https://sputnik.kg/20250507/indiya-pakistan-sogush-chabuul-sokku-chek-ara-terrorchuluk-1093808775.html
Пакистан-Индия чатагы: 70 кишинин көз жумганы айтылды
Пакистан-Индия чатагы: 70 кишинин көз жумганы айтылды
Sputnik Кыргызстан
Мурдараак Пакистан тарап каза тапкан жай жарандардын саны 26га жеткенин, 46 адам жаракат алганын билдирген. 07.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-07T14:31+0600
2025-05-07T14:31+0600
2025-05-07T14:48+0600
дүйнөдө
индия
пакистан
согуш
чабуул
террорчулук
https://sputnik.kg/img/07e9/04/1c/1093617161_0:0:2000:1125_1920x0_80_0_0_24c944e6744786b9233e10a97b4382d0.jpg
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Индиялык аскерлердин түндө Пакистанга жасаган соккусунан кеминде 70тей адам көз жумду. Бул тууралуу индиялык NDTV телеканалы өкмөттөгү маалымат булактарына таянып билдиргенин РИА Новости жазды. Мурдараак Пакистандын Куралдуу күчтөрүнүн коомчулук менен байланыш башкармалыгынан Индиянын соккусунан каза тапкан жөнөкөй жарандардын саны 26га жеткенин, 46 адам жаракат алганын айтышкан. Түндө Индиянын Коргоо министрлиги Пахалгамдагы терактыга жооп кылып "Синдур" операциясын баштаганын билдирген. Нью-Дели аскерлери Пакистандын террордук инфраструктураларына сокку урганын, 9 жерге чабуул жасалганын, бирок алардын арасында армиянын объектилери жок экенин белгилеген. Ал эми Исламабад Индия Пакистандын калк жашаган беш аймагына кол салганын маалымдады. Пакистан абалга байланыштуу аба мейкиндигин 48 саатка жапкан, ошондой эле Индияга жооп катары ракета менен сокку урган. 2025-жылдын 22-апрелинде Индиянын Жамму жана Кашмир аймагындагы Пахалгам шаарына жакын жердеги террордук чабуулдан кийин эки мамлекеттин ортосундагы абал көзөмөл-өткөрүү постторунда чыңалган. Анда куралчан бир нече адам туристтерди аткылап, индиялык 25 жана Непалдын бир жараны каза болгон. Кол салууга жоопкерчиликти "Лашкар-и-Тайба"* террордук уюму менен байланышкан "Каршылык фронту" тобу алган. Министрлер кабинетинин башчысы Норенда Моди башында турган Коопсуздук комитети элчиликтеги кызматкерлерди 55тен 35 адамга кыскартып, Инд суусу жөнүндө келишимди токтотуп, Вагах – Аттари багыты боюнча жалгыз чек ара өтмөгүн жабуу чечимин кабыл алган. Исламабад Инд суу келишими боюнча Пакистанга таандык суунун агымын токтотуу же башка жакка буруу аракеттери согуш актысы катары карала турганын белгилеген. Нью-Дели аталган көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу өткөн пакистандыктардан өлкөдөн 1-майга чейин чыгып кетүүнү талап кылган. Мындан тышкары, Индия бийлиги коңшу мамлекеттин жарандарына Түштүк Азия аймактык кызматташтык ассоциациясынын (СААРК) визадан бошотуу системасы аркылуу Индияга киришине тыюу салды. Аталган система аркылуу өлкө аймагына ага чейин киргендерге Индиядан чыгып кетүүгө 48 саат убакыт беришкен. Ошондой эле Пакистандын жарандарына виза берүүнү тез арада токтотуп, мурдараак берилген документтерди 27-апрелден баштап жокко чыгарууну чечкен. Ал эми экинчи тарап — Пакистан бийлиги Нью-Дели менен сооданы, анын ичинде үчүнчү өлкөлөр аркылуу соода жүргүзүүнү токтоторун жар салды. Индиянын Исламабаддагы коргонуу маселелери боюнча кеңешчилерине, Аскер-деңиз күчтөрүнө, Аскер-аба күчтөрүнө нон-грата персонасын жарыялап, Индиянын авиакомпанияларына аба мейкиндигин жаап, жарандарына СААРКтын визадан бошотуу системасынын алкагында виза берүүнү токтоткон. * Россиянын аймагында тыюу салынган террордук уюм
https://sputnik.kg/20250507/indiya-pakistan-tim-kajryluu-1093807801.html
индия
пакистан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/1c/1093617161_137:0:1916:1334_1920x0_80_0_0_fadd0d63d50988d278c8b42986f77bc3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, индия, пакистан, согуш, чабуул, террорчулук
дүйнөдө, индия, пакистан, согуш, чабуул, террорчулук
Пакистан-Индия чатагы: 70 кишинин көз жумганы айтылды
14:31 07.05.2025 (Жаңыртылды: 14:48 07.05.2025) Мурдараак Пакистан тарап каза тапкан жай жарандардын саны 26га жеткенин, 46 адам жаракат алганын билдирген.
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Индиялык аскерлердин түндө Пакистанга жасаган соккусунан кеминде 70тей адам көз жумду. Бул тууралуу индиялык NDTV телеканалы өкмөттөгү маалымат булактарына таянып билдиргенин
РИА Новости жазды.
"Индия тогуз жерге 24 ракеталык сокку ургандан кийин жетимиш террорчу жок кылынды", — деп айтылган анда.
Мурдараак Пакистандын Куралдуу күчтөрүнүн коомчулук менен байланыш башкармалыгынан Индиянын соккусунан каза тапкан жөнөкөй жарандардын саны
26га жеткенин, 46 адам жаракат алганын айтышкан.
Түндө Индиянын Коргоо министрлиги Пахалгамдагы терактыга жооп кылып "Синдур" операциясын
баштаганын билдирген. Нью-Дели аскерлери Пакистандын террордук инфраструктураларына сокку урганын, 9 жерге чабуул жасалганын, бирок алардын арасында армиянын объектилери жок экенин белгилеген. Ал эми Исламабад Индия Пакистандын калк жашаган беш аймагына кол салганын маалымдады.
Пакистан абалга байланыштуу аба мейкиндигин 48 саатка жапкан, ошондой эле Индияга жооп катары ракета менен сокку урган.
2025-жылдын 22-апрелинде Индиянын Жамму жана Кашмир аймагындагы Пахалгам шаарына жакын жердеги террордук чабуулдан кийин эки мамлекеттин ортосундагы абал көзөмөл-өткөрүү постторунда чыңалган. Анда куралчан бир нече адам туристтерди аткылап, индиялык 25 жана Непалдын бир жараны каза болгон. Кол салууга жоопкерчиликти "Лашкар-и-Тайба"* террордук уюму менен байланышкан "Каршылык фронту" тобу алган.
Министрлер кабинетинин башчысы Норенда Моди башында турган Коопсуздук комитети элчиликтеги кызматкерлерди 55тен 35 адамга кыскартып, Инд суусу жөнүндө келишимди токтотуп, Вагах – Аттари багыты боюнча жалгыз чек ара өтмөгүн жабуу чечимин кабыл алган. Исламабад Инд суу келишими боюнча Пакистанга таандык суунун агымын токтотуу же башка жакка буруу аракеттери согуш актысы катары карала турганын белгилеген.
Нью-Дели аталган көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу өткөн пакистандыктардан өлкөдөн 1-майга чейин чыгып кетүүнү талап кылган. Мындан тышкары, Индия бийлиги коңшу мамлекеттин жарандарына Түштүк Азия аймактык кызматташтык ассоциациясынын (СААРК) визадан бошотуу системасы аркылуу Индияга киришине тыюу салды. Аталган система аркылуу өлкө аймагына ага чейин киргендерге Индиядан чыгып кетүүгө 48 саат убакыт беришкен. Ошондой эле Пакистандын жарандарына виза берүүнү тез арада токтотуп, мурдараак берилген документтерди 27-апрелден баштап жокко чыгарууну чечкен.
Ал эми экинчи тарап — Пакистан бийлиги Нью-Дели менен сооданы, анын ичинде үчүнчү өлкөлөр аркылуу соода жүргүзүүнү токтоторун жар салды. Индиянын Исламабаддагы коргонуу маселелери боюнча кеңешчилерине, Аскер-деңиз күчтөрүнө, Аскер-аба күчтөрүнө нон-грата персонасын жарыялап, Индиянын авиакомпанияларына аба мейкиндигин жаап, жарандарына СААРКтын визадан бошотуу системасынын алкагында виза берүүнү токтоткон.
* Россиянын аймагында тыюу салынган террордук уюм