00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Индия менен Пакистандын ортосундагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу билдирүү жасады. Мамлекет башчы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгон эки өлкөнү ынтымакка чакырып, Кыргызстан дайыма туруктуулукту, коопсуздукту жана эл аралык укукту урматтоону жактай турганын белгиледи. "Эки тарапты сабырдуулукка, чыр-чатактын мындан ары күчөшүнө жол бербөөгө жана тынчтык жолу менен чечүү үчүн сүйлөшүүлөргө кайтууга чакырабыз", — деди Жапаров. Өткөн түндө Индия Пакистанга сокку уруп, "Синдур" операциясы башталганын, анын алкагында Пакистандын "террордук инфраструктурасына" сокку урулганын билдирди. Чабуул тогуз жерге жасалган. Ошондой эле Исламабаддын "ой келди аткылоосунун" кесепетинен үч киши каза болгонун кошумчалаган. Пакистан армиясы индиялык соккунун кесепетинен сегиз киши каза таап, 35и жаракат алды деп кабарлады. Өлкөнүн премьери Индияга "өлкө болгон күчү менен толук жооп берүүгө укуктуу" экендигин билдирип, Улуттук коопсуздук кеңештин жыйынын чакырды. Өкмөт башчынын айтымында, Пакистандагы калктуу беш жерге чабуул жасалган. Исламабад аба мейкиндигин 48 саатка жаап, Куралдуу аба күчтөрү индиялык беш истребителди атып түшүргөнүн айткан.
Коргоо министри Бактыбек Бекболотов баш болгон министрликтин жетекчилиги Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктаганын ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.Билдирмеге караганда, Бишкектеги алты ардагерге министрликтин аскердик-көрсөтмө оркестри, Улуттук гвардиянын ардак кароол ротасынын аскерлери концерт тартуулап, мындай куттуктоо башка аймактарда болгон. Министрликтин маалыматы боюнча, 360 миңден ашуун мекендеш Улуу Ата Мекендик согушка кетип, алардын 160 миңден ашууну согуштан кайтып келген эмес. Жарымынан көбү медаль жана ордендер менен сыйланган, 74 кыргызстандык Советтер Союзунун Баатыры, ал эми 26сы Даңк орденинин толук кавалери болгон. Быйыл Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын Кыргызстанда согуштун 14 катышуучусу белгилейт.
АКШ өлкөдөн өз алдынча чыгып кеткен мыйзамсыз мигранттарга миң доллардан берет. Бул тууралуу Американын Ички коопсуздук министрлиги жарыялаган атайын программада айтылат. Ал үчүн CBP Home тиркемесин жүктөп, программага катталып, АКШдан чыгуу зарыл. Мигрант мекенине жеткен соң АКШ бул үчүн миң доллар стипендия которуп берет. Ошондой эле өз алдынча депортациялангандарга кийин расмий жол менен АКШга келүүгө мүмкүнчүлүк берилери айтылды. Ведомство мындай жол менен депортациялоого кеткен чыгымды 70 пайызга кыскартса болорун кошумчалаган. Азыр АКШ бийлиги мыйзамсыз жүргөн мигрантты өлкөдөн чыгарыш үчүн орточо эсеп менен 17 миң 121 доллар сарптайт. Өткөн аптада АКШ Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан мыйзамсыз барган 131 мигрантты депортациялаган. Процесс Өзбекстандын өкмөтү менен биргеликте ишке ашырылып, мигранттарды алып кетүүгө коңшу өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиеев учак жөнөткөнү маалым болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0