00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Визиты, союзы и Совбез ООН: глава МИД КР об итогах внешней политики 2025 года
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
В 2025-м план перевыполнен — зампред РКФР о работе фонда за год
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Топуракты күзгү тоңдуруунун мааниси жана жазгы айдап себүүгө даярдык
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Израиль-Иран кармашы: чабуулдар, Киевдин изи жана чечүүчү 48 саат

© Photo / X / Israeli Air ForceИзраилдин аба күчтөрүнүн истребители
Израилдин аба күчтөрүнүн истребители - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Израилдин аба күчтөрү түндө Ирандагы уранды байытууга арналган центрифугаларды өндүрүүчү объектиге сокку урду. Бул туурасында ЦАХАЛдын маалымат кызматы билдиргенин РИА Новости кабарлады.
Мындан сырткары, жалпысынан 50дөн ашык истребитель колдонулганын, чабуул курал-жарак даярдалган жайларга да жасалганын айтышты. Ал эми түндө Иран Израилге чабуул жасагандыгы жана анын алдында диний лидер Али Хамени "согуш башталды" деп жар салганы да кабарланды.
Израиль Иранга карата пилотсуз учуучу аппараттарды колдонгон операцияда мурда Украина РФтин аэродромдоруна колдонулган ыкмаларды пайдаланды. Бул туурасында RT билдирди. Муну Тегерандын тышкы байланыштар боюнча вице-мэри Хамидреза Голамзаде аталган телеканалга айткан.

"Ошол эле сценарий. Агенттер ишке киришип, тыңчылар өлкөгө келип, аймакка дрондорду чогултуп согушка даярдайт да, аны элге каршы пайдаланышат. Бул жөн гана дал келүүчүлүк эмес, себеби америкалыктар көшөгөнүн артына туруп алып башкарууда", — деген ал.

Ал арада Ирандын жарандык авиция уюмунун өкүлү Мехди Рамезани өлкө аба мейкиндигин жабууну 18-июнда да саат 16:30га (Бишкек убактысы — ред.) чейин уланткандыгын билдирген. Ирандын Ислам революциясынын сакчыларынын армиясы Израилдин аба мейкиндигине толук көзөмөл кылып турганын айтышты.
The Jerusalem Post эгер Иран келишимден баш тартса, АКШ ага сокку урууга даяр турганын жазды. Бирок Батыш ЖМКлары президент Дональд Трамптын командасында бул маселеде эки ача пикир болуп жатканын белгилешүүдө.
АКШнын расмий адамдары кийинки 24-48 саат Жакынкы Чыгыштагы кырдаал үчүн чечүүчү мезгил болушу мүмкүндүгүн билдирген. Себеби ушул сааттарда Вашингтон Израилдин аскердик операциясына кошулуу боюнча чечим кабыл аларын ABC News телеканалы маалымдаган.
Эскерте кетсек, 13-июнь түнү Израилдин Коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) масштабдуу аскердик операциясын баштап, анын алкагында Куралдуу күчтөрү Ирандын өзөктүк программасынын объектилерине сокку урууда. Чабуулдар Тегеранды да камтып, Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командачысы жана илимпоздор мерт болгон. Ошондой эле Натанз, Фордо шаарларындагы өзөктүк объектилер жана башка аскердик жайлар бутага алынганы айтылды.
Ал эми өзөктүк программасында согушуу максаты камтылбаганын айткан Иран ракеталык жана дрон соккулары менен жооп берүүдө. Тегеран Тель-Авивдеги аскердик жана аскер-өнөр жай объектилерин бутага алып жатат. Эки тараптан тең киши өлүп, имараттар кыйроодо. Иран менен Израиль күнүгө бири-бирине бир нече ирет сокку уруп жатат. Тель-Авив Тегерандын өзөктүк программасы жок болмоюнча чабуулун уланта турганын айтса, Иран каршы тарап бомбалоосун токтотмоюнча атыша берерин билдирди.
АКШ президенти Дональд Трамп  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2025
Трамп жалпыга Тегерандан токтоосуз чыгып кетүүгө чакырык таштады
Жаңылыктар түрмөгү
0