https://sputnik.kg/20250611/1094569005.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 947 мугалим жетишпейт. Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, жыл сайын... 11.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-11T15:00+0600
2025-06-11T15:00+0600
2025-06-11T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/06/0b/1094568873_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_2f6e0655300c7f6c9b0d2d24ae7db872.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 947 мугалим жетишпейт. Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, жыл сайын мектептер жетишпей калган мугалимдердин жана предметтер боюнча документтерди тапшырышат. Бул этапта маалымат дагы эле чогултулуп жатат, ошондуктан көрсөткүч өзгөрүшү мүмкүн. Билим берүү министрлиги мурдагы жылдардагыдай эле педагогикалык жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү менен кадр тартыштыгын чечүүнү пландоодо. “Заманбап мугалим” программасынын алкагында мугалим болууну каалаган ар бир адамга уруксат берген сынамык долбоор жүрүп жатат. Учурда программанын 60тан ашык катышуучусу Чүй облусунун мектептеринде иштеп жатышат.
Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов мигранттарды легалдаштырууга жардамдашуу үчүн ТИМ менен Эмгек министрлигинин кызматкерлерин эки айга Россияга жиберүүнү сунуштады. Эл өкүлү Россияда чет элдиктердин жүрүүсүн мыйзамдаштыруу мөөнөтү сентябрга чейин узартылганын эске салган. "Жарандарды мүмкүн болушунча эртерээк каттоодон өтүүгө чакырып жатабыз. Бизде миграциялык маселелерге Тышкы иштер жана Эмгек министрликтери жооптуу. Мына ошол эки министрликтин кызматкерлерин эки айга жөнөтүү керек. Алар атайын мандат менен барып, мигранттарга жеринде көмөктөшүүгө тийиш. Москвадагы элчиликке, Новосибирск, Екатеринбург сыяктуу ири шаарларга барып, кыргызстандыктарга бардык жагынан жардам бериши керек", — деди Ормонов. Ал министрлер кабинетин бул маселени кароого жана тиешелүү чечим кабыл алууга чакырды.
Кыргызстанда Россиянын катыштыгы бар 1700 ишкана иштейт. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлү Айнур Саманов россиялык көп тармактуу бизнес-миссиянын Кыргызстанга жасаган иш сапарынын алкагында билдирди. "Кыргызстанда Россиянын катышы бар 1700дөн ашык компания катталган. Бул — өлкө ичиндеги чет өлкөлүк компаниялардын арасындагы абсолюттук рекорд. Мындан тышкары, көптөгөн россиялык компаниялар республиканын бюджетинин ири салык төлөөчүлөрү болуп саналат", — деди ал. Белгилей кетсек, Бишкекке жалпысынан 40 компаниянын өкүлдөрү келген. Анда Кыргызстандан чыккан продукция Россиянын региондорунда кеңири тарап жатканы белгиленди.
Калифорния губернатору Гэвин Ньюсом Лос-Анжелестеги толкундоолордун фонунда АКШ президенти Дональд Трампты бийлигинен кыянаттык менен пайдаланды деп күнөөлөп, элди ага каршы турууга чакырды. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Баарынан мурда Дональд Трамп силердин үн катпай, азыркы окуяларга унчукпай катышып турушуңарды каалап турат. Анын сөзүнө кирип кетпегиле", — деген ал. Штат башчысынын айтымында, Калифорния Трамптын мындай кадамында биринчи аймак болуп калышы мүмкүн, бирок муну менен баары бүтүп калбайт. Кечээ ал "Лос-Анжелести куралдандырууну тез арада токтотуу" үчүн Трамптын администрациясын сотко бергенин жарыялады. Штат башчысы мындай кадамга аталган шаарга беш миң аскерди, анын ичинен Улуттук гвардия менен деңиз аскерлерин киргизүү боюнча Ак үйдүн буйругунан кийин барган.
Кыргызстанда 947 мугалим жетишпейт. Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, жыл сайын мектептер жетишпей калган мугалимдердин жана предметтер боюнча документтерди тапшырышат. Бул этапта маалымат дагы эле чогултулуп жатат, ошондуктан көрсөткүч өзгөрүшү мүмкүн. Билим берүү министрлиги мурдагы жылдардагыдай эле педагогикалык жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү менен кадр тартыштыгын чечүүнү пландоодо. “Заманбап мугалим” программасынын алкагында мугалим болууну каалаган ар бир адамга уруксат берген сынамык долбоор жүрүп жатат. Учурда программанын 60тан ашык катышуучусу Чүй облусунун мектептеринде иштеп жатышат.Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов мигранттарды легалдаштырууга жардамдашуу үчүн ТИМ менен Эмгек министрлигинин кызматкерлерин эки айга Россияга жиберүүнү сунуштады. Эл өкүлү Россияда чет элдиктердин жүрүүсүн мыйзамдаштыруу мөөнөтү сентябрга чейин узартылганын эске салган. "Жарандарды мүмкүн болушунча эртерээк каттоодон өтүүгө чакырып жатабыз. Бизде миграциялык маселелерге Тышкы иштер жана Эмгек министрликтери жооптуу. Мына ошол эки министрликтин кызматкерлерин эки айга жөнөтүү керек. Алар атайын мандат менен барып, мигранттарга жеринде көмөктөшүүгө тийиш. Москвадагы элчиликке, Новосибирск, Екатеринбург сыяктуу ири шаарларга барып, кыргызстандыктарга бардык жагынан жардам бериши керек", — деди Ормонов. Ал министрлер кабинетин бул маселени кароого жана тиешелүү чечим кабыл алууга чакырды.Кыргызстанда Россиянын катыштыгы бар 1700 ишкана иштейт. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлү Айнур Саманов россиялык көп тармактуу бизнес-миссиянын Кыргызстанга жасаган иш сапарынын алкагында билдирди. "Кыргызстанда Россиянын катышы бар 1700дөн ашык компания катталган. Бул — өлкө ичиндеги чет өлкөлүк компаниялардын арасындагы абсолюттук рекорд. Мындан тышкары, көптөгөн россиялык компаниялар республиканын бюджетинин ири салык төлөөчүлөрү болуп саналат", — деди ал. Белгилей кетсек, Бишкекке жалпысынан 40 компаниянын өкүлдөрү келген. Анда Кыргызстандан чыккан продукция Россиянын региондорунда кеңири тарап жатканы белгиленди.Калифорния губернатору Гэвин Ньюсом Лос-Анжелестеги толкундоолордун фонунда АКШ президенти Дональд Трампты бийлигинен кыянаттык менен пайдаланды деп күнөөлөп, элди ага каршы турууга чакырды. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Баарынан мурда Дональд Трамп силердин үн катпай, азыркы окуяларга унчукпай катышып турушуңарды каалап турат. Анын сөзүнө кирип кетпегиле", — деген ал. Штат башчысынын айтымында, Калифорния Трамптын мындай кадамында биринчи аймак болуп калышы мүмкүн, бирок муну менен баары бүтүп калбайт. Кечээ ал "Лос-Анжелести куралдандырууну тез арада токтотуу" үчүн Трамптын администрациясын сотко бергенин жарыялады. Штат башчысы мындай кадамга аталган шаарга беш миң аскерди, анын ичинен Улуттук гвардия менен деңиз аскерлерин киргизүү боюнча Ак үйдүн буйругунан кийин барган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/0b/1094568873_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_b55c0c7503f12d149847d9fb94d389e1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио