00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Ысык-Көлдө таштанды өрттөөчү эки завод курулат. Бул тууралуу Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов Кытайдан келген "Хунань Цзюньсинь Хуаньбао" компаниясынын өкүлдөрү менен жолуккан. Жолугушууда Ысык-Көл облусунун экологиялык абалын жакшыртуу, катуу тиричилик калдыктарын башкарууну жөнгө салуу максатында Балыкчы шаарында жана Ак-Суу районунда таштанды өрттөөчү заманбап заводдорду куруу боюнча инвестициялык долбоор сунушталды. Инвесторлор учурда ушундай эле заводду Бишкек шаарында куруп жатышканын жана бул тармактагы тажрыйбасын Ысык-Көлдө да колдонууга даяр экенин белгилешти. Алар долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдап бүтүшкөнүн жана курулушту 2025-жылдын ичинде баштоого даярдыгын билдиришти. Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу макулдашууга кол коюлду. Инвесторлор тарабынан заводдорду куруу, жабдуулар менен камсыз кылуу жана кызматкерлерди окутуу иштери жүргүзүлөт.
Бишкекте күз-кыш мезгилин утурлай отказандар жасалууда. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Бишкек мэринин орун басары Таалайбек Байгазиев газ менен иштей турган отказандар жасалып жаткан “Бишкек жылуулук энерго” муниципалдык ишканасына барды. Учурда кубаттуулугу 5 МВт болгон эки отказан жасалып бүттү. Алдыдагы күз-кыш жылытуу мезгилине карата дагы 9 отказан даярдалат. Таалайбек Байгазиев ишканада буга чейин көмүр менен иштеген отказандар жасалып келген болсо, 2025-жылдан тарта биринчи жолу газ менен иштей турган отказандар жасалып жатканын белгиледи.
Китепкана, клубдарды жоюп, ордуна көп функционалдуу маданий борборлорду түзүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документти Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги даярдаган. Андагы маалыматка ылайык, өлкөдөгү 1050 китепкананын ичинен 51и авариялык абалда, 214ү капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж. Ал эми 650 айылдык маданият үйлөрүнүн 61и авариялык абалда, 199уна капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү керек. Мында аларды жоюп, ордуна бирдиктүү көп функционалдуу маданий борборлорду түзүү сунушталууда. Бул борборлор жаштар, карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүү болот.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Пакистандын тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Москва Исламабад менен Нью-Делинин ортодогу келишпестигин жөнгө салууга жардам берүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. "Тараптардын ортосундагы чыңалуунун күчөп баратышына өзгөчө көңүл бурулду. Россия тарап Исламабад менен Нью-Делинин элдешүү ойлору болсо 22-апрелдеги Пахалгам шаарынын аймагындагы терактынын натыйжасында жаралган кырдаалды саясий жактан жөнгө салууга көмөктөшүүгө даяр экендигин белгиледи", — деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө. Сүйлөшүү Пакистан тара
Жаңылыктар түрмөгү
0