00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
С5+1 форматы Евразия экономикалык биримдигине утулуп жатат. Бул тууралуу Sputnik маалымат борборунда өткөн видеоконференция учурунда "Аппликата" стратегиялык чечимдер борборунун директору Кубатбек Рахимов билдирди. C5+1 – бул АКШ өкмөтүнүн Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан өкмөттөрү менен аймактык дипломатиялык платформасы. "Батыштын ушундай форматтарынын бардыгы постсоветтик мейкиндикте калыптанган алакадан артта калды. Мындайча айтканда, Россия менен КМШ, ЕАЭБ, ЖККУ алкагындагы мамиле башкаларга салыштырмалуу кыйла өйдө турат", — деди Рахимов. Анын айтымында, визасыз мейкиндик – Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин эң чоң жетишкендиги.
Улуттук банк алдамчылыкка шектүү эсептерди 30 күнгө бөгөттөөнү сунуштап жатат. Бул тууралуу башкы банктын төрагасынын орун басары Бектур Алиев Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтымында, сунуш банктар, финансылык жана төлөм уюмдарынын өкүлдөрү менен талкууланып, макулдашылган. "Бул — иликтөө үчүн оптималдуу мөөнөт. 30 күндүн ичинде эсеп боюнча бардык иликтөөлөр аякташы керек", — деди Алиев. Мындан тышкары, мыйзам долбоору менен бардык банктарды, финансы уюмдарын алдамчылык операцияларды аныктоого жана алдын алууга багытталган "Антифрод" системасын орнотууга милдеттендирүү сунушталып жатканы кошумчаланды.Жалпы 14,4 миллион сом коротуу пландалган. Тапшырыктар 26-мартка чейин кабыл алынат.
Израиль түндө Газа тилкесин аткылап, анын кесепетинен эки жүздөн ашык адам өмүрү менен кош айтышты. Бул туурасында РИА Новости Al Aqsa каналына шилтеме кылып кабарлады. Мурдараак Израилдин армиясы Газа секторун массалык түрдө аткылоого алганын кабарлаган эле. Axios басылмасы еврей мамлекетинин премьер-министринин канцеляриясына таянып, Израиль ХАМАСка каршы аскердик операцияны жаңылоону чечкенин жазган.19-январдан 1-мартка чейин Газа тилексинде Израиль менен ХАМАСтын макулдашуусунун алкагында ок атууну токтотуу тартиби киргизилген. Мындан сырткары, туткундар менен кесилгендерди алмашуу каралган. Алты жумада анклавдан 30 адамды барымтадан чыгарышкан, сегиз сөөк берилген. Булардын ордуна Израиль 1,7 миң камакта отурган палестиналыктарды кое берген. Алардын ичинде террорчулук үчүн өмүр бою кесилгендер да болгон. Мындан соң каршылаштардын армиясы Газанын ички райондорунан чыгып кеткен. Маалыматтарда учурда ХАМАС дагы 59 кишини кармап турганы, алардын жарымы расмий түрдө өлдү деп таанылгандар экени айтылат. Эки тараптын кепке келүү процесси башталгандан тарта гуманитардык жардамды ташып кирүү арбыган.
АКШ Украина жаңжалын жөнгө салуунун бир бөлүгү катары Крымды Россиянын аймагы деп таануу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу Semafor басылмасы маалымат булактарына таянып жазды. ЖМКнын маалыматына караганда, АКШда БУУну Крымды Россиянын бир бөлүгү катары таанууга чакыра турган кырдаал талкууланып жатат. Ошол эле учурда макалада азырынча конкреттүү чечимдер кабыл алына электиги жана жогорудагы вариант чыр-чатакты токтотуунун мүмкүн болгон кадамдарынын бири экени айтылат. Ак үй бул маселе боюнча комментарий берүүдөн баш тартып койгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0