00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Акча катып, элди издеткен блогер кайрадан кармалдыТрамп Украинага жүз миллиондогон долларлык жардам бериши мүмкүн экени айтылды2025-2026-жылга карата окуучулардын каникулдарынын графиги бекитилдиАлдыда кенениээрк2025-2026-жылга карата окуучулардын каникулдарынын графиги бекитилди. Бул тууралуу Агартуу министрлиги бекиткен базистик окуу планында айтылган. Каникулдардын графиги: күзгү — 5-ноябрдан 9-ноябрга чейин; кышкы — 31-декабрдан 11-январга чейин; жазгы — 6-марттан 8-мартка жана 1-майдан 10-майга чейин. 12 жылдыктын биринчи класстары үчүн каникулдар эки жумага, 24-декабрдан 18-январга чейин узартылат. Экинчи класстын окуучуларына үчүнчү чейректе бир жума кошумча эс алуу каралган. Сабактардын узактыгы 1-класста — 35 мүнөт, 10-15 мүнөттүк музыкалык тыныгуу менен болот. 2-класста 40 мүнөт, калган класстарда — 45 мүнөттөн созулат. Ошондой эле сабактар 8:00дөн эрте башталбай турганы белгиленген. Буга чейин тыгын менен күрөшүүнүн алкагында Бишкектин мектептеринде окуу 7:30да башталып келген.
Ала-Тоо аянтындагы Айкөл Манас эстелиги реконструкцияланууда. Мэриядан билдиришкендей, Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Айкөл Манас эстелигинин постаментинин дубал мраморун орнотуу, жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Курулуш-монтаждоо иштери аяктоо баскычына жетти. Долбоорго ылайык, постаменттин бийиктиги 22,7 метрди, туурасы 6,2 метрди түзөт. Айкелдин бийиктиги — 10,3 метр. Постаменттин конструктивдик бөлүгү монолиттүү темир бетон менен тургузулган. Буга жалпы 1 070 куб метр бетон куюлган. Курулуш иштерин подряддык уюм “Эталон Вин Спец Строй” ЖЧКсы аткарууда. Маалыматта “Бишкекжарык” жана “Бишкекбашкыархитектура” ишканаларына постаменттин жарыктандыруусун карап чыгуусу тапшырылганы кабарланат.
Акча жана баалуу буюмдарды катып, элди издеткен блогер кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден кабарлашты. Маалыматка ылайык, 7-июлда соцтармактарда көптөр “казына” издеп жүргөн видео тараган. Бул боюнча 32 жаштагы аккаунттун ээси милицияга жеткирилип, ал мындай аракеттер экинчи кайталанбай турганын убадалады.Ушул эле блогер декабрь айында дагы милиция тарабынан кармалып, мындай акцияларды уюштурбоого сөз берген болчу. Бишкек ШИИБ мындай оюндар жаштарга терс таасирин тийгизип, пикир келишпестик, жаңжал жаратышы мүмкүн экенин эскертти.
АКШнын президенти Дональд Трамп Украинага жүз миллион долларлык аскердик жардам бериши мүмкүн. Бул тууралуу Politico басылмасына шилтеме кылып РИА Новости жазды. Маалыматка ылайык, жардам АКШ Конгресси тарабынан Жо Байден маалында бекитилген фонддон каржыланмакчы. Ал фонд Пентагондун өз кампаларынан Украинага курал-жарак берүү мүмкүнчүлүгүн карайт. Азыркы тапта фонддо 3,8 миллиард доллар каражат калган. Politico билдиргендей, чечим Трамптын администрациясында Украинага колдоо көрсөтүү боюнча карама-каршылыктар бар экенин көрсөтөт. 4-июлда NBC телеканалы Украинага жардамды убактылуу токтотуу чечимин Пентагондун башчысы Пит Хегсет кабыл алганын кабарлаган. Ал эмии CNN басылмасы бул чечим тууралуу Трампка алдын ала маалымат берилбегенин белгилесе, Ассошиэйтед Пресс окуя Трамп үчүн күтүүсүз болгонун жазган. Трамп кийинчерээк ким токтотконун билбей турганын айткан. Ал эми Россия Украинага курал жеткирүү тынчтыкка жетүүгө тоскоолдук кылып, НАТО өлкөлөрүн түздөн-түз кагылышууга тартат деп эсептейт
Жаңылыктар түрмөгү
0