1-класста — 35 мүнөт, 10-15 мүнөттүк музыкалык тыныгуу менен болот. 2-класста 40 мүнөт, калган класстарда — 45 мүнөттөн созулат. Ошондой эле сабактар 8:00дөн эрте башталбай турганы белгиленген. Салык кызматы салык төлөөчүлөргө бир катар салыктарды төлөө мөөнөтү жакындаганын эскертет. Ведомствонун маалыматына ылайык, 1-сентябрга чейин төмөнкү салыктарды төлөө керек: турак үйлөргө, батирлерге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган), үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык. Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө айып каралган. Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.Күн мурун Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев менен Тажикстандын маданият министри Матлубахон Амонзоданын эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Маданият министрлигинен билдиришкендей, жолугушуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында орун алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий кызматташтыкты өнүктүрүү – эки элдин ортосундагы ынак коңшулук мамилелерди жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоонун маанилүү багыты экендигин белгилешти. Кыргыз-тажик маданий алакалары терең тарыхый жана орток баалуулуктарга, салттарга ээ экени баса белгиленди. Кыргыз тарап 2026–2028-жылдарга карата маданият тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча «Жол картасын» иштеп чыгып, кабыл алууну сунуштады. Ошондой эле эки өлкөнүн жаштар уюмдарынын, маданий мекемелеринин жана чыгармачыл жамааттарынын ортосундагы өз ара алмашууну жандандыруу зарылдыгы белгиленди.Курск облусунун миңге чукул тургунунун дайын-дареги белгисиз бойдон калууда. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине маек курган Россиянын адам укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова билдирди. "Жасалган иштердин алкагында Сумдан 100дөн ашуун киши кайтты. Дайынсыз болуп жаткандардын тизмесинде 2000 киши бар болчу, бүгүн 1000дей адамдын тагдыры белгисиз", — деди өкүл. Москалькова табылбай жаткан адамдардын тизмеси Украинанын Жогорку Радасынын адам укугу боюнча өкүлү Дмитрий Лубинца менен Эл аралык кызыл чырым комитетине жөнөтүлгөнүн белгилеп, изделип жаткандар аман-эсен экенине үмүт артты. Эскерте кетсек, былтыр 6-августта украин согушкерлери Курск облусуна кирип келишкен. Кол салуу токтотулган. Ма
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/0c/1095268543_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f52b3c7837555f4983736d824776b6b5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
2025-2026-жылга карата окуучулардын каникулдарынын графиги бекитилди. Бул тууралуу Агартуу министрлиги бекиткен базистик окуу планында айтылган. Каникулдардын графиги: күзгү — 5-ноябрдан 9-ноябрга чейин; кышкы — 31-декабрдан 11-январга чейин; жазгы — 6-марттан 8-мартка жана 1-майдан 10-майга чейин. 12 жылдыктын биринчи класстары үчүн каникулдар эки жумага, 24-декабрдан 18-январга чейин узартылат. Экинчи класстын окуучуларына үчүнчү чейректе бир жума кошумча эс алуу каралган. Сабактардын узактыгы 1-класста — 35 мүнөт, 10-15 мүнөттүк музыкалык тыныгуу менен болот. 2-класста 40 мүнөт, калган класстарда — 45 мүнөттөн созулат. Ошондой эле сабактар 8:00дөн эрте башталбай турганы белгиленген.
Салык кызматы салык төлөөчүлөргө бир катар салыктарды төлөө мөөнөтү жакындаганын эскертет. Ведомствонун маалыматына ылайык, 1-сентябрга чейин төмөнкү салыктарды төлөө керек: турак үйлөргө, батирлерге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган), үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык. Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө айып каралган. Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.