https://sputnik.kg/20250611/rossiya-ishkhan-buyuklyanov-ekonomika-1094556563.html
Россиялык бизнесмендер үчүн Кыргызстандын рыногу келечектүү экенин айтышты
Россиялык бизнесмендер үчүн Кыргызстандын рыногу келечектүү экенин айтышты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Россиялык бизнесмендер үчүн Кыргызстандын рыногу маанилүү жана келечектүү болууда. Бул тууралуу Россиялык экспорттук борбордун... 11.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-11T10:51+0600
2025-06-11T10:51+0600
2025-06-11T10:51+0600
кыргызстан
россия
ишхан буюклянов
экономика
айнур саманов
https://sputnik.kg/img/07e9/06/0b/1094557797_0:257:2730:1793_1920x0_80_0_0_eb6ee5181de934accfa862c319e95521.jpg
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Россиялык бизнесмендер үчүн Кыргызстандын рыногу маанилүү жана келечектүү болууда. Бул тууралуу Россиялык экспорттук борбордун өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ишхан Буюклянов Бишкекте өтүп жаткан көп тармактуу ишкердик миссиянын алкагында билдирди. Анын айтымында, иш-чарага Россиянын аймактарынан жана тармактарынан кырктай компаниянын өкүлдөрү келген. Миссиянын максаты — товарларды таанытуу менен катар бизнес-өкүлдөрүнүн ортосунда байланыш түзүү. Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлү Айнур Саманов бул пикирди колдоп, 2021-жылдан бери эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү эки эсе өскөнүн айтты.
https://sputnik.kg/20250416/jarmanke--kyrgyz-build--russia-1093372585.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/0b/1094557797_0:0:2730:2048_1920x0_80_0_0_1cb17b94a062237f321f874c65201361.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, ишхан буюклянов, экономика, айнур саманов
кыргызстан, россия, ишхан буюклянов, экономика, айнур саманов
Россиялык бизнесмендер үчүн Кыргызстандын рыногу келечектүү экенин айтышты
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Россиялык бизнесмендер үчүн Кыргызстандын рыногу маанилүү жана келечектүү болууда. Бул тууралуу Россиялык экспорттук борбордун өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ишхан Буюклянов Бишкекте өтүп жаткан көп тармактуу ишкердик миссиянын алкагында билдирди.
Анын айтымында, иш-чарага Россиянын аймактарынан жана тармактарынан кырктай компаниянын өкүлдөрү келген.
"Мындай тармактык жана географиялык ар түрдүүлүк — Россиянын экспорттук мүмкүнчүлүгүнүн көрсөткүчү. Ошондой эле Кыргызстан рыногу биз үчүн канчалык маанилүү экенин далилдейт", — деди ал.
Миссиянын максаты — товарларды таанытуу менен катар бизнес-өкүлдөрүнүн ортосунда байланыш түзүү.
Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлү Айнур Саманов бул пикирди колдоп, 2021-жылдан бери эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү эки эсе өскөнүн айтты.