00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстан менен Беларусия асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү боюнча кызматташат
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сариев: Кыргызстан жана кыргыз эли Россияда өзгөчө макамда болушун каалайбыз

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүСоода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев. Архив
Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Россияда Кыргызстан жана кыргыз эли өзгөчө макамда болушун каалайбыз. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында өтүп жаткан "Россия – Кыргызстан" бизнес-диалогунда билдирди.
Анын айтымында, тарыхтын оор күндөрүндө кыргыз эли менен орус эли бир болгон.
"Улуу Ата Мекендик согушта Иван Панфилов жетектеген Борбор Азия дивизиясы Москваны коргогон. Бул согуштун бурулуш учуру болгон. Ошондой эле атайын операция башталганда Кыргызстан коркпостон биринчи болуп кол сунуп, андан кийин гана башкалар кошулду. Бул Кыргызстанды эң ишенимдүү өнөктөш экенин билдирет", — деди Сариев.
Сөзүнүн урунттуу учурлары:
Россия Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышында жана өнүгүшүндө негизги ролду ойноп, Советтер Союзу ыдырагандан кийин республика көз карандысыздыкка жеткенде биринчи болуп колдоо көрсөттү, азыр да негизги стратегиялык өнөктөш;
Кыргызстанда беш айдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүшү 13,7 пайызды түздү. Бул абдан жогорку көрсөткүч. Мындай ыргак менен 2030-жылга чейин ИДПны эки-үч эсеге көбөйтүү милдеттерин мөөнөтүнөн мурда аткарса болот;
түз инвестициянын агымы 1 миллиард доллардан ашып, 2023-жылга салыштырмалуу 20 пайызга өстү;
Россия биздин негизги өнөктөш: металл, жыгач, химиялык продукция, жабдуулар, күйүүчү-майлоочу материалдарды, анын ичинде газды толугу менен Россиядан алабыз;
ЕАЭБдин алкагында Советтер Союзундагыдай экономикалык кооперацияларды өнүктүрүү зарыл. Ал кезде Кыргызстан айрым продукциялар боюнча бирден-бир өндүрүүчү болчу;
Кыргызстанда Россиянын эсебинен 9 мектеп курулууда. Жогорку окуу жайлар арасында байланыштар өнүгүп жатат.
Петербург эл аралык экономикалык форуму бүгүн башталып, үч күнгө созулат.
Иш-чарага ЕАЭБ, КМШ, БРИКС, АСЕАН, Африка, Жакынкы Чыгыш, Латын Америкасы сыяктуу 140 мамлекет менен уюмдардан 20 миңден ашуун өкүл келди.
Программада 150дөй иш-чара каралган. Аларда санарип экономика, саламаттык сактоо, эл аралык мамилелер, экология, технологиялык инновациялар, фейктерге каршы күрөшүү сыяктуу темалар талкууланат.
28инчи ирет өтүп жаткан форумдун 20-июндагы пленардык жыйынында Россия президенти Владимир Путин эл аралык маалымат агенттиктеринин жетекчилери менен жолугары айтылган.
ПЭЭФ — глобалдуу чакырыктар менен кызматташуу маселесин талкуулай турган ири эл аралык аянтча. Былтыр 6,4 триллион рублдик келишимге кол коюлса, быйыл бул сумма 7,5 триллионго чамалап барат деп болжолдонууда.
КРдин Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Санкт-Петербургда өтүп жаткан форумдагы бизнес-диалог учурунда  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2025
Бөкөнтаев: Кыргызстан ПЭЭФти бизнес-байланыштарды өнүктүргөн аянтча деп билет
Жаңылыктар түрмөгү
0