https://sputnik.kg/20250701/1095021245.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
"Түндүк" тиркемесинде ОСАГО полисин онлайн каттоого болот. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы... 01.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-01T08:59+0600
2025-07-01T08:59+0600
2025-07-01T09:40+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/07/01/1095021113_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0e8d9d73200923a86c8b2f3313bfe823.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
"Түндүк" тиркемесинде ОСАГО полисин онлайн каттоого болот. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, санариптик камсыздандыруу — жарандар үчүн ыкчам, коопсуз жана жеткиликтүү кызмат. "Президенттин колдоосу жана тапшырмасы менен мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү багытында бир катар иштер аткарылууда. Бул иш-аракеттердин алкагында Мамлекеттик камсыздандыруу уюму президенттин Иш башкармалыгына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси менен биргеликте камсыздандыруу тармагында жаңы санариптик кызматтарды ишке киргизди. Алсак, "Түндүк" тиркемесинде ОСАГО полисин онлайн каттоо мүмкүнчүлүгү пайда болду. Анын натыйжасында жарандар үчүн эң зарыл болгон кызматтардын бири — унааларга милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) полисин онлайн каттоо мүмкүнчүлүгү түзүлдү", - деген ал каттоо процесси толугу менен автоматташтырылганын белгиледи. Анын маалыматына караганда, бул иш борбордо гана эмес, аймактарда жүргүзүлүүдө.
УКМК ишкерлерди ур-токмокко алып кыймылсыз мүлкүн ээлеп алып жүргөн деген шек менен уюшкан кылмыштуу топтун үч мүчөсүн кармаганын кабарлады. Маалыматта колго түшүрүлгөндөр буга чейин соттолуп чыкканы айтылат."Териштирүүнүн натыйжасында топтун мүчөлөрү курулуш фирмасынын жетекчилигин кыймылсыз мүлк объектилерин өз кишилерине каттоого мажбурлап, курулуш материалдарын жеткирип берүүнү убадалашканы аныкталды. Бирок кийин компаниянын мүлкүн тартып алууну көздөп, компания директорун күн алыс опузалап, кабинетинен ур-токмокко алып турушкан", — деп айтылат кабарда. Тергөөнүн жыйынтыгы менен кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорскийдин Россиянын аскердик бюджетин көбөйтүүсү кыйроого алып келет деген сөзүнө жооп кайтарды. "Ошондой эле көрөгөч болсо, анда НАТО мамлекеттеринин бюджетин көбөйтүү уюмду кыйрата турганын алдын ала сезсе керек. Ал эми Россия, кечээ жакында президент айткандай, өзүнүн аскердик чыгашасын кыскартып, акыл менен иш кылат", — деди Лавров Чолпон-Атадагы ЖККУнун ТИМ башчыларынын жыйынында. Дипломат Түндүк атлантикалык альянска мүчө мамлекеттердин, анын ичинде Сикорскийдин дооматтары суу кечпей калгандыгын кошумчалаган.
Күн мурун Судандын түндүк-чыгышындагы алтын кенинде шахта урап, кеминде 11 адам каза болуп, жети киши жарадар болду. Бул тууралуу “Синьхуа” маалымат агенттиги Судандын мамлекеттик “Минералдык ресурстары” компаниясынын маалыматына таянуу менен жазды. Маалыматка караганда, кырсык Атбара жана Хая шаарларынын ортосундагы Хувайд аймагындагы Керш аль-Фил шахтасында болгон. “Судандын мамлекеттик “Минералдык ресурстары” компаниясы тоо-кен иштерине мониторинг жүргүзүүнү жана коопсуздук стандарттарын жакшыртууну убада кылып, кенчилерди коопсуздук жана экологиялык эрежелерди сактоого чакырды”,-деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, тоо-кен казып алуу Судандын алтын өн
"Түндүк" тиркемесинде ОСАГО полисин онлайн каттоого болот. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, санариптик камсыздандыруу — жарандар үчүн ыкчам, коопсуз жана жеткиликтүү кызмат. "Президенттин колдоосу жана тапшырмасы менен мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү багытында бир катар иштер аткарылууда. Бул иш-аракеттердин алкагында Мамлекеттик камсыздандыруу уюму президенттин Иш башкармалыгына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси менен биргеликте камсыздандыруу тармагында жаңы санариптик кызматтарды ишке киргизди. Алсак, "Түндүк" тиркемесинде ОСАГО полисин онлайн каттоо мүмкүнчүлүгү пайда болду. Анын натыйжасында жарандар үчүн эң зарыл болгон кызматтардын бири — унааларга милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) полисин онлайн каттоо мүмкүнчүлүгү түзүлдү", - деген ал каттоо процесси толугу менен автоматташтырылганын белгиледи. Анын маалыматына караганда, бул иш борбордо гана эмес, аймактарда жүргүзүлүүдө.УКМК ишкерлерди ур-токмокко алып кыймылсыз мүлкүн ээлеп алып жүргөн деген шек менен уюшкан кылмыштуу топтун үч мүчөсүн кармаганын кабарлады. Маалыматта колго түшүрүлгөндөр буга чейин соттолуп чыкканы айтылат."Териштирүүнүн натыйжасында топтун мүчөлөрү курулуш фирмасынын жетекчилигин кыймылсыз мүлк объектилерин өз кишилерине каттоого мажбурлап, курулуш материалдарын жеткирип берүүнү убадалашканы аныкталды. Бирок кийин компаниянын мүлкүн тартып алууну көздөп, компания директорун күн алыс опузалап, кабинетинен ур-токмокко алып турушкан", — деп айтылат кабарда. Тергөөнүн жыйынтыгы менен кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорскийдин Россиянын аскердик бюджетин көбөйтүүсү кыйроого алып келет деген сөзүнө жооп кайтарды. "Ошондой эле көрөгөч болсо, анда НАТО мамлекеттеринин бюджетин көбөйтүү уюмду кыйрата турганын алдын ала сезсе керек. Ал эми Россия, кечээ жакында президент айткандай, өзүнүн аскердик чыгашасын кыскартып, акыл менен иш кылат", — деди Лавров Чолпон-Атадагы ЖККУнун ТИМ башчыларынын жыйынында. Дипломат Түндүк атлантикалык альянска мүчө мамлекеттердин, анын ичинде Сикорскийдин дооматтары суу кечпей калгандыгын кошумчалаган.Күн мурун Судандын түндүк-чыгышындагы алтын кенинде шахта урап, кеминде 11 адам каза болуп, жети киши жарадар болду. Бул тууралуу “Синьхуа” маалымат агенттиги Судандын мамлекеттик “Минералдык ресурстары” компаниясынын маалыматына таянуу менен жазды. Маалыматка караганда, кырсык Атбара жана Хая шаарларынын ортосундагы Хувайд аймагындагы Керш аль-Фил шахтасында болгон. “Судандын мамлекеттик “Минералдык ресурстары” компаниясы тоо-кен иштерине мониторинг жүргүзүүнү жана коопсуздук стандарттарын жакшыртууну убада кылып, кенчилерди коопсуздук жана экологиялык эрежелерди сактоого чакырды”,-деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, тоо-кен казып алуу Судандын алтын өн
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/01/1095021113_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_398e278c36d820cfd41173bb7601acb1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио