00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Мөңгүлөрдүн эришин токтотуу үчүн Кыргызстандын аймагына 7 миллиард түп бак отургузуу керек. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусунун орун басары Алмаз Раимбеков билдирди. Бул топурактагы нымдуулукту сактап, мөңгүлөрдүн эригенин жайлатат. Раимбеков экологдор 35 жылдын ичинде мөңгүлөр толук эрип кетишин эскерткенин эске салган. "Эгер азыр баштабасак, 35 жылдан кийин кеч болуп калат. Мөңгүлөр жок болуп, суу тартыштыгы өлкө тарыхындагы эң чоң экологиялык кризис менен бетме-бет келет. Сунуш - же азыр иш баштайбыз, же апаатка даярданууга туура келет", — деп жазган ал. Ошондой эле ал мамлекет жашылдандыруу жана экосистеманы коргоо программаларын ишке ашыруу менен суу ресурстарын сактоого багытталган демилгелерди колдоп жатканын кошумчалган.
Министрлер кабинети "1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы" аталышындагы бирдиктүү юбилейлик медаль менен сыйлоо тартибин бекитти. Тиешелүү чечимге Адылбек Касымалиев кол койгон. Документ КМШнын бирдиктүү юбилейлик медаль уюштуруу жөнүндөгү чечимин ишке ашыруу максатында даярдалганы айтылды. Коргоо министрлигине аталган медалдарды даярдоо жана тапшырууну уюштуруу тапшырылды.
Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова суу тармагына өзгөчө кырдаал киргизип, өзүнчө министрлик түзүүнү сунуштады. Анын айтымында, суу тартыштыгы өлкөдө эле эмес, региондук деңгээлде көйгөй болууда. "Суу ресурстарын бөлүштүрүүнү кайрадан карап чыгуу керек. Өлкөдө энергетикага өзгөчө кырдаал киргизилген. Ушундай эле режимди суу пайдалануу багытында да колдонуп, өзүнчө министрлик түзүү зарыл. Афганстандагы каналдын курулушу жана башка маселелер көйгөйдү курчутууда. Суу тартыштыгын алдын алуу үчүн Россиянын көмөгү менен атомдук электр станциясын курууну карап чыгуу зарыл. Коңшу Казакстан менен Өзбекстан ушул багытта иш жүргүзүүдө", — деди Кожогулова.
"Манас" аэропортуна бараткан жолдо 49 дарак мыйзамсыз кыйылганы аныкталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. "Бишкек жашыл курулуш" ишканасы жана Жаратылыш ресурстар министрлигинин кызматкерлеринен турган комиссия түзүлүп, 49 дарак — кара жыгач жана мажүрүм тал мыйзамсыз кыйылганын аныкташкан. Мэрия дарактарды кыйгандар алдын ала эч ким менен макулдашпаганын кошумчалады. "Ар бир дарактын диаметри ченелип, экологдор тарабынан айып пулдун суммасы чыгарылат", — деп жазылган маалыматта.
Москва менен Пекин эл аралык БУУ, БРИКС жана ШКУ сыяктуу бир топ аянтчаларда ийгиликтүү иштеп келе жатат. Мындай пикирин РФ президенти Владимир Путин Кытайдын ТИМ башчысы Ван Ини кабыл алганда айтканын РИА Новости жазды."Бизде эки тараптуу мамилелердин азыркы абалы тууралуу сүйлөшүүгө, эл аралык аянтчалардагы кызматташууларды талкуулоого мүмкүнчүлүк болот. Алардын арасынан ийгиликтүү кызматташып жаткан Бириккен Улуттар Уюмун, БУУнун Коопсуздук кеңешин, Шанхай кызматташтык уюмун, БРИКС жана бир катарларын өзгөчө бөлүп белгилейбиз", — деген президент.
Жаңылыктар түрмөгү
0