https://sputnik.kg/20250701/1095025868.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын жарандарына ОСАГО полисин алуу үчүн үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин убакыт берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюму... 01.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-01T11:00+0600
2025-07-01T11:00+0600
2025-07-01T11:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/07/01/1095025736_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_bb88528d2e6bb298b47f5b7b292bdf3a.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын жарандарына ОСАГО полисин алуу үчүн үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин убакыт берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюму билдирди.Эскерте кетсек, ОСАГО полисин милдеттүү түрдө алуу жөнүндө мыйзам ушул жылдын 1-июлунда күчүнө кирип, алып жетишпей калган айдоочуларга 3 000 сом өлчөмүндө айып салына баштамак.Маалыматта кечээ Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков менен Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасы Элдияр Калдарбеков жолугуп, аталган маселени талкуулашкан. Жетекчилер ОСАГО боюнча айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын белгилешкени айтылат.Натыйжада айрым себептерден улам полис алып үлгүрбөй калгандарга түшүнүү менен мамиле жасап, аны алуу мөөнөтүн 1-сентябрга чейин жылдыруу чечими кабыл алынган. Башкача айтканда, азырынча полиси жок айдоочуларга айып пул салынбайт.Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жакынкы аралыкта "Түндүк" тиркемеси же мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун филиалдары аркылуу, ошондой эле мобилдик тиркемелер аркылуу ОСАГО полисин онлайн алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин эскертти. Бир жылдык камсыздандыруу 1680 сом турат.
Түндө саат 03.00дөр чамасында Ысык-Ата районунда жайгашкан Такыр-Төр көлүнүн суусу көбөйүп, Алмалуу жана Кебек бий айылдарынын тургундары эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматта суу жолду каптап, автоунаалар үчүн жабылганы айтылат.ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу Ысык-Ата райондук эвакуация комиссиясы менен биргеликте Алмалуу айлынан 500 адам, Кебек бий айылынан 240, карылар үйүнөн 42 адамды эвакуациялашкан, Буга ӨКМден 21, ИИМден 80 кызматкер, 15 ыкчам унаа, 8 тез жардам унаасы, 7 кичи автобус жана жеңил машиналар тартылган.ӨКМ учурда суунун көлөмү болжол менен 8-10 метр кубду түзөрүн айтты. Соңку маалымат боюнча, абал турукташа баштады. Эске салсак, 27-июнда Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр көлү жырылып кеткен. Суу ташкыны Алмалуу жана Кебек бий айылдарынын ортосундагы бир көпүрөнү агызган. Жалпысынан 950 тургун эвакуацияланып, убактылуу жайларга жайгаштырылган. Жабыркагандар, бузулган үйлөр катталган эмес.
АКШ президенти Дональд Трамп дүйшөмбү күнү 1-июлдан тартып Сирияга каршы киргизилген санкциялык режимди жокко чыгарган жарлыкка кол коюп, мамлекеттик катчы Марко Рубиого Дамаскинин террорчулукка демөөрчү мамлекет деген макамын карап чыгууну тапшырды. Бул тууралуу Ак үйдүн билдирүүсүнө таянып РИА Новости жазды."Президент Трамп жаңы эле Сирияга карата санкциялык программаны токтоткон жарлыкка кол койду. Бул аталган өлкөнүн туруктулуукка жана тынч жашоого карай багытын колдоо үчүн жасалды. Жарлык боюнча, санкциялар мурунку өлкө башчы Башар Асадга, анын үзөңгүлөштөрүнө, химиялык курал жасоого тиешеси бар тараптарга карата колдонула бермекчи", — деп айтылат билдирүүдө.Ак үй жарыялаган маалыматта Мамлекеттик департамент Сириянын тынч жашоого умтулуусун колдоого алып, "санкцияларды жумшартуу мүмкүнчүлүгүн БУУда карап чыгышы" керектиги белгиленген.Эскерте кетсек, аталган мамлекетке санкциялар 2004-жылы киргизилген. Андан бери Сирияда согуш болуп, бийлик алмашты.
Кыргызстандын жарандарына ОСАГО полисин алуу үчүн үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин убакыт берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюму билдирди.Эскерте кетсек, ОСАГО полисин милдеттүү түрдө алуу жөнүндө мыйзам ушул жылдын 1-июлунда күчүнө кирип, алып жетишпей калган айдоочуларга 3 000 сом өлчөмүндө айып салына баштамак.Маалыматта кечээ Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков менен Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасы Элдияр Калдарбеков жолугуп, аталган маселени талкуулашкан. Жетекчилер ОСАГО боюнча айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын белгилешкени айтылат.Натыйжада айрым себептерден улам полис алып үлгүрбөй калгандарга түшүнүү менен мамиле жасап, аны алуу мөөнөтүн 1-сентябрга чейин жылдыруу чечими кабыл алынган. Башкача айтканда, азырынча полиси жок айдоочуларга айып пул салынбайт.Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жакынкы аралыкта "Түндүк" тиркемеси же мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун филиалдары аркылуу, ошондой эле мобилдик тиркемелер аркылуу ОСАГО полисин онлайн алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин эскертти. Бир жылдык камсыздандыруу 1680 сом турат.Түндө саат 03.00дөр чамасында Ысык-Ата районунда жайгашкан Такыр-Төр көлүнүн суусу көбөйүп, Алмалуу жана Кебек бий айылдарынын тургундары эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматта суу жолду каптап, автоунаалар үчүн жабылганы айтылат.ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу Ысык-Ата райондук эвакуация комиссиясы менен биргеликте Алмалуу айлынан 500 адам, Кебек бий айылынан 240, карылар үйүнөн 42 адамды эвакуациялашкан, Буга ӨКМден 21, ИИМден 80 кызматкер, 15 ыкчам унаа, 8 тез жардам унаасы, 7 кичи автобус жана жеңил машиналар тартылган.ӨКМ учурда суунун көлөмү болжол менен 8-10 метр кубду түзөрүн айтты. Соңку маалымат боюнча, абал турукташа баштады. Эске салсак, 27-июнда Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр көлү жырылып кеткен. Суу ташкыны Алмалуу жана Кебек бий айылдарынын ортосундагы бир көпүрөнү агызган. Жалпысынан 950 тургун эвакуацияланып, убактылуу жайларга жайгаштырылган. Жабыркагандар, бузулган үйлөр катталган эмес.АКШ президенти Дональд Трамп дүйшөмбү күнү 1-июлдан тартып Сирияга каршы киргизилген санкциялык режимди жокко чыгарган жарлыкка кол коюп, мамлекеттик катчы Марко Рубиого Дамаскинин террорчулукка демөөрчү мамлекет деген макамын карап чыгууну тапшырды. Бул тууралуу Ак үйдүн билдирүүсүнө таянып РИА Новости жазды."Президент Трамп жаңы эле Сирияга карата санкциялык программаны токтоткон жарлыкка кол койду. Бул аталган өлкөнүн туруктулуукка жана тынч жашоого карай багытын колдоо үчүн жасалды. Жарлык боюнча, санкциялар мурунку өлкө башчы Башар Асадга, анын үзөңгүлөштөрүнө, химиялык курал жасоого тиешеси бар тараптарга карата колдонула бермекчи", — деп айтылат билдирүүдө.Ак үй жарыялаган маалыматта Мамлекеттик департамент Сириянын тынч жашоого умтулуусун колдоого алып, "санкцияларды жумшартуу мүмкүнчүлүгүн БУУда карап чыгышы" керектиги белгиленген.Эскерте кетсек, аталган мамлекетке санкциялар 2004-жылы киргизилген. Андан бери Сирияда согуш болуп, бийлик алмашты.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/01/1095025736_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_b49e1cbc09df36ac2dcbe1e3282624bc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио