00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
2030-жылга чейин өлкө ИДПсын 3 триллион сомдон ашыруу пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин финансы жана экономика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоосунда белгиленген. Анын айтымында, дүйнөлүк экономиканын учурдагы турбуленттүү абалына карабастан Кыргызстандын экономикасы оң динамиканы көрсөтүүдө. Ал белгилегендей, салык жана бажы тармагы санариптештирилип, фискалдык саясаттын ачык-айкындуулугу жогорулады. Өндүрүштө, туризм тармагында да оң жылыштар байкалууда. Ошондой эле өкмөт башчы экономист, финансисттерди кесиптик майрамы менен куттуктап, жакшы тилектерин арнаган.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Филиппинде Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугуп, ири долбоорлорду ишке ашырууну сүйлөштү. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.Анда министр Токтогул ГЭСи оңдолуп бүткөндөн кийин Күрп-Сай ГЭСин реабилитациялоону сунуштаган. Ошондой эле энергетика министри ГЭС-5те 100 киловаттык күн станциясы иштеп жатканын айтып, анын бетин фотоэлектрдик панель менен жаап, кубаттуулугун 15 мегаваттка көтөрүүнү сунуштаган. Аталган банк долбоорду ишке ашырууга макул болгон. Тараптар жакынкы аралыкта Кыргызстанда жолугушууну пландашты.
Күйөөсүнүн колунан өлгөн келинди мазактады делген блогер Айбек Уланов 4-июлга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Свердлов райондук соту кабыл алганын Бишкек ШИИБинен кабарлашты. Айбек Уланов "Расалык, этникалык, улуттук, диний же региондук кастыкты козутуу" беренеси боюнча айыпталууда. Аны кечээ спецназ ат минип жүргөн жеринен кармап кеткен. Уланов кармалгандан кийин наркодиспансерге жөнөтүлүп, натыйжада баңгизат колдонгону аныкталган. Эске салсак, Кара-Кулжа районунда классташтардын мектепти бүткөндөн 20 жыл өткөндөн кийинки жолугушуусуна катышкан келин Айзирек Эралиева күйөөсүнөн ок жеп көз жумган. Мындай кадамга кызганыч себеп болгону айтылып, 40 жаштагы шектүү кармалган. Классташтарынын айтымында, келин иш-чарага жолдошу менен келип, салтанаттын башталышына эле катышып, классташ кыздары менен эле сүрөткө түшүп кеткен.
Россиянын Сочи шаарында II эл аралык "Евразия-Кинофест" фестивалы башталды. Уюштуруучулар буга чейин иш-чарага 25 өлкөдөн 53 даректүү, көркөм жана кыска метраждуу тасма көрсөтүлөрүн кабарлаган. Катышуучулардын саны былтыркыдан эки эсе көп экени айтылды, бул жылы Түркмөнстан, Пакистан, Кения, Германия, Түркия, ТАР, Швейцария, Монголия, Бразилия, Испания, Австрия жана Сербиядан катышуучулар кошулган. Фестивалдын алкагында тематикалык мастер-класстар, тегерек столдор уюштурулмакчы, индустриянын кесипкөй адистери модератор болушат. "Евразия-Кинофест" – бул Евразия мейкиндигиндеги киноиндустрия ишмерлеринин форуму. Мааксаты — көрөрмандардын өз өлкөсүнүн тарыхына, салттуу жана маданий баалуулуктарына болгон кызыгуусун ойготуу жана таланттуу кинематографисттерди колдоо.
Жаңылыктар түрмөгү
0