https://sputnik.kg/20250603/1094381469.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дүйшеева Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн 12 жылдык билим берүүнүн өзгөчөлүктөрүнө арналган... 03.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-03T13:00+0600
2025-06-03T13:00+0600
2025-06-03T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/06/03/1094381337_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_6565649ac839187a38ab976beb591f1c.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дүйшеева Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн 12 жылдык билим берүүнүн өзгөчөлүктөрүнө арналган брифингде 1-классты аяктаган бала кандай билим, жөндөм жана көндүмдөргө ээ болушу керектигин санап берди. Анын айтымында, окуучу аты-жөнүн, ата-энесинин атын, жашын, кесиби тууралуу билиши керек. "Кыргызстандын мамлекеттик символдорун, борборун, эпостогу Манас баатырды таанып, ден соолук, гигиена, сезүү органдары жана алардын функциялары тууралуу түшүнүгү болушу шарт. Ошондой эле окуучу коомдук жайда өзүн туура алып жүрүү, китепти аяр пайдалануу, тартип сактоо, жаңы сөздөрдү колдонуу, суроо берип жана жооп кайтаруу, сүйлөм түзүү, өз тажрыйбасынан окуя баяндап берүү көндүмдөрүнө ээ болушу зарыл.Мындан тышкары, калем сапты туура кармоо, үндөрдү таануу, сөздү муунга бөлүү, геометриялык фигураларды айырмалоо, сүрөт тартуу, күн тартибин жана жуманын күндөрүн билүү сыяктуу жөндөмдөрдү өздөштүрүшү керек. 20га чейин сандарды билип, 100гө чейин он-ондон санай алышы зарыл", — деди Дүйшеева. Мындан тышкары, 2-класска көчө турган балдар жөнөкөй диалогдорду түзө билип, өзүн жана жакындарын сүрөттөп, ырдап, ыр айтып, башка маданияттарга карата толеранттуу болуп калышы керектиги кошумчаланды.
Ысык-Көлдүн эки айылында биспектралдык камералары бар заманбап мунаралар орнотулду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.Бул браконьерлер менен күрөшүү үчүн колдонулат. Мунаралардагы камералар 14 чакырымдагы аралыкты күнү-түнү тартып, беш чакырым алыстыктагы адамды жүзүнөн тааныйт. Жети чакырым аралыктан белгилерди сезет. Жабдуулар Кудургу жана Тогуз-Булак айыл аймактарында орнотулду.Ошондой эле милиция заманбап кайык, квадрацикл, дрон жана бодикамералар менен жабдылып, браконьерликке каршы толук даяр экени кошумчаланды. Президент Садыр Жапаров 2023-жылы ӨКМге көлдүн түбүн жазалоону тапшырган. Ошондон бери суучулдар көл түбүнөн таштанды, балыктын торлорун алып чыгып жатканын айтып келишет. Бирок өлкө башчы жакында көлдү күтүүсүз текшерип, абал жакшырбагандыктан ИИМ жана УКМК башчысын тилдегенин Камчыбек Ташиев айткан. Мындан улам УКМК төрагасы укук коргоо органдарынын жоопкерчилиги күчөтүлөрүн эскерткен.
Брюсселде Украина согушту улантышы керек деген чечим кабыл алынды. Бул туурасында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан айтканын РИА Новости жазды.Премьер Венгрия АКШнын тынчтык орнотолу деген умтулуусун колдоп келерин эске салган.Анын айтымында, Будапешт "согуштун уланышына кызыкдар болгон Брюсселдеги жетекчилик Венгрияны согушчул европалык коалицияга күч менен киргизүү үчүн колдон келгендин баарын кыларына" даяр турушу керек. Орбан ошондой эле анын өлкөсүнө каршы атайын кызматтардын операциялары жана чет өлкөдөн каржыланган каралоо кампаниялары күчөшү мүмкүн экенин айтып, не бар, не жок, даяр турууга чакырды. Буга чейин бул саясатчы Евробиримдиктин Украинадагы чатакты жөнгө салууда Американын кадамдарына кошулуу зарылдыгын айтып, ар башка жол менен кетүүнүн мааниси жоктугун билдирген.Венгрия ТИМинин башчысы Петер Сийярто европалык саясатчыларды Украинадагы чатакты бүтүрүү боюнча аракеттерге тоскоолдук кылбоого чакырган.
Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дүйшеева Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн 12 жылдык билим берүүнүн өзгөчөлүктөрүнө арналган брифингде 1-классты аяктаган бала кандай билим, жөндөм жана көндүмдөргө ээ болушу керектигин санап берди. Анын айтымында, окуучу аты-жөнүн, ата-энесинин атын, жашын, кесиби тууралуу билиши керек. "Кыргызстандын мамлекеттик символдорун, борборун, эпостогу Манас баатырды таанып, ден соолук, гигиена, сезүү органдары жана алардын функциялары тууралуу түшүнүгү болушу шарт. Ошондой эле окуучу коомдук жайда өзүн туура алып жүрүү, китепти аяр пайдалануу, тартип сактоо, жаңы сөздөрдү колдонуу, суроо берип жана жооп кайтаруу, сүйлөм түзүү, өз тажрыйбасынан окуя баяндап берүү көндүмдөрүнө ээ болушу зарыл.Мындан тышкары, калем сапты туура кармоо, үндөрдү таануу, сөздү муунга бөлүү, геометриялык фигураларды айырмалоо, сүрөт тартуу, күн тартибин жана жуманын күндөрүн билүү сыяктуу жөндөмдөрдү өздөштүрүшү керек. 20га чейин сандарды билип, 100гө чейин он-ондон санай алышы зарыл", — деди Дүйшеева. Мындан тышкары, 2-класска көчө турган балдар жөнөкөй диалогдорду түзө билип, өзүн жана жакындарын сүрөттөп, ырдап, ыр айтып, башка маданияттарга карата толеранттуу болуп калышы керектиги кошумчаланды.Ысык-Көлдүн эки айылында биспектралдык камералары бар заманбап мунаралар орнотулду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.Бул браконьерлер менен күрөшүү үчүн колдонулат. Мунаралардагы камералар 14 чакырымдагы аралыкты күнү-түнү тартып, беш чакырым алыстыктагы адамды жүзүнөн тааныйт. Жети чакырым аралыктан белгилерди сезет. Жабдуулар Кудургу жана Тогуз-Булак айыл аймактарында орнотулду.Ошондой эле милиция заманбап кайык, квадрацикл, дрон жана бодикамералар менен жабдылып, браконьерликке каршы толук даяр экени кошумчаланды. Президент Садыр Жапаров 2023-жылы ӨКМге көлдүн түбүн жазалоону тапшырган. Ошондон бери суучулдар көл түбүнөн таштанды, балыктын торлорун алып чыгып жатканын айтып келишет. Бирок өлкө башчы жакында көлдү күтүүсүз текшерип, абал жакшырбагандыктан ИИМ жана УКМК башчысын тилдегенин Камчыбек Ташиев айткан. Мындан улам УКМК төрагасы укук коргоо органдарынын жоопкерчилиги күчөтүлөрүн эскерткен.Брюсселде Украина согушту улантышы керек деген чечим кабыл алынды. Бул туурасында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан айтканын РИА Новости жазды.Премьер Венгрия АКШнын тынчтык орнотолу деген умтулуусун колдоп келерин эске салган.Анын айтымында, Будапешт "согуштун уланышына кызыкдар болгон Брюсселдеги жетекчилик Венгрияны согушчул европалык коалицияга күч менен киргизүү үчүн колдон келгендин баарын кыларына" даяр турушу керек. Орбан ошондой эле анын өлкөсүнө каршы атайын кызматтардын операциялары жана чет өлкөдөн каржыланган каралоо кампаниялары күчөшү мүмкүн экенин айтып, не бар, не жок, даяр турууга чакырды. Буга чейин бул саясатчы Евробиримдиктин Украинадагы чатакты жөнгө салууда Американын кадамдарына кошулуу зарылдыгын айтып, ар башка жол менен кетүүнүн мааниси жоктугун билдирген.Венгрия ТИМинин башчысы Петер Сийярто европалык саясатчыларды Украинадагы чатакты бүтүрүү боюнча аракеттерге тоскоолдук кылбоого чакырган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/03/1094381337_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_1cfe17a4eb292ee34236aa5c4150e6aa.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио