00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:07
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Хорека Клуб» о том, почему кафе больше не могут работать без 15% за обслуживание
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү — кимдер алданууда?
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Вивальди и тысячи труб: как орган снова становится модным
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ата-энелерге эскертүү: жылуу кышта муз өзгөчө кооптуу
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
QR-парковки в столице: удобно ли водителям и что будет дальше
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Кто и что угрожает странам ЕАЭС — беседа с политологами
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
с Мариной Соломко
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Золото или ценные бумаги: во что стоит инвестировать кыргызстанцам
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Афганистанда кыргыздар менен жолукканымды эч качан унутпайм
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Отчего наступает бесплодие у женщин и как его лечат в Кыргызстане
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Евразия-Кинофесттин" кинозалдарына үч миңден ашуун киши келди

© Photo / VK / Кинофест Евразия"Евразия-Кинофесттин" кинозалы
Евразия-Кинофесттин кинозалы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Россиянын Сочи шаарында жүрүп жаткан "Евразия-Кинофест" II эл аралык кинофестивалынын кинозалдарына өткөн эс алуу күндөрү үч миңге чукул киши келди. Бул туурасында уюштуруучулар билдирди.
"6-июндан 13-июнга чейин өтө турган "Евразия-Кинофест" II эл аралык фестивалындагы тасмаларды эки күн ичинде үч миңден ашык адам көрдү. Жалпы 27, анын ичинде 18 премьералык фильм тартууланды", — деп айтылат билдирүүдө.
Келгендерге Лариса Садилованын (Россия) "Огород" эмгеги көрсөтүлдү. Салтанаттын жүрүшүндө бул фильмге киноискусствону өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн фестивалдын биринчи сыйлыгы ыйгарылды.
Андан сырткары, кинофестивалдын чоң экрандарынан Фархат Шариповдун (Казакстан) толук метраждуу "Эвакуация", Манзарали Шералинин (Тажикстан) "В поисках истины", Анна Минакованын (Россия) даректүү "Дьол" фильмдери көрсөтүлдү. "Евразия" коммерциялык эмес уюму түптөгөн Евразиянын Жаш кинематографисттер ассоциациясынын катышуучулары өздөрүнүн эмгектерин көрсөттү. Өзбекстандык Арутюн Сагателяндын "Сүмөлөк", кыргызстандык Элзар Кадырматовдун "Кыз куумай" кыска метраждуу фильмдери тартууланды.
"Үч континенттен келген 26 өлкөнүн режиссерлору Сочинин тургундары менен конокторунун көңүлүн өзүнө бурду. Эл ар бир кинодон көзүнө жаш алып чыгууда. Көрүүчүлөрдүн айтымында, фильмдер чын дилден жана терең маани менен тартылган. Бул эмгектер бизди боорукерликке, акыл калчаганга жетелейт... Ар бир элге таандык өзгөчө касиеттерди таанып, кабыл алып жатабыз. Эң негизгиси – бири-бирибизди мурдагыдан да көбүрөөк баалап, чын ыкластан достошо баштадык", — деп айткан Мамдуманын депутаты, "Евразия" уюмунун кеңешинин төрайымы Алёна Аршинова.
Эске салсак, 3-июнда Сочиде башталган "Евразия-Кинофест" деп аталган II эл аралык ири иш-чара 13-июнга чейин уланат. Форум Евразия чөлкөмүндөгү киноишмерлердин башын бириктирип, таланттарды колдоону көздөйт.
Фестивалга 25 өлкөдөн 53 даректүү, көркөм жана кыска метраждуу тасма катышууда. Быйылкы иш-чарага Түркмөнстан, Пакистан, Кения, Германия, Түркия, Түштүк Африка, Швейцария, Монголия, Бразилия, Испания, Австрия жана Сербия сыяктуу өлкөлөрдөн кинематографисттер кошулду. Фестивалдын алкагында мастер-класстар жана тегерек столдор уюштурулуп, аларды киноиндустриянын кесипкөй адистери жетектейт.
"Евразия-Кинофест" деп аталган I эл аралык ири иш-чара 2024-жылы 17-21-октябрда өтүп, ал 10 миңге чукул көрүүчүнү топтогон.
Кинофестивалдын жыйынтыгында калыстар тобу мыкты фильмдердин авторлорун тандап, ири континенттеги элдердин маданият алмашуусунун, өз ара урмат менен достуктун символу болгон "Евразия" статуэткасын тапшырат.
"Евразия-Кинофест" — Евразия мейкиндигиндеги өлкөлөрдүн кино өнөрүнүн өкүлдөрүн бириктирген форум. Максаты — көрүүчүлөрдүн өз өлкөсүнүн тарыхына, салттуу жана маданий баалуулуктарына кызыгуусун ойготуу. Дагы бир багыты — таланттуу кинематографисттерге кесиптик колдоо көрсөтүү.
Режиссёр Дастан Жапар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2025
Кыргыз режиссёрунун тасмасы Сочидеги "Евразия-Кинофестте" көрсөтүлдү
Жаңылыктар түрмөгү
0