00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Будущее отношений России и Центральной Азии: еще раз о переговорах Путина и лидеров ОДКБ
14:04
57 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Спорт и память о героях: что приносит Кыргызстану турнир «Кубок Победы»
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тургунбай Садыков 90 жашта: мурас, искусство жана улуу устаттын мектеби
17:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Судьба солдата»: как в КР возвращают имена бойцам, исчезнувшим в годы войны
18:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Улуттук спорт даңазаланат — эми жыл сайын “Улуттук спорт мыктылары” аныкталат
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мамытов: маданияттын экономикага таасири чоң

© Sputnik / Асель СыдыковаМамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов. Архив
Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2025
Жазылуу
Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов коом маданиятынын экономикага таасирин белгиледи.
Байкалбаганы менен ар бир коомдун өзүнүн адаттары болот. Калыптанып, сиңип калган маданиятында жашайт. Дал ушул адаттары ошол коомдун экономикалык абалына түздөн-түз таасирин тийгизет. Албетте, ал жакшы адат болсо өнүгүүгө, жаман адат болсо тешик чакадай болуп артка кетирет. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ири бизнес-өкүлдөрү курган маркетологиялык кадамдар дал ушул коомдордун маданиятына багытталат.
"Маданият деп биз ошол коомдун жашоосуна сиңип калган көндүмдөрүн, адаттарын айтабыз да. Арасында тээ ата-бабасынан бери келе жаткан салттык адаттары же кийин гана жашоо шарттан улам жаралгандары бар. Дүйнөлүк ири өндүрүшчүлөр ошолорду пайдаланышат. Алар ошол коомго ылайыктуу жарнамаларды жаратып, ошол коомду же улутту кызыктыра турган сунуштар менен бизнесин жүргүзүшөт. Мунун баары маркетологдордун эмгеги. Тилекке каршы, азыркы учурда баарыбыз канчалык бир деңгээлде ушундай маркетологиялык кадамдардын курмандыгыбыз. Коомдордун маданияты тууралуу сөз кылганда, мисалы, кытайларды ала турган болсок, алар дайыма натыйжаны узак жылдардан кийин алса да, ошол жасап жаткан иши туруктуу жана сөзсүз оң натыйжа бере тургандай болушуна умтулушат. Жомок, легендалары да ушундай өңүттө. Япондорду айта турган болсок, алар да ар бир адам өз кесибинин же өнөрүнүн мыктысы болгонго тырышат. Ал эми биздин кыргыздарды алсак азыр, ушул жерде натыйжасын көрүп, жемишин жеп калганга умтулабыз. Биздин жомокторубуз да ушундай өңүттө сүрөттөлөт. Сыйкырчы пайда боло калат же бир башка жолдор менен оңой эле белен нерсеге жетип калат", — дейт Мамытов.
Экономист бул салыштыруу менен кайсы бир улут же коомдуу жамандоодон алыс экенин айтты.
"Биз "демек, япондордой болушубуз керек тура" же "кытайлар туура экономикалык көз карашта экен да" дегенден алыс болушубуз керек. Болгону бизге кайсынысы туура келет? Биздин улуттук маданиятыбыз эмнеге багытталган? Ошол көз караш бизге ыңгайлуубу? Талдап туруп өзүбүзгө туура келгендей чарба жүргүзө беришибиз керек. Бизнесте дагы бир термин бар, кыргызча айтканда "берекелүү башкаруу" же ысырапкорчулукка жол бербөө. Бул баасын кымбаттатпастан чыгымдарды азайтуу менен товардын өз наркын дагы арзандатуу, ошондон улам көбүрөөк кирешеге чыгуу. Мисалы, эки таңгакка оролчу товарды бир эле таңгакка ороо, жалтырак жип байланса аны жөнөкөйүнө алмаштыруу сыяктуу. Мындай учурда алуучулар же болбосо коом ошого даяр болушу керек, кагазы жалтырабай калса да сапаты түшкөн жок деп ишенимдүү сатып ала бере тургандай болушу шарт. Маданияттын ошол коомдун, өлкөнүн экономикасына таасири абдан чоң", — деди Мамытов.
Ал ар бир адамдын, үй-бүлөнүн жүрүм-туруму, маданияты ошол коомдун, мамлекеттин экономикасына таасирин тийгизерин унутпоого чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0