https://sputnik.kg/20250626/1094905618.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Малайзияга расмий сапарынын алкагында өлкөнүн бизнес-чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Жыйынга 50дөн ашык малайзиялык ири... 26.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-26T11:00+0600
2025-06-26T11:00+0600
2025-06-26T11:30+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/06/1a/1094905486_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c1e71766fbf2389b3ccac6f3e3b85dca.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Малайзияга расмий сапарынын алкагында өлкөнүн бизнес-чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Жыйынга 50дөн ашык малайзиялык ири компаниялардын, ошондой эле тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү катышты.Жолугушунун жыйынтыгында мындай документтерге кол коюлду: Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Адал индустриясын өнүктүрүү борбору" мамлекеттик мекемеси менен AviaDinamika компаниясынын Кыргызстанда адал эт паркын курууга инвестиция тартуу боюнча биргелешкен ишмердүүлүгү жөнүндө меморандум; Энергетика министрлиги менен CitaGlobal Berhad компаниясынын ортосундагы өз ара кызматташуу жөнүндө меморандум; Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Адал индустриясын өнүктүрүү борбору" мамлекеттик мекемеси менен PLATINUM GREENHAVEN компаниясынын ортосунда Кыргызстанда адал индустриясын өнүктүрүү боюнча биргелешкен иш-чараларды уюштуруу жана кызматташуу жөнүндө меморандум; Бишкек шаары менен Куала-Лумпур шаарынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.
1-июлдан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин айлыгы жогорулайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн брифингде ӨКМ башчысынын орун басары Урматбек Шамырканов билдирди."Президенттин жарлыгына ылайык, 1-июлдан тарта ӨКМдин офицердик курамынын айлыгы 25 пайызга жогорулайт. Ал эми октябрь айында калган кызматкерлердин жана кенже тейлөөчү персоналдын айлыгын көтөрүү пландалууда", — деди ал. Ошондой эле министрдин орун басары куткаруу бөлүмдөрүндө эле 1000ден ашуун бош орун бар экенин айтып, кадр тартыштыгы курч болуп жатканын кошумчалады.
Бишкекте курулушу бүтө элек үйлөрдүн биринен террордук топко тиешелүү делген курал-жарак, ок-дары табылды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти. Жашыруун жай "Ислам мамлекети" террордук уюмунун жана уюшкан кылмыштуу топтун 46 жаштагы ү Тоха каймана аты менен белгилүү мүчөсү тарабынан уюштурулганы белгиленди.Алынган куралдардын ичинде: үч даана жардыргыч зат; сериялык номери жок, октолбогон 9 мм калибрдеги Макаров тапанчасы беш граната; ар түрдүү калибрдеги 500дөн ашуун ок. Ошондой эле күбөлүк, маркум Камчы Асанбек, анын жан сакчысы менен бирге түшкөн түстүү сүрөт табылган. Шектүү 2015-жылы Панфилов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги атайын операция маалында "Ислам мамлекети" террордук-экстремисттик тобунун мүчөлөрүнүн курамында өлтүрүлгөнү айтылды.
Владимир Зеленский Россия менен жаңжалдашып алып, эми бийлиги урай турганын сезип жатат. Бул туурасында британиялык аскерий аналитик Александр Меркурис The Duran деп аталган түз эфирде айтканын РИА Новости жазды. "Дүрбөлөңгө түшө баштады. Украина жеңилип каларын сезип жатат", — деген эксперт. Баяндамачы Зеленскийдин башкы максаты өлкө толугу менен урап калса да бийлигин сактап калуу экендигин белгилеген. АКШнын президенти Дональд Трамп Брюсселдеги НАТО саммитинин алдында Зеленский түшпөй тургандай оор абалда калгандыгын жар салган.Саммит демекчи, бул ири иш-чаранын расмий бөлүгүнө анын катышпай тургандыгы кабарланган. Анткен менен Зеленский Брюсселге адаттан башкача кийинип келгенин да сөз кылышууда.
Президент Садыр Жапаров Малайзияга расмий сапарынын алкагында өлкөнүн бизнес-чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Жыйынга 50дөн ашык малайзиялык ири компаниялардын, ошондой эле тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү катышты.Жолугушунун жыйынтыгында мындай документтерге кол коюлду: Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Адал индустриясын өнүктүрүү борбору" мамлекеттик мекемеси менен AviaDinamika компаниясынын Кыргызстанда адал эт паркын курууга инвестиция тартуу боюнча биргелешкен ишмердүүлүгү жөнүндө меморандум; Энергетика министрлиги менен CitaGlobal Berhad компаниясынын ортосундагы өз ара кызматташуу жөнүндө меморандум; Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Адал индустриясын өнүктүрүү борбору" мамлекеттик мекемеси менен PLATINUM GREENHAVEN компаниясынын ортосунда Кыргызстанда адал индустриясын өнүктүрүү боюнча биргелешкен иш-чараларды уюштуруу жана кызматташуу жөнүндө меморандум; Бишкек шаары менен Куала-Лумпур шаарынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. 1-июлдан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин айлыгы жогорулайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн брифингде ӨКМ башчысынын орун басары Урматбек Шамырканов билдирди."Президенттин жарлыгына ылайык, 1-июлдан тарта ӨКМдин офицердик курамынын айлыгы 25 пайызга жогорулайт. Ал эми октябрь айында калган кызматкерлердин жана кенже тейлөөчү персоналдын айлыгын көтөрүү пландалууда", — деди ал. Ошондой эле министрдин орун басары куткаруу бөлүмдөрүндө эле 1000ден ашуун бош орун бар экенин айтып, кадр тартыштыгы курч болуп жатканын кошумчалады.Бишкекте курулушу бүтө элек үйлөрдүн биринен террордук топко тиешелүү делген курал-жарак, ок-дары табылды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти. Жашыруун жай "Ислам мамлекети" террордук уюмунун жана уюшкан кылмыштуу топтун 46 жаштагы ү Тоха каймана аты менен белгилүү мүчөсү тарабынан уюштурулганы белгиленди.Алынган куралдардын ичинде: үч даана жардыргыч зат; сериялык номери жок, октолбогон 9 мм калибрдеги Макаров тапанчасы беш граната; ар түрдүү калибрдеги 500дөн ашуун ок. Ошондой эле күбөлүк, маркум Камчы Асанбек, анын жан сакчысы менен бирге түшкөн түстүү сүрөт табылган. Шектүү 2015-жылы Панфилов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги атайын операция маалында "Ислам мамлекети" террордук-экстремисттик тобунун мүчөлөрүнүн курамында өлтүрүлгөнү айтылды. Владимир Зеленский Россия менен жаңжалдашып алып, эми бийлиги урай турганын сезип жатат. Бул туурасында британиялык аскерий аналитик Александр Меркурис The Duran деп аталган түз эфирде айтканын РИА Новости жазды. "Дүрбөлөңгө түшө баштады. Украина жеңилип каларын сезип жатат", — деген эксперт. Баяндамачы Зеленскийдин башкы максаты өлкө толугу менен урап калса да бийлигин сактап калуу экендигин белгилеген. АКШнын президенти Дональд Трамп Брюсселдеги НАТО саммитинин алдында Зеленский түшпөй тургандай оор абалда калгандыгын жар салган.Саммит демекчи, бул ири иш-чаранын расмий бөлүгүнө анын катышпай тургандыгы кабарланган. Анткен менен Зеленский Брюсселге адаттан башкача кийинип келгенин да сөз кылышууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/1a/1094905486_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_551da5c3331b55b720ca5bebdfd82689.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио