00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Лекции, которые можно пересмотреть: зачем университетам собственные видеостудии
12:09
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Эми спорттук медицина өнүгөт — “Мүрөк” борбору качан ачылат?
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстан алтынчы орунду ээледиАрмения ЖККУну каржылоодон баш тарттыКыргызстан алты чет мамлекеттин паспортторун басып чыгара баштайт Алдыда кененирээкКыргызстанда магнитудасы 4,3кө жеткен жер титиреди. Очогу Чүй облусундагы Ысык-Ата районунда жайгашып, саат 13:25те сезилди. Ошондой эле, ушул эле убакытта Нарын облусунун аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Учурда КР Сейсмология институту муну тактоо иштерин жүргүзүүдө. Эске салсак, Кыргызстанда 28-март күнү таңга маал жер силкинип, Таластын Көпүрө-Базар айылында 6 баллга жеткени айтылган. Ал эми Бишкекте 4 балл сезилген. Ал күнү жалпы жонунан үч ирет жер титиреген.
Иорданияда 25-30-март күндөрү өткөн күрөш боюнча Азия биринчилигинде кыргызстандык балбан кыз-жигиттер алты медаль алып, командалык эсепте 6-орунду камсыздады. Грек-рим күрөшүнөн Раззак Бейшекеев (67 кг) күмүш, Ырыскелди Максатбек уулу (77 кг) колону утту. Кыз-келиндер арасынан Айпери Медет кызы (76 кг) алтын, Калмира Билимбек кызы (62 кг) коло тагынды. Ал эми эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев (70 кг) алтын, Орозбек Токтомамбетов (74 кг) күмүш алды. Натыйжада жалпы командалык эсепте биздин өлкөнүн спортчулары Иран, Япония, Түндүк Корея, Өзбекстан жана Казакстандан кийинки орунга жайгашты.
Кыргызстан жакын арада алты чет мамлекеттин паспортторун чыгарат. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта журналисттерге президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, паспорт даярдоо боюнча азыр африкалык эки өлкө: Гана жана Намибия менен келишим түзүлдү. Келерки аптада чет мамлекеттер менен дагы төрт келишимге кол коюлат. Бирок Каныбек Туманбаев бул өлкөлөрдүн атын атоодон баш тартты. Ал бул тууралуу келишимдерге кол коюлгандан кийин гана билдирерин белгиледи. Эске салсак, Кыргызстан өз паспортторун 2023-жылдын сентябрь айынан тарта басып чыгара баштаган. Документтерди «Учкун» мамлекеттик басмаканасы чыгарат. Буга чейин өлкө ID-карталарды жана жалпы жарандык паспортторду чет өлкөдөн буйрутма менен алып келген.
Ереван Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун катчылыгына ЖККУну каржылоону караган документке кол коюудан баш тартуу чечимин кабарлады. Бул тууралуу Армениянын Тышкы иштер министрлиги билдиргенин Sputnik Армения жазды. "Армения тарап Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун катчылыгына Жамааттык коопсуздук кеңешинин "2024-жылга ЖККУнун бюджети жөнүндө" чечимине кол коюудан жана уюмдун анда каралган иш-чараларын каржылоого катышуудан баш тартып жаткандыгы тууралуу расмий кабарлады", — деген өлкө ТИМи. Ведомство ошондой эле ЖККУнун ички жол-жоболоруна ылайык, жылдык бюджет тууралуу маалымат коомчулукка таркатылбай турганын белгилеген. Буга чейин Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин эгер Армения 2025-жылдын соңуна чейин төлөмдү төлөбөсө, ЖККУга мүчө мамлекеттер кырдаалдын өнүгүшүнүн ар кандай сценарийлерин карашы мүмкүн экенин билдирген.2024-жылдын башында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян республика ЖККУга катышууну тоңдурганын жарыялаган. Кийинчерээк ал Армениянын уюмга кайтып келиши барган сайын кыйындап баратканын айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0