https://sputnik.kg/20250522/evropa-rossiyaga-karshy-dolboorlordu-ishke-ashyruunun-kyjyr-zholdorun-izdep-zhatat--1094157712.html
Европа Россияга каршы долбоорлорду ишке ашыруунун башка жолдорун издеп жатат
Европа Россияга каршы долбоорлорду ишке ашыруунун башка жолдорун издеп жатат
Sputnik Кыргызстан
Европа эми атаандаш болуудан калды, санкциялар Батыштын өнүккөн технологияларын Россиядан арзан келген энергия менен айкалыштырган моделди кыйратты. Бул ... 22.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-22T20:01+0600
2025-05-22T20:01+0600
2025-05-22T20:01+0600
колумнистика
колумнисттер
дүйнөдө
венгрия
россия
орто азия
түрк мамлекеттер уюму
виктор орбан
геосаясат
https://sputnik.kg/img/07e9/05/16/1094155575_0:90:3225:1904_1920x0_80_0_0_04080967d121e7dc61da33f03e4f3d28.jpg
Орбан болгон чындыкты моюндап, "Европа, анын ичинде Венгрия, компассыз бороондуу дүйнөдө баратканын" айтып, ошол эле учурда өз өлкөсүнүн тандап алар жолу бар экенин белгиледи. "Эгер биз Евробиримдикке үмүт артсак, анда азыркыдай өнүгө алмак эмеспиз. Украинадагы согуштун фонунда Венгриянын Түрк мамлекеттер уюму менен болгон мамилеси абдан маанилүү" деди премьер. Кечээ Будапештте Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммити өттү, уюмдун лидерлери алгач ирет Европада чогулушту. Венгрия бул уюмда байкоочу болгону менен барган сайын Чыгышка көбүрөөк көңүл бурганы байкалат. Бул жөн гана Россияга болгон мамиле эмес, Москваны Орбан Евробиримдиктеги көпчүлүк мамлекеттердин басымына карабастан коргоп келет, бул — жалпы түрк дүйнөсүнө ыктоо. Түркия түрк элдеринин мамлекеттерин жакындатуу саясатын көптөн бери жүргүзүп келет, уюмда мурунку советтик республикалар: Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстан бар. Ал эми нейтралдуу Түркмөнстан байкоочу макамында. Венгрия үчүн ТМУ менен байланыш — негизги багыттардын бири, Орбан уюмдун кадыры ушунча артат деп күтпөгөнүн да белгиледи. Орбан башында турган Венгрия Евробиримдиктеги уникалдуу ордун сактап калууга аракет кылып келет, өлкө уюмдун толук мүчөсү болгону менен баалуулуктардан тартып геосаясатка чейинки көп маселеде өз алдынчалуу. Трамп менен тыгыз байланыш, Россияга болгон өзгөчө мамиле, Кытай менен достук алака — мунун баары Будапештке тең салмактуулукту сактап, азыркы Евробиримдикте сейрек кездешкен эгемендүүлүктү камсыз кылууга жардам берет. Венгрлер өздөрүн гунн ата-бабалары аркылуу түрктөргө тууган деп эсептегендиктен өлкөнүн Евразияга да тиешеси бар. Демек, Түрк мамлекеттер уюмун жана Эрдоганды мактаган Орбанды түшүнсө болот, анын ой-тилеги ишке ашууда. Анткен менен Венргия саясатынын Евразия боюнча багытынын түздөн-түз Россияга тиешелүү башка өңүтү да бар. Анткени ТМУ — бул жөн гана түрк мамлекеттеринин маданий жана экономикалык долбоору эмес, Түркия тилден тарта аскердик кызматташуу камтылган интеграциялык модель куруп жатат. Түркиянын Кавказ менен Орто Азиядагы аракет-дымагы күч, мындай жумшак экспансиядан Россиянын, Кытай жана Ирандын саал кооптонуп турганы да түшүнүктүү. Бирок Түркия жөн гана жалпы Азия аймагында ойногон орток атаандаш катары кабыл алынса, Евробиримдик, Британия жана АКШны Москва, Пекин жана Тегеран башкача кабыл алат, атаандаш да эмес, каршылаш деп санайт. Буга ТМУнун кандай тиешеси бар? Ушу тапта Евробиримдик да Борбордук Азияга жакындоодо, буга биринчи ирет өткөн ЕБ — Борбор Азия саммити далил. Европалыктар Борбор Азия республикаларынын Россиядан оолакташына кызыкдар экенин ачык эле айта башташты. Евробиримдиктин антироссиялык аракеттери сая кетип жатса да, регионго болгон кызыкчылыктын өзү кокустук эмес. ЕБ бул өлкөлөргө кен байлыктарды казууга акча бөлүп, аны андан кийин сатып алууну да убадалап жатат. Ал тургай Россиядан кыйгап, Кытайдан Европага чыккан транспорттук-соода коридорун өнүктүрүүгө инвестиция саларын айтууда. Европа өзү азыр анын Кытай менен байланышын жок кылууга аракеттенген АКШнын кысымы алдында экени анча маанилүү эместей: Борбор Азия боюнча ЕБ Кытайга эле басым жасабастан, Россияга каршы да ойноп жатат. Анткен менен Борбор Азияга Еропанын түз кириши кыйын, региондогу мамлекеттер Россия менен ЕБдин мамилесинен кабардар, Москва менен ортодогу байланышты көз жаздымда калтыруу мүмкүн эмес. Мына ушул жерде ТМУ Евробиримдик үчүн ыңгайлуу каражат болуп чыга келди: Европа түрк биримдиги аркылуу региондогу таасирин арттырмакчы болуп жатат. Ооба, Венгрия өз алдынчалуу мамлекет, ошентсе да Евробиримдиктин мүчөсү, анын эреже-шартын сактоого аргасыз болгондуктан, канткен күндө да европалык өнөктөштөрүнүн кызыкчылыгы менен эсептешүүгө мажбур. Демек, Будпешттин Борбордук Азияга ыктаганын Брюссель да пайдалана алат. Евробиримдик, Британия жана АКШ менен болуп жаткан саясий оюндарынын алкагында Эрдоган да ТМУну өзүнүн геосаясий салмагын көрсөтүү үчүн колдонушу мүмкүн. Россия Борбор Азиянын тышкы саясатындагы көп векторлуу саясатын тизгиндебейт, бирок ортодогу бекем, терең алака эки тарап үчүн тең ушунчалык маанилүү болгондуктан Россия геосаясий каршылаштарынын аталган региондогу антироссиялык аракеттерин жөн эле карап отура бере албайт.
https://sputnik.kg/20250320/orban-evropanyn-zhakynda-chachyray-turgany-boyuncha-bildiruu-zhasady-1092754837.html
венгрия
орто азия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Петр Акопов
https://sputnik.kg/img/07e4/08/1e/1049471777_45:64:175:194_100x100_80_0_0_94e8d2aaa3b1e10cc9490e9eade1fb1d.jpg
Петр Акопов
https://sputnik.kg/img/07e4/08/1e/1049471777_45:64:175:194_100x100_80_0_0_94e8d2aaa3b1e10cc9490e9eade1fb1d.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/16/1094155575_494:0:3225:2048_1920x0_80_0_0_b089fccef869ce619e0e9d7131a5c68d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Петр Акопов
https://sputnik.kg/img/07e4/08/1e/1049471777_45:64:175:194_100x100_80_0_0_94e8d2aaa3b1e10cc9490e9eade1fb1d.jpg
колумнистика, колумнисттер, дүйнөдө, венгрия, россия, орто азия, түрк мамлекеттер уюму, виктор орбан, геосаясат
колумнистика, колумнисттер, дүйнөдө, венгрия, россия, орто азия, түрк мамлекеттер уюму, виктор орбан, геосаясат
Европа Россияга каршы долбоорлорду ишке ашыруунун башка жолдорун издеп жатат
Европа эми атаандаш болуудан калды, санкциялар Батыштын өнүккөн технологияларын Россиядан арзан келген энергия менен айкалыштырган моделди кыйратты. Бул — Евробиримдиктеги өлкөлөрдүн бири Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын сөзү.
Орбан болгон чындыкты моюндап, "Европа, анын ичинде Венгрия, компассыз бороондуу дүйнөдө баратканын" айтып, ошол эле учурда өз өлкөсүнүн тандап алар жолу бар экенин белгиледи. "Эгер биз Евробиримдикке үмүт артсак, анда азыркыдай өнүгө алмак эмеспиз. Украинадагы согуштун фонунда Венгриянын Түрк мамлекеттер уюму менен болгон мамилеси абдан маанилүү" деди премьер.
Кечээ Будапештте Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммити өттү, уюмдун лидерлери алгач ирет Европада чогулушту. Венгрия бул уюмда байкоочу болгону менен барган сайын Чыгышка көбүрөөк көңүл бурганы байкалат. Бул жөн гана Россияга болгон мамиле эмес, Москваны Орбан Евробиримдиктеги көпчүлүк мамлекеттердин басымына карабастан коргоп келет, бул — жалпы түрк дүйнөсүнө ыктоо. Түркия түрк элдеринин мамлекеттерин жакындатуу саясатын көптөн бери жүргүзүп келет, уюмда мурунку советтик республикалар: Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстан бар. Ал эми нейтралдуу Түркмөнстан байкоочу макамында. Венгрия үчүн ТМУ менен байланыш — негизги багыттардын бири, Орбан уюмдун кадыры ушунча артат деп күтпөгөнүн да белгиледи.
Орбан башында турган Венгрия Евробиримдиктеги уникалдуу ордун сактап калууга аракет кылып келет, өлкө уюмдун толук мүчөсү болгону менен баалуулуктардан тартып геосаясатка чейинки көп маселеде өз алдынчалуу. Трамп менен тыгыз байланыш, Россияга болгон өзгөчө мамиле, Кытай менен достук алака — мунун баары Будапештке тең салмактуулукту сактап, азыркы Евробиримдикте сейрек кездешкен эгемендүүлүктү камсыз кылууга жардам берет. Венгрлер өздөрүн гунн ата-бабалары аркылуу түрктөргө тууган деп эсептегендиктен өлкөнүн Евразияга да тиешеси бар.
Демек, Түрк мамлекеттер уюмун жана Эрдоганды мактаган Орбанды түшүнсө болот, анын ой-тилеги ишке ашууда. Анткен менен Венргия саясатынын Евразия боюнча багытынын түздөн-түз Россияга тиешелүү башка өңүтү да бар. Анткени ТМУ — бул жөн гана түрк мамлекеттеринин маданий жана экономикалык долбоору эмес, Түркия тилден тарта аскердик кызматташуу камтылган интеграциялык модель куруп жатат. Түркиянын Кавказ менен Орто Азиядагы аракет-дымагы күч, мындай жумшак экспансиядан Россиянын, Кытай жана Ирандын саал кооптонуп турганы да түшүнүктүү. Бирок Түркия жөн гана жалпы Азия аймагында ойногон орток атаандаш катары кабыл алынса, Евробиримдик, Британия жана АКШны Москва, Пекин жана Тегеран башкача кабыл алат, атаандаш да эмес, каршылаш деп санайт. Буга ТМУнун кандай тиешеси бар?
Ушу тапта Евробиримдик да Борбордук Азияга жакындоодо, буга биринчи ирет өткөн ЕБ — Борбор Азия саммити далил. Европалыктар Борбор Азия республикаларынын Россиядан оолакташына кызыкдар экенин ачык эле айта башташты. Евробиримдиктин антироссиялык аракеттери сая кетип жатса да, регионго болгон кызыкчылыктын өзү кокустук эмес. ЕБ бул өлкөлөргө кен байлыктарды казууга акча бөлүп, аны андан кийин сатып алууну да убадалап жатат. Ал тургай Россиядан кыйгап, Кытайдан Европага чыккан транспорттук-соода коридорун өнүктүрүүгө инвестиция саларын айтууда. Европа өзү азыр анын Кытай менен байланышын жок кылууга аракеттенген АКШнын кысымы алдында экени анча маанилүү эместей: Борбор Азия боюнча ЕБ Кытайга эле басым жасабастан, Россияга каршы да ойноп жатат.
Анткен менен Борбор Азияга Еропанын түз кириши кыйын, региондогу мамлекеттер Россия менен ЕБдин мамилесинен кабардар, Москва менен ортодогу байланышты көз жаздымда калтыруу мүмкүн эмес. Мына ушул жерде ТМУ Евробиримдик үчүн ыңгайлуу каражат болуп чыга келди: Европа түрк биримдиги аркылуу региондогу таасирин арттырмакчы болуп жатат. Ооба, Венгрия өз алдынчалуу мамлекет, ошентсе да Евробиримдиктин мүчөсү, анын эреже-шартын сактоого аргасыз болгондуктан, канткен күндө да европалык өнөктөштөрүнүн кызыкчылыгы менен эсептешүүгө мажбур. Демек, Будпешттин Борбордук Азияга ыктаганын Брюссель да пайдалана алат. Евробиримдик, Британия жана АКШ менен болуп жаткан саясий оюндарынын алкагында Эрдоган да ТМУну өзүнүн геосаясий салмагын көрсөтүү үчүн колдонушу мүмкүн.
Россия Борбор Азиянын тышкы саясатындагы көп векторлуу саясатын тизгиндебейт, бирок ортодогу бекем, терең алака эки тарап үчүн тең ушунчалык маанилүү болгондуктан Россия геосаясий каршылаштарынын аталган региондогу антироссиялык аракеттерин жөн эле карап отура бере албайт.