00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:55
1 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
09:56
3 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жаш кадрларга көмөк – ветеринарларды колдогон атайын долбоор ишке кирип жатат
11:08
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Четыре свободы ЕАЭС: что мешает бизнесу работать без барьеров
12:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандын тоо-кен тармагын өзүнчө орган кылыш керекпи — лицензиялоо, мамлекеттик саясат, кадрдык потенциал
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
ОДКБ и безопасность в ЦА — беседа с политологом
14:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Акча кантип пайда болгон? Акчанын пайда болуу тарыхы жана жүгүртүү механизмдери тууралуу
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Өкүл ата, өкүл апа институту эмнеден пайда болгон?
19:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Беседы о главном
О главном в Рождество Христово. Беседа о вере и традициях с Епископом Бишкекским и Кыргызстанским
20:06
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 1-сентябрдан баштап эреже бузгандардын айдоочулук билими текшерилет. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын айтымында, жол эрежелерин билбегендердин айдоочулук күбөлүгү алынып, сынактан ийгиликтүү өткүчө кайтарылбайт. Буга 90-жылдардан кийин айдоочулук күбөлүктөр сатылып, көптөр эрежени билбей автоунаа башкарып, алардын айынан жол кырсыктары көбөйгөнү себеп болгону айтылган. "2020-жылга чейин айдоочулук күбөлүк 15-20 миң сомдон сатылып келгени маалым. Азыр бул көрүнүш токтоп, баары айдоочулук күбөлүктү чындап окуп ала баштады. Ошондуктан президент 1-сентябрга чейин ИИМ менен "Унаа" мекемесинин жетекчисине бул багытта иш-аракеттер планын иштеп чыгууга тапшырма берди", — деген ал. Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу биринчи тапшырганда 500 сом, экинчисинде 1000 сом, үчүнчүсүндө 2000 сом, ал эми төртүнчү жолкусунда 4000 сом төлөй турганы айтылды.Алагөзов процедуранын баары видео менен коштолорун кошумчалаган.
Кыргызстанда 15-апрелден 15-сентябрга чейин жазгы жайыттарга мал жаюуга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, министрликтин тиешелүү буйругу былтыр 23-июлда чыккан. "Жергиликтүү бийлик жакынкы жайыттарды жетиштүү көзөмөлдөбөй, ал эми жайыт пайдалануучулар ага кайдыгер мамиле жасаган. Натыйжада 139 миң гектар жакынкы жайыт деградацияга учураган. Жайытты жакшыртуу максатында 15-апрелден 15-сентябрга чейин жазгы жайыттарда мал жаюуга чектөө киргизилди", — деп айтылат маалыматта. Министрлик малчыларга алыскы жайыттарды пайдаланууну, жергиликтүү бийликке жайыт башкаруу планын бекиткенде бул буйрукту эске алууну сунуштаган.
ЕАЭБде дары-дармектин бааларын арзандатуу боюнча иш жүрүүдө. Бул тууралуу ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу министри Максим Ермолович билдирди. Ал комиссия фармацевтика секторунда атаандаштыкты өнүктүрүүгө багытталган масштабдуу изилдөө жүргүзүлүп жатканын белгиледи. "Изилдөөнүн максаты — тоскоолдуктарды азайтуу, бааларды арзандатуу жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн дары-дармектин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу", — деген Ермолович. Ал ошондой эле июнда Минскиде Евразия экономикалык форумунун профилдик иш-чаралары өтөрүн кошумчалады.
СССРдин баатыры Иван Панфиловдун эстелигин калыбына келтирүү иштери башталды. Бул тууралуу КРСУдан билдиришти. Эске салсак, баатырдын Панфилов айылындагы эстелигин калыбына келтирүү демилгесин окуу жайдын ректорунун милдетин аткаруучу Сергей Волков көтөргөн. Анын айтымында, Россиянын Свердловск облусундагы болот эритүүчү завод монументти калыбына келтирүү милдетин алган. Ошондой эле Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурланбек Азыгалиев да демилгени колдогон.
Жаңылыктар түрмөгү
0