https://sputnik.kg/20250611/1094581356.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын XVIII жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык... 11.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-11T19:00+0600
2025-06-11T19:00+0600
2025-06-11T19:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/06/0b/1094581224_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_56482b6cfa481d532d5ceee9d18460d2.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын XVIII жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, 10-11-июнда өткөн иш-чарага Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын компетенттүү органдарынын өкүлдөрү катышкан. "Жыйында катышуучулар коопсуздукка коркунуч жараткан факторлорду жана алардын өнүгүү тенденцияларын талкуулашты. Чек ара аймактарындагы терроризмге каршы кызматташуу, мыйзамсыз миграция жана каражаттарды алып өтүү каналдарына бөгөт коюу маселелери көтөрүлдү. Кыргыз делегациясы улуттук тажрыйба, мыйзамдык база жана радикалдашууга каршы аракеттер боюнча маалымат берди" — деп айтылат маалыматта. Жыйынтыгында иш-чаранын катышуучулары терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү жаатындагы компетенттүү органдардын ортосундагы эл аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, жыйынтыктоочу документ кабыл алышты.
Мамлекеттик ипотекага эми "Түндүк" тиркемеси аркылуу онлайн-кезекке турса болот. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Ал онлайн-кезек президент Садыр Жапаровдун санариптештирүү боюнча тапшырмасын аткаруунун алкагында ишке ашканын белгиледи. "Мурда жарандар документтерди чогултуп, кол менен толтуруп, көп убакыт коротушчу. Эми болсо баары кыйла жеңилдеди, болгону 2-3 мүнөт ичинде керектүү маалымат автоматтык түрдө толтурулат. Жадагалса жубайынын макулдугун да тиркеме аркылуу ыңгайлуу жана мыйзамдуу жол менен берүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бул — жарандар үчүн шарттарды жеңилдетүүгө багытталган дагы бир практикалык кадам. Президенттин тапшырмалары ырааттуу аткарылып, мамлекеттик кызматтар элге барган сайын жеткиликтүү болууда", — деп жазды Туманбаев. Буга чейин да "Түндүк" тиркемеси аркылуу ID-карта алуу жеткиликтүү болгон.
Украина жоокерлеринин сөөгүн алды. Бул тууралуу Россия президентинин жардамчысы Владимир Мединский билдиргенин РИА Новости жазды. Маалыматка караганда, Стамбул келишимине ылайык, каза болгон аскерлердин сөөгүн өткөрүп берүү башталды. "Киевге Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 1 212 жоокеринин, Россияга 27 аскердин сөөгү өткөрүлдү. Ал эми оор жаракат алган туткундар менен алмашуу процесси эртең башталат", — деди Мединский. Эске салсак, Стамбул келишими боюнча Москва менен Киев жоокерлердин сөөктөрүн бири-бирине 7-июнда эле өткөрүп бермек. Бирок ал күнү алмашуу боло турган жерге Украинадан эч ким келбей, процесс белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Ал эми 9-июнда Стамбул келишиминин алкагында 25 жашка чейинки россиялык аскер туткундарынын биринчи тобу Киевдин көзөмөлүндөгү аймактан кайтарылган.
Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын XVIII жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, 10-11-июнда өткөн иш-чарага Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын компетенттүү органдарынын өкүлдөрү катышкан. "Жыйында катышуучулар коопсуздукка коркунуч жараткан факторлорду жана алардын өнүгүү тенденцияларын талкуулашты. Чек ара аймактарындагы терроризмге каршы кызматташуу, мыйзамсыз миграция жана каражаттарды алып өтүү каналдарына бөгөт коюу маселелери көтөрүлдү. Кыргыз делегациясы улуттук тажрыйба, мыйзамдык база жана радикалдашууга каршы аракеттер боюнча маалымат берди" — деп айтылат маалыматта. Жыйынтыгында иш-чаранын катышуучулары терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү жаатындагы компетенттүү органдардын ортосундагы эл аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, жыйынтыктоочу документ кабыл алышты.Мамлекеттик ипотекага эми "Түндүк" тиркемеси аркылуу онлайн-кезекке турса болот. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Ал онлайн-кезек президент Садыр Жапаровдун санариптештирүү боюнча тапшырмасын аткаруунун алкагында ишке ашканын белгиледи. "Мурда жарандар документтерди чогултуп, кол менен толтуруп, көп убакыт коротушчу. Эми болсо баары кыйла жеңилдеди, болгону 2-3 мүнөт ичинде керектүү маалымат автоматтык түрдө толтурулат. Жадагалса жубайынын макулдугун да тиркеме аркылуу ыңгайлуу жана мыйзамдуу жол менен берүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бул — жарандар үчүн шарттарды жеңилдетүүгө багытталган дагы бир практикалык кадам. Президенттин тапшырмалары ырааттуу аткарылып, мамлекеттик кызматтар элге барган сайын жеткиликтүү болууда", — деп жазды Туманбаев. Буга чейин да "Түндүк" тиркемеси аркылуу ID-карта алуу жеткиликтүү болгон.Украина жоокерлеринин сөөгүн алды. Бул тууралуу Россия президентинин жардамчысы Владимир Мединский билдиргенин РИА Новости жазды. Маалыматка караганда, Стамбул келишимине ылайык, каза болгон аскерлердин сөөгүн өткөрүп берүү башталды. "Киевге Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 1 212 жоокеринин, Россияга 27 аскердин сөөгү өткөрүлдү. Ал эми оор жаракат алган туткундар менен алмашуу процесси эртең башталат", — деди Мединский. Эске салсак, Стамбул келишими боюнча Москва менен Киев жоокерлердин сөөктөрүн бири-бирине 7-июнда эле өткөрүп бермек. Бирок ал күнү алмашуу боло турган жерге Украинадан эч ким келбей, процесс белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Ал эми 9-июнда Стамбул келишиминин алкагында 25 жашка чейинки россиялык аскер туткундарынын биринчи тобу Киевдин көзөмөлүндөгү аймактан кайтарылган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/0b/1094581224_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f8429d917fae16a0e197511670347797.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио