00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Будь в курсе
Сколько будет стоить патент для торговцев в КР ? ГНС о разработанных ставках
08:04
48 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Бишкекте медициналык шаарча курулат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди. Министрдин айтымында, жакынкы эки жарым жылдын ичинде өлкөдө жаңы ооруканаларды, анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларындагы облустук борборлорду, облустук онкологиялык борборлорду куруу пландалууда. “Ошондой эле Бишкек шаарында 3500-4000 орундуу медициналык шаарча куруу пландалууда. Ал заманбап көп тармактуу комплекс болот”, - деди министр.
Нарын шаарында, анын ичинде борбордук Ленин көчөсүндө ири жол иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, узундугу 9 чакырымдан ашык жолдун эски асфальты демонтаждалып, бордюрлар орнотулуп, суу түтүктөрү төшөлүп, жаңы жол жабуусуна негиз даярдалууда. Узундугу 2,3 чакырымды түзгөн Шералиев көчөсүнө асфальттын алгачкы алты сантиметрлик катмары төшөлдү. Ошондой эле Нарын шаарынын 39 ички көчөсүн камтыган дагы 13 чакырым жолду оңдоо пландалып жатканы айтылды. Учурда 4,5 чакырым жолдун негизин даярдоо иштери аяктады.
Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги мамлекеттик кызматтын бош административдик орундарын ээлөөгө сынак жарыялады. Агенттиктен билдиришкендей, жалпы бош орундардын саны 26 бирдикти түзөт. Сынак “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга жана сынакты өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык өткөрүлөт. Катышуучунун авиациялык же башка жогорку билими, иш тажрыйбасы жана тиешелүү чөйрөдөгү мыйзамдарды билүүсү керек, англис тилин өздөштүрө алуусуна артыкчылык берилет.
Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүү 2025-жылдын биринчи кварталында 43,5 пайызга өстү. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, өткөн жылы эки тараптуу соода жүгүртүү 350 миллион 900миң долларды түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 8,4 пайызга өскөн. Казакстандын айыл чарба министринин орун басары Баглан Бекбауов маалымдагандай, ушул мезгилдин башынан бери товар жүгүртүү 99 миллион,900 миң долларды түздү. Казакстандан экспорт 80 миллион 100 миң долларды импорт — 19 миллион 800 миң долларды түзгөн. Тараптар ошондой эле 2024-2025-жылдарга айыл чарба продукциясын өз ара жеткирүүлөрдү көбөйтүү боюнча жол картасын ишке ашырууну жана айыл чарба тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун башка актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Япониянын Токара аралында бир жумада дээрлик 900 жер титирөө катталды. Бул тууралуу Казинформ Япониянын метеорологиялык агенттигинин маалыматына таянуу менен жазды. Маалыматка караганда, күчү 5,5 баллга жеткен эң күчтүү жер титирөө 2-июлда күндүз катталган. Олуттуу кыйроолор тууралуу маалымат жок, бирок тургундарга катуу жер титирөөлөр болушу мүмкүн экендиги эскертилип, эвакуацияга даярдануу сунушталды. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, бир суткадагы эң көп жер титирөө – 183 – 23-июнда болгон. Андан кийин активдүүлүк төмөндөп, бирок айдын аягында кайра жогорулаган. 29-июнда 98, 30-июнда 62 жер титирөө катталган. Аталган аймакта жалпысынан 700дөй адам жашайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0