https://sputnik.kg/20250712/1095261167.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
ЖОЖдорго кабыл алуунун быйылкы босого баллы бекитилдиМоскванын мэри мигранттар үчүн киргизилип жаткан текшерүү ыкмаларын айтып бердиЭми Кыргызстанда кадимкидей... 12.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-12T11:00+0600
2025-07-12T11:00+0600
2025-07-12T11:20+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/07/0c/1095261035_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_54d8c7465b8a7e70c50d6f27a713b8a2.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
ЖОЖдорго кабыл алуунун быйылкы босого баллы бекитилдиМоскванын мэри мигранттар үчүн киргизилип жаткан текшерүү ыкмаларын айтып бердиЭми Кыргызстанда кадимкидей окуп, табып кесибин өздөштүрсө болотМинистрлер кабинети табыпчылыкты мыйзамдаштырган, ал жаатта адистерди даярдаган тартипти кабыл алды. Жаңы документке ылайык, табыпчылыкты изилдөө, өнүктүрүү жана саламаттык сактоо системасына интеграциялоо мерчемделүүдө. Элдик медицинаны үйрөнөм дегендер Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашылган программанын негизинде акча төлөп билим алса болот. Сырттан окуу бөлүмү жок. Сентябрда Саламаттык сактоо министрлиги тиешелүү долбоорун сунуштаган. Анда табыпчылык (салттуу медицина) байыртадан муундан-муунга оозеки же жазуу түрүндө берилип, илимий, логикалык негиздегенге мүмкүн болбогон медициналык көндүмдөрдүн жыйындысы экени айтылган.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги 2025/26-окуу жылына Кыргызстандын ЖОЖдоруна кабыл алуунун босого баллдарын бекитти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аталган мекемеден билдиришти. Ведомствонун маалыматы боюнча, босого көрсөткүчү негизинен мурунку жылдардагыдай деңгээлде сакталды: Негизги тест — 110 балл; Предметтик тесттер — 60 балл. Бирок кээ бир аймактар жана адистиктер үчүн негизги тесттин босого баллы башкача: педагогикалык билим берүүнүн багыттары/адистиктери үчүн — гранттык орундар үчүн 130 балл жана контракттык бөлүмдөр үчүн 115 балл; саламаттыкты сактоо тармагындагы багыттар/адистиктер үчүн — гранттык орундар үчүн 120 балл жана контракттык бөлүмдөр үчүн 110 балл; айыл чарба жана айыл чарба илимдеринин багыттары/адистиктери үчүн — гранттык орундар үчүн да, контракттык бөлүмдөр үчүн да 100 балл. Төмөнкү багыттар боюнча предметтик тесттердин босогосу бирдей — 60 балл.
Ысык-Көлдө "Тамчы" инвестициялык аймагы түзүлөт. Президент мыйзамга кол койду. Документ өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө дем берүү, инвестиция тартуу жана жалпы инвестициялык климатты жакшыртуу максатында иштелип чыккан. "Тамчы" атайын аймагында иш алып барган инвесторлор үчүн өзгөчө укуктук шарттар түзүлүп, ал инвестиция тартуу боюнча эл аралык деңгээлдеги аянтча болот.
Москванын мэри Сергей Собянин "Россия сегодня" медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев менен маектешип жатып, буга чейин киргизилген мигранттарды текшерүүнүн жаңы эрежелери тууралуу айтып берди. Анын айтымында, заманбап технологиялар миграция агымын толук көзөмөлдөө үчүн киргизилип жатат. Собянин калаа аэропортторуна киргенде же чек арадан өткөндө мигранттар сүрөткө түшүп, манжа издерин тапшыра турганын белгиледи. "Мигранттар Москвага келгенден кийин милдеттүү түрдө Миграциялык борборго барышы керек. Ал жерден геномун тапшырат. Бул ыкмалар кылмыш жасалса же эреже бузулса издөө иштерин кыйла жеңилдетет. Мындан тышкары, биз маалыматтык технологиялардын жардамы менен мигранттардын кирген-чыкканын, катталган-катталбаганын талдай алабыз", — деди Собянин. Мэр ошондой эле мигранттардын шаар ичиндеги кыймылын көзөмөлдөө үчүн жаңы каттоо системасы киргизилип жатканын белгиледи. Ал мигранттын өзүнүн телефону аркылуу ишке ашырылат.
ЖОЖдорго кабыл алуунун быйылкы босого баллы бекитилдиМоскванын мэри мигранттар үчүн киргизилип жаткан текшерүү ыкмаларын айтып бердиЭми Кыргызстанда кадимкидей окуп, табып кесибин өздөштүрсө болотМинистрлер кабинети табыпчылыкты мыйзамдаштырган, ал жаатта адистерди даярдаган тартипти кабыл алды. Жаңы документке ылайык, табыпчылыкты изилдөө, өнүктүрүү жана саламаттык сактоо системасына интеграциялоо мерчемделүүдө. Элдик медицинаны үйрөнөм дегендер Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашылган программанын негизинде акча төлөп билим алса болот. Сырттан окуу бөлүмү жок. Сентябрда Саламаттык сактоо министрлиги тиешелүү долбоорун сунуштаган. Анда табыпчылык (салттуу медицина) байыртадан муундан-муунга оозеки же жазуу түрүндө берилип, илимий, логикалык негиздегенге мүмкүн болбогон медициналык көндүмдөрдүн жыйындысы экени айтылган.Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги 2025/26-окуу жылына Кыргызстандын ЖОЖдоруна кабыл алуунун босого баллдарын бекитти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аталган мекемеден билдиришти. Ведомствонун маалыматы боюнча, босого көрсөткүчү негизинен мурунку жылдардагыдай деңгээлде сакталды: Негизги тест — 110 балл; Предметтик тесттер — 60 балл. Бирок кээ бир аймактар жана адистиктер үчүн негизги тесттин босого баллы башкача: педагогикалык билим берүүнүн багыттары/адистиктери үчүн — гранттык орундар үчүн 130 балл жана контракттык бөлүмдөр үчүн 115 балл; саламаттыкты сактоо тармагындагы багыттар/адистиктер үчүн — гранттык орундар үчүн 120 балл жана контракттык бөлүмдөр үчүн 110 балл; айыл чарба жана айыл чарба илимдеринин багыттары/адистиктери үчүн — гранттык орундар үчүн да, контракттык бөлүмдөр үчүн да 100 балл. Төмөнкү багыттар боюнча предметтик тесттердин босогосу бирдей — 60 балл.Ысык-Көлдө "Тамчы" инвестициялык аймагы түзүлөт. Президент мыйзамга кол койду. Документ өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө дем берүү, инвестиция тартуу жана жалпы инвестициялык климатты жакшыртуу максатында иштелип чыккан. "Тамчы" атайын аймагында иш алып барган инвесторлор үчүн өзгөчө укуктук шарттар түзүлүп, ал инвестиция тартуу боюнча эл аралык деңгээлдеги аянтча болот.Москванын мэри Сергей Собянин "Россия сегодня" медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев менен маектешип жатып, буга чейин киргизилген мигранттарды текшерүүнүн жаңы эрежелери тууралуу айтып берди. Анын айтымында, заманбап технологиялар миграция агымын толук көзөмөлдөө үчүн киргизилип жатат. Собянин калаа аэропортторуна киргенде же чек арадан өткөндө мигранттар сүрөткө түшүп, манжа издерин тапшыра турганын белгиледи. "Мигранттар Москвага келгенден кийин милдеттүү түрдө Миграциялык борборго барышы керек. Ал жерден геномун тапшырат. Бул ыкмалар кылмыш жасалса же эреже бузулса издөө иштерин кыйла жеңилдетет. Мындан тышкары, биз маалыматтык технологиялардын жардамы менен мигранттардын кирген-чыкканын, катталган-катталбаганын талдай алабыз", — деди Собянин. Мэр ошондой эле мигранттардын шаар ичиндеги кыймылын көзөмөлдөө үчүн жаңы каттоо системасы киргизилип жатканын белгиледи. Ал мигранттын өзүнүн телефону аркылуу ишке ашырылат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/0c/1095261035_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_aaafaf1acdad23d87182338b10f79e84.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио