https://sputnik.kg/20250323/nikolay-zverev--kyrgyzstandan-chykkan-sovetter-soyuzunun-baatyry-1092793864.html
Николай Зверев — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Николай Зверев — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган, Кыргызстандан чыккан каарман адамдар тууралуу... 23.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-23T19:21+0600
2025-03-23T19:21+0600
2025-03-23T19:21+0600
улуу ата мекендик согуштагы жеңишке 80 жыл
дүйнөдө
ссср
кыргызстан
улуу ата мекендик согуш
улуу жеңиш
эрдик
https://sputnik.kg/img/07e9/03/15/1092793623_0:239:800:689_1920x0_80_0_0_d36eaf19428407599b34e49d3691e392.png.webp
Сержант Николай ЗверевАл 1921-жылы 19-декабрда Кыргыз АССРинин (РСФСР жана СССРдин курамында 1920-1925-жж. болгон казак автономиясы) Акмоло шаарында (азыркы Астана калаасы ) туулган. 1930-жылдары ата-энеси менен Кыргыз ССРинин (республика бул аталыш менен 1936-жылы түзүлгөн — ред.) Токмок шаарына көчүп келип, 7 класстык билим алып, басмаканага ишке кирген.1941-жылы апрелде Чүй райондук аскер комиссариаты тарабынан Жумушчу-дыйкандардын Кызыл армиясында чакырылып, Воронеждин алдында кызмат өтөйт. 1941-жылдын июнунан тарта Улуу Ата Мекендик согушка кирет.Сержант Зверев 1943-жылы 29-сентябрда өзүнүн взводу менен Глушец (Лоев району, Гомель облусу) кыштагынын жанында Днепрден кечип өтүп, душмандын траншеясын басып алып, 15 аскерин жок кылган. Жаракат алып, бирок согуш талаасын таштап кеткен эмес.1946-жылы февралда согуштан кайткан.СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун "Кызыл армиянын генералдарына, катардагы аскердик, сержанттык, офицердик курамдарына Советтер Союзунун Баатыры наамын ыйгарүү жөнүндөгү" жарлыгы менен 1944-жылы 15-январда "немецтик-фашисттик баскынчылар менен кармашта, Днепрди кечип өтүүдө командачылыктын согуштук тапшырмаларын үлгүлүү аткаргандыгы жана эрдиги, каармандыгы үчүн" гвардиянын сержанты Николай Зверевге Советтер Союзунун Баатыры наамы берилген. Аны менен катар эле Ленин ордени, Алтын Жылдыз медалы менен сыйланган.Сыйлыктар согуштан кийин, 1949-жылы 13-октябрда Зверев Шадрин шаардык өнөр жай комбинатында слесарь-инструментальщик болуп иштеп жатканда тапшырылган.1946-жылдан тарта Целинограддын административдик чарбалык иштеринде иштеген. 1985-жылы Ата Мекендик согуштун I даражадагы ордени жана медалдар менен сыйланган.Николай Зверев 1991-жылы 14-мартта көз жуумп, Шадринскидеги Васильев көрүстөнүнө коюлган. 1999-жылы Свердлов, 83 көчөсү дарегиндеги ал жашаган үйгө мемориалдык такта орнотулган.Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана https://warheroes.ru/ "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.
https://sputnik.kg/20250318/dair-asanov-kyrgyzstandan-chykkan-sovetter-soyuzunun-baatyry-1092714749.html
ссср
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/15/1092793623_0:31:800:631_1920x0_80_0_0_fd6dd6de2ad32fccc810075aa5a00540.png.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, ссср, кыргызстан, улуу ата мекендик согуш, улуу жеңиш, эрдик
дүйнөдө, ссср, кыргызстан, улуу ата мекендик согуш, улуу жеңиш, эрдик
Николай Зверев — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган, Кыргызстандан чыккан каарман адамдар тууралуу баяндоосун улантат.
Ал 1921-жылы 19-декабрда Кыргыз АССРинин (РСФСР жана СССРдин курамында 1920-1925-жж. болгон казак автономиясы) Акмоло шаарында (азыркы Астана калаасы ) туулган. 1930-жылдары ата-энеси менен Кыргыз ССРинин (республика бул аталыш менен 1936-жылы түзүлгөн — ред.) Токмок шаарына көчүп келип, 7 класстык билим алып, басмаканага ишке кирген.
1941-жылы апрелде Чүй райондук аскер комиссариаты тарабынан Жумушчу-дыйкандардын Кызыл армиясында чакырылып, Воронеждин алдында кызмат өтөйт. 1941-жылдын июнунан тарта Улуу Ата Мекендик согушка кирет.
Сержант Зверев 1943-жылы 29-сентябрда өзүнүн взводу менен Глушец (Лоев району, Гомель облусу) кыштагынын жанында Днепрден кечип өтүп, душмандын траншеясын басып алып, 15 аскерин жок кылган. Жаракат алып, бирок согуш талаасын таштап кеткен эмес.
1946-жылы февралда согуштан кайткан.
СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун "Кызыл армиянын генералдарына, катардагы аскердик, сержанттык, офицердик курамдарына Советтер Союзунун Баатыры наамын ыйгарүү жөнүндөгү" жарлыгы менен 1944-жылы 15-январда "немецтик-фашисттик баскынчылар менен кармашта, Днепрди кечип өтүүдө командачылыктын согуштук тапшырмаларын үлгүлүү аткаргандыгы жана эрдиги, каармандыгы үчүн" гвардиянын сержанты Николай Зверевге Советтер Союзунун Баатыры наамы берилген. Аны менен катар эле Ленин ордени, Алтын Жылдыз медалы менен сыйланган.
Сыйлыктар согуштан кийин, 1949-жылы 13-октябрда Зверев Шадрин шаардык өнөр жай комбинатында слесарь-инструментальщик болуп иштеп жатканда тапшырылган.
1946-жылдан тарта Целинограддын административдик чарбалык иштеринде иштеген. 1985-жылы Ата Мекендик согуштун I даражадагы ордени жана медалдар менен сыйланган.
Николай Зверев 1991-жылы 14-мартта көз жуумп, Шадринскидеги Васильев көрүстөнүнө коюлган. 1999-жылы Свердлов, 83 көчөсү дарегиндеги ал жашаган үйгө мемориалдык такта орнотулган.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана https://warheroes.ru/ "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.