00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Визиты, союзы и Совбез ООН: глава МИД КР об итогах внешней политики 2025 года
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
В 2025-м план перевыполнен — зампред РКФР о работе фонда за год
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Топуракты күзгү тоңдуруунун мааниси жана жазгы айдап себүүгө даярдык
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Кирешени адалдоо жана террорчулукту каржылоо чөйрөсү жылдан-жылга кооптуу болуп бара жатат. Бул тууралуу Финансылык чалгын кызматынын төрагасы Канат Асангулов билдирди. Ал 26-30-май күндөрү Москвада өтүп жаткан Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана террорчулукту каржылоого каршы күрөшүү боюнча иш-чарага катышууда. Асангуловдун айтымында, өзгөчө жаштардын "дропперчилик" сыяктуу кылмыштарга тартылышы кооптондурат.Ал Кыргызстанда бир нече жылдан бери уюшкан кылмыштуу топторго каршы активдүү күрөш жүрүп жатканын белгиледи.Ал Кыргызстан евразиялык деңгээлде криптобиржалар менен кызматташууну жакшыртууну жана кылмыштуу топтордун мүчөлөрү тууралуу маалымат алмашууну күчөтүүнү сунуштап жатканын кошумчалады. Бул демилгелер Кыргызстан тарабынан Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча евразиялык топтун жыйынында көтөрүлүүдө. Келечекте бул маселелер FATF платформасында талкууланышы мүмкүн.
Бишкекте милиция кызматкери ажатканага тапанчасын унутуп кеткен. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Маалыматка ылайык, окуя 23-майда болгон. Аны 28 жаштагы киши таап алып, 26-майда кайтарып бергени айтылды.Факт боюнча "Шалаакылык" беренеси менен иш козголуп, иликтөө жүрүүдө.
Кыргызстанда алгачкы жолу мамлекеттик органдардын арасында киберспорттук турнир өтөт. Бул туурасында Gov.Games турниринин уюштуруучусу Бермет Самсалиева кабарлады. Gov.Games алкагында мамлекеттик кызматкерлер атактуу болгон Dota 2 жана Counter-Strike 2 оюндарын ойношмокчу. Бир мамлекеттик органдан экиден ашык команда катышканга болбойт. Турнир 3-июнда башталат, финалдык беттештер 14-июнга белгиленген. Башкы демөөрчү жарыштын байге фондуна 20 миң доллар бөлгөн. Кыргызстан киберспорт боюнча тез өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн сап башында турарын бул жааттагы адистер белгилеп келишет.
Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Германиянын канцлери менен вице-канцлеринин сокку уруу аралыгына коюлган чектөөнү алуу боюнча билдирүүсүнө какшык менен жооп узатты. Эскертке кетсек, Германия канцлери Фридрих Мерц Лондон, Париж, Вашингтонго кошулуп эми Берлин да Украинага жөнөтүлгөн курал-жарактан атуу аралыгы боюнча чектөөнү алып салганын жар салган. Башкача айтканда, Киев Россиянын бардык аймагына алыска атылуучу курал менен сокку ура алары айтылды. Кийинчерээк Германиянын вице-канцлери жана Социал-демократтар партиясынын лидери Ларс Клингбайль өлкө Украинага кетчү курал-жарак боюнча позициясын өзгөртпөгөнүн билдирген.Германия бийлигинин жасаган эки ача билдирүүсүнө Кремль да жооп кылды. РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков европалык мамлекеттердин Украинага өздөрү берген курал менен Россияга ылгабай сокку урууга уруксат берүүсү Москванын жаңжалды жөнгө салуу аракетине каршы келерин айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0