https://sputnik.kg/20250605/1094431252.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Татарстандын раиси Рустам Минниханов менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан... 05.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-05T13:00+0600
2025-06-05T13:00+0600
2025-06-05T13:30+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/06/05/1094431120_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_16449bc7ec621a17da525382ebd8b0b9.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Татарстандын раиси Рустам Минниханов менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө ылайык, Минниханов Ак илбирсти жана анын экосистемасын коргоо программасынын жетектөөчү комитетинин IX жыйынына келген. Жолугушууда Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы экономикалык, экологиялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты жакшыртуу талкууланды. Биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү, туризм тармагын чыңдоо жана илбирсти сактоо боюнча өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Минниханов Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы бир катар тармактагы долбоорлорду бирге ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирип, Кыргызстандын жарандары үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө даярдыгын кошумчалаган.Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана кыргыз-орус мамилелеринин алкагында аймактар аралык байланыштарды бекемдөөгө жаңы дем берерин баса белгилешти.
Ысык-Көлдө ак илбирсти коргоо боюнча эл аралык форум өтүп жатат.Ага ак илбирс байырлаган 12 өлкөнүн делегациясы, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Форумда Садыр Жапаров, Татарстандын башчысы Рустам Минниханов жана бир катар өлкөлөрдүн жаратылышты коргоо органдарынын жетекчилери сүйлөштү.Катышуучулар тажрыйба алмашып, 2030-жылга чейин биргелешип кызматташуу планын иштеп чыгышмакчы.
Күрүчтүн кирешелүүлүгүн эске алганда, сугат суунун баасы кымбат деле эмес. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Ведомство дыйкандар аталган өсүмдүктү суугарууга жылына 7 миң сом төлөшөрүн, бул жарым кап күрүчтүн баасы экенин белгилеген. "Бир гектар күрүчтү өстүрүүгө дыйкандар 100 миң сомдон ашык чыгым болушат. Орточо эсеп менен бир гектардан 38-45 центнер шалы алынып, андан 2,5-3,5 тонна күрүч даярдалат. Күрүчтүн килограммы 200-250 сомдон сатылса, бир гектардан 600-700 миң сом киреше түшөт. Чыгымдарды эсепке алганда, дыйкан гектарынан 400-500 миң сом пайда табат. Бир мүшөк күрүчтүн баасы 12,5 миң сом болсо, анын жарымы сугат суунун акысына жумшалат", — деп айтылган министрликтин маалыматында. Ошондой эле соңку 30 жылда күрүч айдоо беш эсе көбөйгөнү, дыйкандарга сууну үнөмдүү пайдалануу зарылдыгы жаралганы кошумчаланды.Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары күрүчкө сугат суунун баасы көтөрүлүп жатканы боюнча маселе көтөрүшкөн.
Вашингтон Киевге делген абадан коргогон ракеталык системаларга колдонулуучу жардыргычтарды АКШнын Жакынкы Чыгыштагы армиясына жөнөтмөй болду. Бул тууралуу Wall Street Journal жазды. "Өткөн жумада Пентагон эч жакка жар салбай эле Украина россиялык дрондорду жок кылууга пайдаланып келген ракеталардын жардыргычтары АКШнын Жакынкы Чыгыштагы армиясына багытталарын Конгресске кабарлады", — деп айтылат басылмада. Ага чейин Пентагон Сенаттын куралдуу күчтөрү боюнча комитетин жардыргычтарга муктаждык күчөп жатканы боюнча маалымдар кылган.Чечимди колдогондор АКШнын Коргоо министрлиги өзгөчө аскердик чыгымдар тууралуу мыйзам долбооруна ылайык мындай кадамдарга барууга укуктуу экенин айтышууда. Тийиштүү мыйзам өткөн жылы кабыл алынган.
Президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Татарстандын раиси Рустам Минниханов менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө ылайык, Минниханов Ак илбирсти жана анын экосистемасын коргоо программасынын жетектөөчү комитетинин IX жыйынына келген. Жолугушууда Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы экономикалык, экологиялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты жакшыртуу талкууланды. Биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү, туризм тармагын чыңдоо жана илбирсти сактоо боюнча өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Минниханов Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы бир катар тармактагы долбоорлорду бирге ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирип, Кыргызстандын жарандары үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө даярдыгын кошумчалаган.Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана кыргыз-орус мамилелеринин алкагында аймактар аралык байланыштарды бекемдөөгө жаңы дем берерин баса белгилешти.Ысык-Көлдө ак илбирсти коргоо боюнча эл аралык форум өтүп жатат.Ага ак илбирс байырлаган 12 өлкөнүн делегациясы, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Форумда Садыр Жапаров, Татарстандын башчысы Рустам Минниханов жана бир катар өлкөлөрдүн жаратылышты коргоо органдарынын жетекчилери сүйлөштү.Катышуучулар тажрыйба алмашып, 2030-жылга чейин биргелешип кызматташуу планын иштеп чыгышмакчы.Күрүчтүн кирешелүүлүгүн эске алганда, сугат суунун баасы кымбат деле эмес. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Ведомство дыйкандар аталган өсүмдүктү суугарууга жылына 7 миң сом төлөшөрүн, бул жарым кап күрүчтүн баасы экенин белгилеген. "Бир гектар күрүчтү өстүрүүгө дыйкандар 100 миң сомдон ашык чыгым болушат. Орточо эсеп менен бир гектардан 38-45 центнер шалы алынып, андан 2,5-3,5 тонна күрүч даярдалат. Күрүчтүн килограммы 200-250 сомдон сатылса, бир гектардан 600-700 миң сом киреше түшөт. Чыгымдарды эсепке алганда, дыйкан гектарынан 400-500 миң сом пайда табат. Бир мүшөк күрүчтүн баасы 12,5 миң сом болсо, анын жарымы сугат суунун акысына жумшалат", — деп айтылган министрликтин маалыматында. Ошондой эле соңку 30 жылда күрүч айдоо беш эсе көбөйгөнү, дыйкандарга сууну үнөмдүү пайдалануу зарылдыгы жаралганы кошумчаланды.Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары күрүчкө сугат суунун баасы көтөрүлүп жатканы боюнча маселе көтөрүшкөн.Вашингтон Киевге делген абадан коргогон ракеталык системаларга колдонулуучу жардыргычтарды АКШнын Жакынкы Чыгыштагы армиясына жөнөтмөй болду. Бул тууралуу Wall Street Journal жазды. "Өткөн жумада Пентагон эч жакка жар салбай эле Украина россиялык дрондорду жок кылууга пайдаланып келген ракеталардын жардыргычтары АКШнын Жакынкы Чыгыштагы армиясына багытталарын Конгресске кабарлады", — деп айтылат басылмада. Ага чейин Пентагон Сенаттын куралдуу күчтөрү боюнча комитетин жардыргычтарга муктаждык күчөп жатканы боюнча маалымдар кылган.Чечимди колдогондор АКШнын Коргоо министрлиги өзгөчө аскердик чыгымдар тууралуу мыйзам долбооруна ылайык мындай кадамдарга барууга укуктуу экенин айтышууда. Тийиштүү мыйзам өткөн жылы кабыл алынган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/05/1094431120_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_252c5f15994efa38106ab2a65a7031e1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио