00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Михаил Булгаковдун чыгармачылыгы: маданий көргөзмөнүн мааниси жана максаты
11:08
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему растут цены на топливо и что будет дальше - мнение нефтетрейдеров
12:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Миллионы на алтарь империи: кто и зачем планировал геноцид китайского народа — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
10 мин
Будь в курсе
1 апреля стартует электронная запись в школы: как избежать проблем прошлого года?
20:11
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Касымалиев өкмөт жыйындарын видеоконференция форматына өткөрүүнү тапшырдыВенгрия Киевге аскердик жардам көрсөтүү боюнча документти колдогон жокНоокатта бөбөктөргө массалык түрдө ВИЧ жуккан окуя. Ата-энелер жардам сурашуудаАлдыда кененирээк"Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында реформалардын кезектеги этабына кадам ташталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги астында өлкөнүн маанилүү маселелерин тез чечүүгө багытталган жыйын өткөн. Анда ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташуу үчүн атайын уруксат алуу жол-жобосун, ошондой эле айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн зарыл болгон 083 медициналык маалым катын алуу процессин жөнөкөйлөтүү каралды. "Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ири өлчөмдөгү жана оор жүктөрдү ташууга 8 256 атайын уруксат кагазын берген. Орто эсеп менен күнүнө 20га жакын транспорт өткөрмө бекеттерден өтөт. Азыркы учурда уруксат алуу процесси бюрократиялашып, татаал бойдон калууда. Уруксат алуу үчүн ташуучу 8 этаптан, ал эми жүктүн бийиктиги 4,5 метрден ашса 10 этаптан өтүшү керек", — деди өкмөт башчы. Касымалиев атайын уруксатты берүүнү 100 күн ичинде электрондоштуруу милдетин койду.
Ош облусунда 2006-2007-жылдары дарыгерлердин шалаакылыгынан улам ВИЧ жуктургандардын саны 405ке жетти. Бул тууралуу Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатитке каршы күрөшүү жана ВИЧ-инфекциясын көзөмөлдөө борборунун директору Үмүт Чокморова билдирди. Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинде депутат Советбек Рустамбек уулу Ноокатта СПИД жуктурган балдарга кандай колдоо көрсөтүлүп жатканын сурады. "Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунда балдарга ВИЧ жугузган окуя 2006-2007-жылдары болгон. Кийин бул нерсе медициналык кызматкерлердин шалаакылыгынан улам болгон деген бүтүм чыккан. Учурда ошол балдардын саны 405ке жетти. Аларга 18 жашка чейин 8000 сомдон жөлөк пул төлөнөт. Бирок алар жөлөк пулдун көлөмүн 10 миң сомго көтөрүп, өмүр бою төлөп берүүнү суранышууда. Ошондой эле үй берүү, 2-топтогу майыптык дайындоо жана үч миллион сомдон кенемте төлөө боюнча талаптары бар. Учурунда иликтөө начар жүргүзүлүп, айрым учурларда жугуу жолдору так аныкталбай калган. Бул маселелер комиссия тарабынан каралууда", — деди Чокморова. Ал ошондой эле бул балдар ипотеканын жеңилдик категориясына киргизилгенин кошумчалады.
Евробиримдиктин элчилеринин жолугушуусунда Венгриянын өкүлдөрү Украинага коопсуздук кепилдигин берүү жана аскердик колдоо көрсөтүү боюнча документтин долбоорун четке кагышты. Бул тууралуу Politico жазганын РИА Новости кабарлады. Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто Будапешт согушка ыктаган европалык лидерлердин Украинанын тынчтык келишимин түзүүдөн баш тартышы үчүн 20 миллиард евро бөлүү демилгесине жана Россия менен АКШнын Украина боюнча сүйлөшүүлөрүнө жолтоо болчу бардык аракеттерге каршы экенин билдирген. "Жума күнү болгон ЕБ элчилеринин жолугушуусунда Венгрия Украинага бериле турган коопсуздук кепилдиги жана жаңы аскердик жардам каралган документтин алдын ала даярдалган вариантын четке какты", — деп жазган басылма. Буга чейин Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо Братислава 6-мартта Брюсселде өтө турган Евробиримдик саммитинин акыркы жобосуна Украинанын элдешүү зарылдыгын киргизүүнү демилгелеген. Анын айтымында, азыркы турушунда Киевдин жаңжалды улантууга чама-чаркы жетпейт.
Жаңылыктар түрмөгү
0