00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Особый акцент
Будущее отношений России и Центральной Азии: еще раз о переговорах Путина и лидеров ОДКБ
15:00
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
15:08
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Спорт и память о героях: что приносит Кыргызстану турнир «Кубок Победы»
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тургунбай Садыков 90 жашта: мурас, искусство жана улуу устаттын мектеби
17:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Судьба солдата»: как в КР возвращают имена бойцам, исчезнувшим в годы войны
18:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Улуттук спорт даңазаланат — эми жыл сайын “Улуттук спорт мыктылары” аныкталат
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаттары мамлекеттик тил боюнча мыйзам долбоорлорунун пакетин биринчи окууда колдоп берди. Талкуу учурунда бир катар парламентарийлер мыйзам долбооруна каршы чыкты. Алсак, депутат Балбак Түлөбаев мыйзам долбоору кабыл алынса башка улуттагылар кантип депутат болот деген суроо салды. "Эртең орус, немец улутундагылар кантип депутат болот? Өзбек, казак, түрктөр мейли, а калган улуттарчы? Конституцияда мамлекеттин негизи — эл деп жазылган. Анда кыргыздар эл да, калгандары эл эмеспи? Бул мыйзам долбоорун артка кайтарып, аны даярдагандарга чара көрүү керек", — деди ал. Депутат Бактыбек Сыдыков мыйзамдагы айрым талаптарды "жарма патриоттук" деп, тил маселесин чечүүдө системалуу иш керектигин айтты. Аталган мыйзам долбооруна каршы пикирлерин депутаттар Исхак Масалиев, Гуля Кожокулова, Элмурза Сатыбалдиев да билдиришти. Алардын көпчүлүгү Жогорку Кеңешке талапкерлер мамлекеттик тилди билиши керек деген нормага каршы чыгышты. Ошол эле учурда парламент төрагасы Нурлан Тургунбек уулу мыйзам долбоорун колдоо керектигин белгиледи.
Майыптыкты аныктоо боюнча комиссиядан өтүү мөөнөтүн узартуу сунушталды. Документти Юстиция министрлиги даярдап, коомдук талкууга чыгарды. Азыркы тартипте майыптыкты жыл сайын тастыктоо талап кылынат. Ал эми жаңы долбоор I топ — 7 жылда бир; II топ — 4 жылда бир; III топ — 2 жылда бир узартууну сунуштап жатат. Маалыматка ылайык, өлкөдө 217 миңден ашык мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар. Анын ичинен I топтогулар адатта айыкпас дарттар менен жабыркашат. Майыптык мөөнөтүн узартуу жарандардын кайра-кайра экспертизадан өтүү зарылдыгын азайтып, комиссиялардын ишин жеңилдетет.
Россия президенти Владимир Путин Курск облусуна барып, Украина Куралдуу күчтөрүнүн чабуулунан кийин региондун жашоочуларына жардам берип жаткан ыктыярчылар менен жолукканын РИА Новости жазды. Белгилей кетсек, бул — өлкө башчынын облустун Украина армиясынан бошотулгандан берки аймакка жасаган биринчи сапары. Президент менен жолугууга Элдик фронттун, Курск облусунун ыктыярчылар уюмунун, Куткаручуулардын бүткүл россиялык студенттик корпусу жана башка уюмдардын өкүлдөрү келген. Өткөн жылдын 6-августунда Украина Куралдуу күчтөрүнүн чабуулуна туш болгон Курск облусу быйыл 26-апрелде биротоло бошотулган.
Өзбекстан россиялыктарга өлкөгө ID карта менен кирүүгө уруксат берүүнү пландап жатат. ID карта же ички паспорт менен россиялыктардын Өзбекстанга кирүүсүнө уруксат берүү боюнча иш алып барууну өлкө президенти Шавкат Мирзиеев Ички иштер министрлигине тапшырган. Ал кол койгон документте министрлик сүйлөшүү иштерин жүргүзүп, ишти баштоого 3 ай убакыт берилген. Мындай кадамдардын максаты Өзбекстанга келип жаткан туристерге шарт түзүү менен алардын санын көбөйтүү. Ички паспорт менен жүрүүдө 30 күнгө уруксат берүү каралган. Маалымдалгандай, Өзбекстан президенти ушундай эле жеңилдикти Казакстан жана Азербайжан мамлекеттерине да жеткиликтүү кылууну тапшырган.
Жаңылыктар түрмөгү
0