https://sputnik.kg/20250618/tramp-irandyn-toluk-bash-ijip-beruusun-talap-kyldy-1094726559.html
Трамп Ирандын толук багынып берүүсүн талап кылды
Трамп Ирандын толук багынып берүүсүн талап кылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын толугу менен багынып берүүсүн талап кылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 18.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-18T16:03+0600
2025-06-18T16:03+0600
2025-06-25T16:19+0600
дүйнөдө
акш
иран
израиль
сокку
багынуу
дональд трамп
https://sputnik.kg/img/07e9/06/12/1094711668_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_d35be3d8bb0e3ec36730162722814877.jpg
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын толугу менен багынып берүүсүн талап кылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Америка лидеринин айтымында, Тегеран "көз салуучу мыкты жабдууга" жана көп сандагы башка коргонуучу техникага ээ, "бирок мунун баары америкалык курал-жарактын жанында шоона эшпейт". АКШ президентинин айткандарынын урунттуу учурлары: АКШ Жакынкы Чыгышка кошумча истребителдерди жөнөтүп, ал жактагы авиациялык күчтөрдүн жүрүү мөөнөтүн узартты. Америкадан келген учактар F-16, F-22, F-35 моделдерин камтып, абадан коргонуучу каражаттын компоненти болуп саналат. РИА Новости берген маалымат боюнча, Вашингтон, мындан тышкары, америкалык аскер контингентин коргоо үчүн борбордук командачылыктын жоопкерчилигиндеги аймакка USS Nimitz кемеси башында турган абадан бомбалоочу учактардын тобун жеткирүүдө. АКШнын аскер күчтөрү "улуттук кызыкчылыкты көздөп" Жер ортолук деңиздин чыгыш тарабында операцияларын улантып жатат. Иран-Израиль кагылышуусу Эскерте кетсек, 13-июнь түнү Израилдин Коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) масштабдуу аскердик операциясын баштап, анын алкагында Куралдуу күчтөрү Ирандын өзөктүк программасынын объектилерине сокку урууда. Чабуулдар Тегеранды да камтып, Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командачысы жана илимпоздор мерт болгон. Ошондой эле Натанз, Фордо шаарларындагы өзөктүк объектилер жана башка аскердик жайлар бутага алынганы айтылды. Ал эми өзөктүк программасында согушуу максаты камтылбаганын айткан Иран ракеталык жана дрон соккулары менен жооп берүүдө. Тегеран Тель-Авивдеги аскердик жана аскер-өнөр жай объектилерин бутага алып жатат. Эки тараптан тең киши өлүп, имараттар кыйроодо. Иран менен Израиль күнүгө бири-бирине бир нече ирет сокку уруп жатат. Тель-Авив Тегерандын өзөктүк программасы жок болмоюнча чабуулун уланта турганын айтса, Иран каршы тарап бомбалоосун токтотмоюнча атыша берерин билдирди.
https://sputnik.kg/20250618/izrail-iran-karmashy-boyuncha-sonku-kabarlar-1094718759.html
акш
иран
израиль
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/12/1094711668_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_dee2c590e54bbb33cdb53f960ed12663.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, иран, израиль, сокку, багынуу, дональд трамп
дүйнөдө, акш, иран, израиль, сокку, багынуу, дональд трамп
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын толугу менен багынып берүүсүн талап кылды. Бул тууралуу
РИА Новости жазды.
Америка лидеринин айтымында, Тегеран "көз салуучу мыкты жабдууга" жана көп сандагы башка коргонуучу техникага ээ, "бирок мунун баары америкалык курал-жарактын жанында шоона эшпейт".
"Курал-жаракты Америкадай болуп эч ким мыкты жасай албайт", — деген Ак үйдүн ээси.
АКШ президентинин айткандарынын урунттуу учурлары:
Ирандын аба мейкиндиги азыр толугу менен Кошмо Штаттардын көзөмөлүндө;
Ирандын руханий лидери аятолла Али Хименеинин кайда экени белгилүү. Вашингтон аны жок кылууну көздөбөйт, "азыр эмес";
Трамп иран маселесин чечүүгө америкалык аскерлерди аралаштырууну каалабайт, бирок чыдамы түгөнүп баратат.
АКШ Жакынкы Чыгышка кошумча истребителдерди жөнөтүп, ал жактагы авиациялык күчтөрдүн жүрүү мөөнөтүн узартты. Америкадан келген учактар F-16, F-22, F-35 моделдерин камтып, абадан коргонуучу каражаттын компоненти болуп саналат. РИА Новости берген маалымат боюнча, Вашингтон, мындан тышкары, америкалык аскер контингентин коргоо үчүн борбордук командачылыктын жоопкерчилигиндеги аймакка USS Nimitz кемеси башында турган абадан бомбалоочу учактардын тобун жеткирүүдө.
АКШнын аскер күчтөрү "улуттук кызыкчылыкты көздөп" Жер ортолук деңиздин чыгыш тарабында операцияларын улантып жатат.
Эскерте кетсек, 13-июнь түнү Израилдин Коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) масштабдуу аскердик операциясын баштап, анын алкагында Куралдуу күчтөрү Ирандын өзөктүк программасынын объектилерине сокку урууда. Чабуулдар Тегеранды да камтып, Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командачысы жана илимпоздор мерт болгон. Ошондой эле Натанз, Фордо шаарларындагы өзөктүк объектилер жана башка аскердик жайлар бутага алынганы айтылды.
Ал эми өзөктүк программасында согушуу максаты камтылбаганын айткан Иран ракеталык жана дрон соккулары менен жооп берүүдө. Тегеран Тель-Авивдеги аскердик жана аскер-өнөр жай объектилерин бутага алып жатат. Эки тараптан тең киши өлүп, имараттар кыйроодо. Иран менен Израиль күнүгө бири-бирине бир нече ирет сокку уруп жатат. Тель-Авив Тегерандын өзөктүк программасы жок болмоюнча чабуулун уланта турганын айтса, Иран каршы тарап бомбалоосун токтотмоюнча атыша берерин билдирди.