https://sputnik.kg/20250514/biokoopsuzduk-eaeb-turlor-1093972936.html
ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн биокоопсуздуктун кайсы түрү көбүрөөк мааниге ээ
ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн биокоопсуздуктун кайсы түрү көбүрөөк мааниге ээ
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн биокоопсуздуктун кайсы түрү көбүрөөк мааниге ээ болушу мүмкүн экенин Россиянын Илимдер академиясынын академиги... 14.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-14T17:16+0600
2025-05-14T17:16+0600
2025-05-14T17:16+0600
пресс-борбор
геннадий онищенко
кыргызстан
еаэб
россия
биокоопсуздук
https://sputnik.kg/img/07e9/05/0e/1093969384_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_639765b1b8348648cc91c7d8d67251a4.jpg
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн биокоопсуздуктун кайсы түрү көбүрөөк мааниге ээ болушу мүмкүн экенин Россиянын Илимдер академиясынын академиги Геннадий Онищенко айтып берди. Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн "ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү биологиялык коопсуздук" деп аталган видеокөпүрөдө сүйлөгөн. Академиктин айтымында, планетадагы элдин көбүндө, маселен, чечекке иммундук туруктуулук жок. Эгерде кокустук болуп сакталып турган лабораториялык штаммдар тарап кетсе, кыйла эле апаат болушу мүмкүн. Мындан сырткары, ЕАЭБге мүчө мамлекеттер антибиотиктерди тоготпой турган бактериялар боюнча көйгөйгө туш болууда. "Антибиотиктерди ойлонбостон көп ичип, организмибиздеги пайдалуу бактерияларды өлтүрүп, ичегилердин микрофлорасын бузуп, ооруларды жараткан грибоктордун көбөйүшүнө шарт түзүп берип жатабыз. Анын ичинде климат өзгөргөндө көп жерге кеңири таралгандары (патогендер) да бар", — деген эксперт. Ал Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму аркылуу кооптуулук жараткан жаңы пандемияны пайда кылышы ыктымал деген инфекциялардын тизмеси түзүлүп, алардын саны 36га жеткенин билдирди. Булардын арасында грипп, коронавирустар, метапневмовирус, эбола жана маймыл чечеги сымал экзотикалык илдеттер бар. Онищенконун айтымында, биологиялык коопсуздукту камсыздоо үчүн маанилүү нерсе — алдын алуу, тагыраагы, профилактикалык иштер. "Эгерде кезекте кайсы вирустун тарап кетип, пандемия жаратарын билсек, анда вакцина жасап, эмдөөдөн өтөт элек. Азырынча мындай мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан санитардык иш-чараларды, эл аралык кызматташууну, анан албетте, илимди өнүктүрүү керек", — деген ал.
https://sputnik.kg/20240905/onischenko-antibiotikke-turuktuu-bakteriyalar-tuuraluu-aytty-1088427357.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/0e/1093969384_154:0:2885:2048_1920x0_80_0_0_6cb8061b4195246115195bcd0bfa439b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
геннадий онищенко, кыргызстан, еаэб, россия, биокоопсуздук
геннадий онищенко, кыргызстан, еаэб, россия, биокоопсуздук
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн биокоопсуздуктун кайсы түрү көбүрөөк мааниге ээ болушу мүмкүн экенин Россиянын Илимдер академиясынын академиги Геннадий Онищенко айтып берди.
Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн "ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү биологиялык коопсуздук" деп аталган видеокөпүрөдө сүйлөгөн.
"Бүгүнкү күндө түйшөлдүргөн бир көрүнүштү байкап жатабыз — кызамык сыяктуу эбак унутулган инфекциялар кайтып келүүдө. Буга бир нече себеп бар. Алар сырттан шыкактап койгон антивакциналык кыймылдардын көбөйүшүнөн тартып, калктын жөнөкөй сабатсыздыгына чейинки нерселер. Мунун артында кырдаалды чайпалтууну каалаган атайын кызматтардан баштап, адамдардын илдетинен киреше тапкан фармацевтикалык компаниялардын деструктивдүү кызыкчылыктары турат", — деди Онищенко.
Академиктин айтымында, планетадагы элдин көбүндө, маселен, чечекке иммундук туруктуулук жок. Эгерде кокустук болуп сакталып турган лабораториялык штаммдар тарап кетсе, кыйла эле апаат болушу мүмкүн.
Мындан сырткары, ЕАЭБге мүчө мамлекеттер антибиотиктерди тоготпой турган бактериялар боюнча көйгөйгө туш болууда.
"Антибиотиктерди ойлонбостон көп ичип, организмибиздеги пайдалуу бактерияларды өлтүрүп, ичегилердин микрофлорасын бузуп, ооруларды жараткан грибоктордун көбөйүшүнө шарт түзүп берип жатабыз. Анын ичинде климат өзгөргөндө көп жерге кеңири таралгандары (патогендер) да бар", — деген эксперт.
Ал Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму аркылуу кооптуулук жараткан жаңы пандемияны пайда кылышы ыктымал деген инфекциялардын тизмеси түзүлүп, алардын саны 36га жеткенин билдирди. Булардын арасында грипп, коронавирустар, метапневмовирус, эбола жана маймыл чечеги сымал экзотикалык илдеттер бар.
Онищенконун айтымында, биологиялык коопсуздукту камсыздоо үчүн маанилүү нерсе — алдын алуу, тагыраагы, профилактикалык иштер.
"Эгерде кезекте кайсы вирустун тарап кетип, пандемия жаратарын билсек, анда вакцина жасап, эмдөөдөн өтөт элек. Азырынча мындай мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан санитардык иш-чараларды, эл аралык кызматташууну, анан албетте, илимди өнүктүрүү керек", — деген ал.