00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
Киноблог
Продюсер — второй режиссёр? Кто делает авторское кино доступным зрителю
14:08
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
Милиция кызматкеринен атайын даярдык менен кошо адамгерчилик да талап кылынат - Жүрөк жылыткан иши менен коомго таанылган Жакшылык Нурланбеков менен маек
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Стоп-кадр
“Качан турмушка чыгасың?” тасмасы — жалган мамиледен чыныгы сүйүүгө кеткен жол
17:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
18:06
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту. Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда кыргыз-армян кызматташтыгынын учурдагы абалы талкууланып, саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды арттыруу тууралуу сөз болду. Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан Армения менен бардык багыттарда кызматташууга кызыкдар экендигин айтып: “Бири-биринен алыс жайгашкан эки мамлекетти тарыхый байланыштар жана интеграциялык бирикмелер жакындатып турат. Андыктан, калыптанган алакаларды жигердүү улантып, ушундай жолугушууларды байма-бай уюштуруу менен кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга умтулушубуз керек”, – деди. Андан тышкары, парламенттер аралык кызматташтыкты тармактык комитеттердин жана депутаттык достук топторунун деңгээлинде да тереңдетүү зарыл экенин билдирген Жогорку Кеңештин Төрагасы Өкмөттөр аралык комиссиянын ишин активдештирүү маселесине да токтолду. Ошондой эле чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн ичинен Армения менен болгон соода жүгүртүүнүн көрсөткүчтөрү өтө төмөн экенин белгилеген төрага: “ЕАЭБге мүчө мамлекеттер катары, капиталдын жана ресурстардын эркин кыймылын камсыздаган бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүшүбүз зарыл”, – деп кошумчалады.
Кыргыз санжырасын изилдөөгө ылайыкталган мобилдик тиркеме даярдалды. Бул тууралуу "Кырылгыз" компаниясынын өкүлдөрү маалымат жыйында билдиришти. Компания өкүлдөрүнүн айтымында, учурда "GEN – кыргыз санжырасы" тиркемесинде 800 миңге жакын адамдын маалыматы камтылган, 2026-жылдын ортосуна чейин бул санды 2 миллионго жеткирүү пландалууда. Колдонуучулар ата-бабаларынын, ошондой эле белгилүү инсандардын, мисалы, президент Садыр Жапаров менен УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевдин санжырасын көрө алышат. Бүгүнкү күндө 500 миңге жакын адамдын XV кылымга чейинки санжырасы калыбына келтирилген. Тиркемеге жакын арада генетикалык анализ функциясы да кошулат. Компаниянын негиздөөчүсү Антон Мироновдун айтымында, колдонуучулар генетикалык тест тапшырып, этникалык курамы жана кайсы ооруга жакындыгы тууралуу маалымат ала алышат. Ошондой эле аялдардын санжырасын, кыйылган никелерди жана урпактар тууралуу маалыматтарды камтуу мүмкүнчүлүгү каралууда. Компания келечекте тиркемеге тогуз коргоол, устукан тартуу сыяктуу салттуу элементтерди да кошууну пландап жатат. Долбоор коммерциялык эмес негизде жүргүзүлүп, кыргыз элинин маданий мурасын сактоону жана жаштарды ата-тегин изилдөөгө үндөөнү максат кылат.
Киев режими Россиянын тынч жаткан калкына сокку уруу менен сүйлөшүүлөрдү "күч позициясынан" туруп өткөрө аларын көрсөткүсү келүүдө, бирок чынында пастыгын ашкерелеп жатат. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде билдиргенин РИА Новости жазды. "Алар согуш талаасында жоготууга учурап жатканын жакшы түшүнүп, жай тургундарга сокку уруп жатышат. Киев режими мындай террордук ыкмалары менен сүйлөшүүлөрдү күч позициясынан туруп өткөрүүгө дарамети жетерин көрсөтмөкчү. Чынында колунан эч нерсе келбей турганын далилдеп, пастыгын айгинелөөдө", — деди Захарова. Анын айтымында, Россиянын тынч жаткан элине сокку ургандар акыры жазасын алат
Жаңылыктар түрмөгү
0