00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Как конфликт на Ближнем Востоке влияет на рынок ГСМ в ЕАЭС
08:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
09:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
«Мы плохо понимаем Иран» - политолог о новейшей истории и последних событиях
10:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Такафул камсыздандыруусу деген эмне жана ал Кыргызстанда кандайча иштейт?
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте ШКУнун трансулуттук кылмышка каршы күрөшүү борбору ачылат. Уюм эмнеге коопсуздук маселелерин күчөтүүдө?
13:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Ушул жылдын 30-июнунан тартып Россияга кирүү эрежелери өзгөрөрүн Тышкы иштер министрлиги эскертти. Маалыматка ылайык, талаптар бардык чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде кыргызстандыктарга да тиешелүү."Мигранттар Россияга барардан 72 саат мурда мобилдик тиркеме аркылуу өлкөгө баруунун максатын көрсөтүп, тиешелүү электрондук арыз бериши керек. Эгерде адам тез арада дарыланууга муктаж болсо же жакыны каза болуп шашылыш сапарга чыгууга мажбур болсо, бул тууралуу учардан төрт саат мурда кабарлап, тиешелүү документтерди тиркеши керек", — деп айтылат маалыматта. Ошол эле учурда эгерде тиешелүү арыз алдын ала берилбесе, бул Россияга кирүүдөн баш тартууга негиз болбой турганын белгиледи. Бирок акыркы чечим чек ара кызматкерлери тарабынан кабыл алынары кошумчаланды. Белгиленгендей, учурда мигранттар үчүн RuID аттуу тиркеме даярдалып жатат. Анда ар бир адамга санариптик профиль түзүлүп, Россиянын мамлекеттик органдарынан электрондук кызматтарды пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилет.
ИИМ эреже бузган айдоочуларды кайрадан экзаменге жиберүүнүн тартибин иштеп чыкты.Коомдук талкууга чыгарылган мыйзам долбоору президенттин тапшырмасын аткаруу үчүн иштелип чыккан. Анда өлкө башчы 1-сентябрдан баштап эреже бузгандардын айдоочулук билимин текшерүүнү табыштаган.Эгер жеринде текшергенде эрежелерди билбей калса айдоочулук күбөлүгү убактылуу алынып, айдоочу теориялык экзаменге жөнөтүлөт. Аны 60 күн ичинде тапшырбаса айдоо укугу убактылуу токтотулат. Ал эми эреже бузуулар камералар аркылуу катталган болсо, машинаны айдап жүргөн айдоочу өзү экени далилденсе гана экзаменге жөнөтүлөт.
Евробиримдик мамлекеттери РФ лидери Владимир Путин менен АКШ президенти Дональд Трамптын сүйлөшүүсүнөн кийин Россияга карата санкциялык басымды күчөтмөй болду. Бул тууралуу Германия Федеративдүү Республикасынын өкмөтүнүн маалымат катчысы Штефан Корнелиус билдиргенин РИА Новости жазды.Эскерте кетсек, эки өлкөнүн жетекчилери 19-май күнү телефондон сүйлөшкөн. Путин америкалык лидер менен эки сааттан ашуун сүйлөшкөнүн билдирип, жыйынтыгы тууралуу да айткан. Андан бир катар чечимдер менен бирге Россия — Украина жаңжалын токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү дароо баштоо макулдашылган.Трамп андан кийин Киев режиминин жетекчиси Владимир Зеленский жана Евробиримдик өлкөлөрүнүн башчылары менен баарлашып, кабыл алынган чечимдер тууралуу маалымдар кылган.Россияга Батыш атайын аскердик операция башталгандан тарта кысымын күчөткөн. Москва санкцияларга туруштук бере аларын башынан эле айтып келет. Акыркы убакта Батыштын өзүндө да чектөө чаралары эч кандай натыйжа бербегени айтыла баштаган. РФ президенти Владимир Путин Россияны ооздуктоо саясаты Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экенин, санкциялар дүйнөлүк экономикага катуу сокку урганын белгилеген. Анын айтымында, Батыштын негизги максаты — миллиондогон адамдын жашоосун начарлатуу.
Жаңылыктар түрмөгү
0