Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башаты. 100 жыл мурун тартылган сүрөттөр
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башаты. 100 жыл мурун тартылган сүрөттөр
Sputnik Кыргызстан
1925-жылы мартта Пишпек шаарында Кара-Кыргыз автономиялуу кеңешинин биринчи учредителдик курултайы өтүп, "Кызыл армиянын курамында Кыргызстандын аскердик... 29.05.2025, Sputnik Кыргызстан
1925-жылы мартта Пишпек шаарында Кара-Кыргыз автономиялуу кеңешинин биринчи учредителдик курултайы өтүп, "Кызыл армиянын курамында Кыргызстандын аскердик бөлүгүн түзүү боюнча уюштуруу жумушун тездетүү" тууралуу резолюция кабыл алынган. Ошол эле жылы 27-июнда Түркстан фронтунун буйругу менен өзүнчө кыргыз атчандар жарым эскадрону түзүлгөн эле. Кыргыз Республикасынын атайын кызматы, Куралдуу күчтөрү, аскердик чалгындоо жана чек ара кызматтарынын башаты ошол эскадронго барып такалат. Бара-бара бул тактикалык бирикме 53-атчандар полкуна айланган. 1938-жылы 53-кыргыз атчандар полкуна 112-тоолуу кавалериялык полку деген жаңы номер ыйгарылып, Өзбекстанга которулат. 1941-жылы бул аскердик бөлүк Москваны коргогон. 1944-жылы командачылык полктун кээ бир командирлерин фронттон Кыргызстанга жиберет. Алар өлкөнүн атайын багыттагы бөлүгүнүн (спецназ) пайдубалын түптөп, офицерлер кыргыздын ичинен чыккан туңгуч генерал Искак Монуевдин жетекчилиги менен Батыш Кытайдагы боштондук кыймылына катышкан. Сунушталып жаткан сүрөттөр КР Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивинен алынды. Тема боюнча:
1925-жылы мартта Пишпек шаарында Кара-Кыргыз автономиялуу кеңешинин биринчи учредителдик курултайы өтүп, "Кызыл армиянын курамында Кыргызстандын аскердик бөлүгүн түзүү боюнча уюштуруу жумушун тездетүү" тууралуу резолюция кабыл алынган. Ошол эле жылы 27-июнда Түркстан фронтунун буйругу менен өзүнчө кыргыз атчандар жарым эскадрону түзүлгөн эле.
Кыргыз Республикасынын атайын кызматы, Куралдуу күчтөрү, аскердик чалгындоо жана чек ара кызматтарынын башаты ошол эскадронго барып такалат. Бара-бара бул тактикалык бирикме 53-атчандар полкуна айланган. 1938-жылы 53-кыргыз атчандар полкуна 112-тоолуу кавалериялык полку деген жаңы номер ыйгарылып, Өзбекстанга которулат. 1941-жылы бул аскердик бөлүк Москваны коргогон. 1944-жылы командачылык полктун кээ бир командирлерин фронттон Кыргызстанга жиберет. Алар өлкөнүн атайын багыттагы бөлүгүнүн (спецназ) пайдубалын түптөп, офицерлер кыргыздын ичинен чыккан туңгуч генерал Искак Монуевдин жетекчилиги менен Батыш Кытайдагы боштондук кыймылына катышкан. Сунушталып жаткан сүрөттөр КР Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивинен алынды.
53-кыргыз атчандар полкунун командирлери менен аскерлери: пулёмет взводунун теги дунган командири Намсо (1-катарда сол жактан биринчи), взводдун командиринин жардамчысы Осмон Лайлиев (1-катарда сол жактан экинчи), 1-эскадрондун старшинасы Игамберды Бекбашев (2-катарда оң жактан биринчи). Фрунзе, 1932
53-кыргыз атчандар полкунун командирлери менен аскерлери: пулёмет взводунун теги дунган командири Намсо (1-катарда сол жактан биринчи), взводдун командиринин жардамчысы Осмон Лайлиев (1-катарда сол жактан экинчи), 1-эскадрондун старшинасы Игамберды Бекбашев (2-катарда оң жактан биринчи). Фрунзе, 1932