https://sputnik.kg/20250515/1093990371.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров хоккей боюнча улуттук курама команданын дүйнөлүк чемпионаттын үчүнчү девизионундагы ийгилиги менен куттуктап, сыйлык тапшырды. Бул тууралуу... 15.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-15T17:00+0600
2025-05-15T17:00+0600
2025-05-15T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/0f/1093990239_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_1f5dc401722544ef744d35d01e1ceaf3.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров хоккей боюнча улуттук курама команданын дүйнөлүк чемпионаттын үчүнчү девизионундагы ийгилиги менен куттуктап, сыйлык тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Мамлекет башчысы улуттук команданын экинчи дивизиондун Б тайпасына көтөрүлгөнүн белгилеп, бул ийгилик үч жылдык талыкпас эмгектин, өжөрлүктүн жана командалык биримдиктин жемиши экенине токтолгон."2026-жылы София шаарында өтө турган дүйнө чемпионатында Кыргызстандын намысын коргойсуңар. Артыңардан силердей болууну кыялданган миңдеген жаштарга үмүт жана үлгү болгула", — деп кайрылды Жапаров. Жолугушуунун соңунда президент акчалай сыйлыктарды тапшырды: Эске салсак, Стамбулда өткөн турнирде Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионун жеңип, экинчи дивизионго көтөрүлгөн.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын бардык аймактарында акушерлер тартыш. Бул тууралуу Санжарбек Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун окутуучусу Дилбар Бердикеева билдирди.Анын айтымында, медициналык окуу жайларда акушерлер көп даярдалганы менен алардын бардыгы жумушка орношпойт. "Азыр Кыргызстанда акушерлер жетишсиз. Окуу жайларда көп даярдалат. Бирок эки өмүрдү сактап калуу чоң жоопкерчилик болгондуктан бул ишти алып кете албай жатышат. Ошондой эле эмгек акынын аздыгы дагы себеп болууда", — деди Бердикеева. Ал ошондой эле кадр тартыштыгынан улам эне менен баланын саламаттыгы жетиштүү деңгээлде көзөмөлдөнбөй жатканын кошумчалады.
Мамлекеттик салык кызматынын мониторинг жана маалыматтык системаларды камсыздоо бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты. Билдирүүгө ылайык, ал системалуу түрдө пара алып келген деп айыпталууда."Бул адам Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы эсепке алуу пунктуларынан товарлардын тоскоолдуксуз өткөнү үчүн ишкерлерден акча чогултуп жүргөн. Күн карама майын импорттоочулардын биринин жооптуу адамынан 20 миң доллар жана 1 миллион сомго жакын акча алганы аныкталган", — деп айтылат маалыматта. Шектүү колго түшүрүлүп, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ушу тапта аталган коррупциялык схемага тиешеси барлар аныкталып жатат.
Россияга каршы салына турган санкциялардын жаңы пакетинен АКШ тараптан колдоо болбосо натыйжа чыкпайт. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазып чыкканын РИА Новости кабарлады. "Европалык лидерлер убадалап жаткан масштабдуу санкциялар ири саясий тоскоолдуктарга туш болуп, АКШнын колдоосу жок Россияны зыянга учуратуу планы ишке ашпайт", — деп айтылат макалада. Мындан тышкары, Евробиримдикте барган сайын чектөөлөр боюнча ача пикир көбүрөөк болуп жатканы белгиленген. "Айрымдар Россия нефтисине болгон баанын чегин 60 долларга түшүрүү демилгесин жандантууну сунушташты. Бирок бул үчүн Вашингтондун колдоосу талап кылынат, убадаларга карабай акыркы эки жылда эч кандай өзгөрүү болгон жок. Лидерлер кандайдыр бир чара көрбөсө мындай сөздөрү менен Евробиримдикке болгон ишенимди кыйратышат", — дешкен агенттиктин маектештери.
Садыр Жапаров хоккей боюнча улуттук курама команданын дүйнөлүк чемпионаттын үчүнчү девизионундагы ийгилиги менен куттуктап, сыйлык тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Мамлекет башчысы улуттук команданын экинчи дивизиондун Б тайпасына көтөрүлгөнүн белгилеп, бул ийгилик үч жылдык талыкпас эмгектин, өжөрлүктүн жана командалык биримдиктин жемиши экенине токтолгон."2026-жылы София шаарында өтө турган дүйнө чемпионатында Кыргызстандын намысын коргойсуңар. Артыңардан силердей болууну кыялданган миңдеген жаштарга үмүт жана үлгү болгула", — деп кайрылды Жапаров. Жолугушуунун соңунда президент акчалай сыйлыктарды тапшырды: Эске салсак, Стамбулда өткөн турнирде Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионун жеңип, экинчи дивизионго көтөрүлгөн.Бүгүнкү күндө Кыргызстандын бардык аймактарында акушерлер тартыш. Бул тууралуу Санжарбек Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун окутуучусу Дилбар Бердикеева билдирди.Анын айтымында, медициналык окуу жайларда акушерлер көп даярдалганы менен алардын бардыгы жумушка орношпойт. "Азыр Кыргызстанда акушерлер жетишсиз. Окуу жайларда көп даярдалат. Бирок эки өмүрдү сактап калуу чоң жоопкерчилик болгондуктан бул ишти алып кете албай жатышат. Ошондой эле эмгек акынын аздыгы дагы себеп болууда", — деди Бердикеева. Ал ошондой эле кадр тартыштыгынан улам эне менен баланын саламаттыгы жетиштүү деңгээлде көзөмөлдөнбөй жатканын кошумчалады.Мамлекеттик салык кызматынын мониторинг жана маалыматтык системаларды камсыздоо бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты. Билдирүүгө ылайык, ал системалуу түрдө пара алып келген деп айыпталууда."Бул адам Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы эсепке алуу пунктуларынан товарлардын тоскоолдуксуз өткөнү үчүн ишкерлерден акча чогултуп жүргөн. Күн карама майын импорттоочулардын биринин жооптуу адамынан 20 миң доллар жана 1 миллион сомго жакын акча алганы аныкталган", — деп айтылат маалыматта. Шектүү колго түшүрүлүп, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ушу тапта аталган коррупциялык схемага тиешеси барлар аныкталып жатат.Россияга каршы салына турган санкциялардын жаңы пакетинен АКШ тараптан колдоо болбосо натыйжа чыкпайт. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазып чыкканын РИА Новости кабарлады. "Европалык лидерлер убадалап жаткан масштабдуу санкциялар ири саясий тоскоолдуктарга туш болуп, АКШнын колдоосу жок Россияны зыянга учуратуу планы ишке ашпайт", — деп айтылат макалада. Мындан тышкары, Евробиримдикте барган сайын чектөөлөр боюнча ача пикир көбүрөөк болуп жатканы белгиленген. "Айрымдар Россия нефтисине болгон баанын чегин 60 долларга түшүрүү демилгесин жандантууну сунушташты. Бирок бул үчүн Вашингтондун колдоосу талап кылынат, убадаларга карабай акыркы эки жылда эч кандай өзгөрүү болгон жок. Лидерлер кандайдыр бир чара көрбөсө мындай сөздөрү менен Евробиримдикке болгон ишенимди кыйратышат", — дешкен агенттиктин маектештери.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/0f/1093990239_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_e99b2333abdb9f082fea626e378c1360.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио