00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Будь в курсе
Сколько будет стоить патент для торговцев в КР ? ГНС о разработанных ставках
08:04
48 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
"Асман эйрлайнс" авиакомпаниясы Алматыдан Тамчыга жаңы каттам ачты. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунан кабарлашты. Маалыматка ылайык, "Асман эйрлайнс" авиакомпаниясы Алматыдан Тамчыдагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна жаңы багыт боюнча алгачкы каттамын аткарды. Каттам жай мезгилинде жумасына эки жолу дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат. Билеттин баасы 6 000 сомдон башталат. “Жаңы каттам Казакстандан келген коноктор үчүн Кыргызстандын жаратылышынын кооздугу менен таанышууга, тоонун таза абасынан дем алып, дүйнөдөгү эң чоң жана бийик тоолуу көлдөрдүн бири - кереметүү Ысык-Көлдү көрүүгө, андан ырахат алууга мүмкүнчүлүк түзөт”, - деп айтылат маалыматта.
Ош шаарында алгачкы муниципалдык социалдык жатакана ачылды. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Ош шаарында пайдаланылбай турган имаратты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, муктаждарды жайгаштыруу чечими кабыл алынган. Үч кабат жатаканада 45 бөлмө бар. Ар бир кабатта бардык шарттары менен ашкана, даараткана жана жуунучу бөлмөлөр каралган. Бул жерге жайгаштырыла турган үй-бүлөлөрдү атайын комиссия социалдык абалын карап чыгып, уруксат берет. Анын ачылышына калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңеш төрагасы Болот Баетов, жергиликтүү тургундар, мекеме-ишкана жетекчилери катышты. Ал жерде жашоочулар 6 айдан тарта 2 жылга чейин жашай алат. Бул аралыкта аларга жумуш таап берилип, андан ары өз жашоосун жолго коюп алууга көмөк көрсөтүлөт. Ошондой эле коммуналдык бардык төлөмдөрдөн бошотулат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кыргызгидромет кызматынын мыйзамсыз менчиктештирилген Ысык-Көлдөгү имараты мамлекетке кайтарылганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, имарат менен кошо Чолпон-Ата шаарынын аймагындагы аянты 800 чарчы метрлик жер тилкеси да кайтарылган. Бул объект "Б" категориясындагы стратегиялык объект болуп саналат. Жер тилкенин ээси кыймылсыз мүлккө ээлик кылуу мыйзамсыз экенин моюндап, мамлекеттин балансына кайтарымсыз негизде өткөрүп бергени кошумчаланды.
АКШ Канада менен тезинен бардык соода сүйлөшүүлөрдү токтотот. Бул тууралуу Америка президенти Дональд Трамп билдиргенин РИА Новости жазды. Трамптын айтымында, буга Оттаванын санариптик кызматтарга киргизген салыгы себеп болууда, мындай аракеттер Американын технологиялык компанияларынын кызыкчылылыгына залакасын тийгизет. "Көп жылдардан бери сүт азыктарыбызга 400 пайызга чейинки бажы алымдарын колдонуп, эми ансыз да соода жүргүзүү татаал болгон Канада биздин технологиялык компанияларга карата санариптик кызматтар үчүн салык киргизгенин жаңы эле билдик", — деп жазган Трамп. Саясатчы Оттава тарабынан жасалган бул кадамды АКШга карата "түз жана орой чабуул" деп атаган. Трамптын айтымында, Канада Евробиримдиктин аракеттерин туурап жатат, ушундай эле механизм учурда Европада дагы талкууланууда. "Мунун негизинде ушул учурдан тарта биз Канада менен бардык соода сүйлөшүүлөрүн токтотобуз. Кийинки апта аралыгында Канадага АКШ менен соода жүргүзүү үчүн төлөш керек болгон бажы алымдарынын жаңы көлөмү тууралуу билдиребиз", — деп белгилеген АКШ президенти.
Жаңылыктар түрмөгү
0