00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
15:52
7 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Минприроды КР запретило квадроциклы на горных склонах и установило лимит на сбор грибов - обсуждаем инициативу
08:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
2030-жылга чейинки өнүктүрүү программасы жана административдик-аймактык реформалар
09:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Поправки к закону об образовании: кто и как сможет лишить вуз лицензии без суда
10:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Электрондук көзөмөл же оңолууга мүмкүнчүлүк: Кыргызстанда пробациянын жаңы системасы мобилдик тиркеме кандай иштейт?
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Маматзия Жолдошев о новых правилах получения документов для работы на строительном рынке
12:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
12 миллион документ санарипке өттү: Юстиция министрлигиндеги жаңы реформалар
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Кыргызстандагы мектептерде үч тилдүү билим берүү системасын киргизүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун депутат Миргүл Темирбаева демилгеледи. Ага ылайык, окутуу баштапкы мектепте кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Андан ары кыргыз, орус жана англис тилдеринде болот. Мыйзам долбоорунун негиздемесинде үч тилдүү окутуунун киргизүү — өлкөнүн билим берүү тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болушу керектиги айтылган. "Кыргыз тили улуттук аң-сезимди, жарандык өзүнчөлүктү жана мамлекеттүүлүктү чыңдоодо негизги фактор катары колдоо табууда. Ал эми расмий статусу бар орус тили өлкөдөгү көп улуттуу жарандардын ортосунда байланыш тили катары маанилүү ролду ойнойт. Англис тили — глобалдашкан дүйнөдө илим-билимдин, бизнес жана технологиянын тили болуп саналат", — деп айтылат негиздемеде. Демилгечи белгилегендей, өлкөдө билим берүү кыргыз жана орус тилдеринде болгондуктан үч тилде окутууну киргизүүгө бардык негиздер бар. Мындан тышкары, англис тилин кеңири үйрөнүү өлкөнүн туризм, технология, бизнес тармактарында да кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөрү кошумчаланган.
Ош — Алматы багыты боюнча авиакаттам ачылууда. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропортторунан" кабарлашты. Маалыматка ылайык, Air Astana компаниясынын учактары 28-майдан баштап уча баштайт. Каттамдар шейшемби, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү заманбап Airbus A320 учактары менен аткарылат.
Евразия экономикалык комиссиясынын соода министри Андрей Слепнев Иорданиянын Россиядагы элчиси Халид Шавабка менен жолугушту. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы билдирди. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө иорданиялык тарап Евразия экономикалык биримдиги менен соода жана инвестиция тармагында өз ара кызматташууну бекемдөөгө, ошондой эле эркин соода келишимин түзүүгө кызыкдар экенин билдирди. “Биз бул маселени мүмкүн болушунча тезирээк чечүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз жана кабыл алынган чечим тууралуу Иорданияга кабарлайбыз”, — деди Слепнев. Мындан тышкары, 2017-жылы түзүлгөн ЕЭК менен Иордания өкмөтүнүн ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумдун алкагында ишти улантуунун маанилүүлүгү белгиленди. Ошону менен бирге иорданиялык тараптын тиешелүү байланыштарды активдештирүү демилгеси колдоого алынды.
Президент Дональд Трамп киргизген бажы алымдарынан улам АКШ рецессияга туш болушу мүмкүн. Бул тууралуу JPMorgan Chase банкынын экономисти Майкл Феролиге таянып Bloomberg кабарлады. "Бажы алымдарынын киргизилишинен реалдуу ИДП төмөндөшү күтүлүүдө. Реалдуу ИДПнын өсүшү -0,3 пайыз болот деп болжолдоп жатабыз. Бул мурдагы 1,3 пайыздык божомолго караганда төмөн", — деген экономист. Феролинин айтымында, болжолдонуп жаткан рецессия жумуш менен камсыздоону жайлатып, келечегинде АКШдагы жумушсуздуктун деңгээли 5,3 пайызга чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Эске салсак, шаршембиде Трамп импортко бажы алымдарын киргизген. Анын эң төмөнкүсү 10 пайыз деп белгиленген. АКШнын соода өкүлчүлүгүнүн түшүндүрмөсүнө ылайык, бул соода балансын камсыздоо максат
Жаңылыктар түрмөгү
0