00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Юстиция министрлигинин “Электрондук нотариат” системасынын контролдук-кассалык машиналарынын системасына интеграцияланды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Белгиленгендей, "Электрондук нотариат" системасын ККМ тутумуна интеграциялоо санариптик кызматтарды өнүктүрүүдө жана мамлекеттин жарандар менен өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатууда маанилүү кадам болуп саналат. Бул процесс Юстиция министрлиги менен Салык кызматынын биргелешкен ишинин негизинде ишке ашырылды жана нотариалдык кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу финансылык операциялардын ачыктыгын жана аларды контролдоону күчөтүүгө багытталган. 2025-жылдын 26-мартынан тартып "Электрондук нотариат" системасын пайдаланган нотариустардын кызматтары ККМ колдонуудан бошотулат, ал эми нотариустар тарабынан жүргүзүлгөн бардык төлөмдөр Салык кызматынын маалыматтар базасында реалдуу убакыт режиминде автоматтык түрдө катталат.
ЕЭКтин коллегиясы товар декларациясы катары транспорттук, коммерциялык жана башка документтерди пайдалануу тартиби боюнча нускамага өзгөртүүлөрдү киргизди. ЕЭКтен билдиришкендей, жалпы декларациянын формасынын ордуна жөнөкөйлөтүлгөн бажы документин пайдалануу учурлары кеңейтилди. "Алардын катарында мурда киргизилген же чыгарылган, расмий эл аралык спорттук иш-чараларда колдонууга арналган товарларга карата атайын бажы процедурасын аяктоо мүмкүнчүлүгү бар", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле бул документ менен медициналык жардам үчүн адамдын органдарын жана ткандарын, кан жана анын компоненттерин декларациялоого шарт түзүлдү. Мындан тышкары, товарлардын баасын көрсөтпөөгө мүмкүнчүлүк берилди. Бул өзгөртүүлөр айрым товар категорияларын бажылык декларациялоосун жөнөкөйлөтүп, алуучуларга жеткирүү убактысын кыскартары кошумчаланды.
Баткенде мандариндин жаңы сортторун сыноо пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, суукка чыдамдуу көчөттөр Түркиядан алып келинет. "Сыноонун алкагында түрк мандарининин сортторун Баткен облусунун климаттык шартына ыңгайлашуусун, төмөнкү температурага туруктуулугун жана потенциалдуу түшүмдүүлүгүн баалоо пландаштырылууда", — деп айтылат маалыматта. Сыноо ийгиликтүү өтсө өндүрүштү жолго коюуга мүмкүнчүлүк түзүлүп, ички рынокту жергиликтүү продукциянын ассортиментин кеңейтүүгө шарт түзүлөрү кошумчаланды.
Россия менен АКШ энергосистемаларга сокку уруу боюнча мораторийге россиялык, украиналык кайсы объектилер кире турганын макулдашты. Бул туурасында Кремлден билдиришти. Тизмеге мунайды кайра иштетүүчү ишканалар; мунай, газ куурлары, аларды сактаган кампалар. Буга насостук станциялар да кошулат; инфраструктурага берилүүчү электр энергиясы, ага электр станциялар, подстанциялар, трансформаторлор жана аларды бөлүштүрө турган түзүмдөр кирген; атомдук электростанциялар; гидроэлектростанциялардын дамбалары кирет. Убактылуу мораторий 18-марттан тарта иштеп баштап, 30 күнгө созулат. Кааласа, эки тарап өз ара сүйлөшүп узартып алса болот. Эгерде мораторийди бир тарап бузса, экинчи жак андагы айтылгандарды аткарбай коюуга укуктуу болорун белгилешкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0