00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Как отмена моратория на проверки скажется на бизнесе?
08:05
44 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
09:57
2 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
3 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:59
1 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Ош — Бишкек жолундагы "Сосновка" постунда жүк ташыган унааларга чектөө киргизилдиЕЭК Кыргызстанда сүт, эт жана жумуртканын өндүрүшү өскөнүн кабарладыЗеленский тынчтыкка келүү үчүн аймактарынан баш тартпай турганын айтты2025-жылы мамлекеттик карызды төлөөгө 78,6 миллиард сом жумшалат. Бул тууралуу финансы министри Алмаз Бакетаевдин "Ала-Тоо 24" каналына берген маегинде айтылган. Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 31-декабрына карата өлкөнүн жалпы карызы 6,5 миллиард доллар болсо, анын ичинен 4,5 миллиард доллар сырткы, калганы ички карыз. "Үч жылдан бери бюджет профицит менен жабылууда. Алдын ала карызды төлөөгө бардык мүмкүнчүлүк бар. Бирок Кытай банкынын келишиминде талапты бузуп эртерээк төлөсөк, анда суммага 1 пайыз кошуп, айыбы менен төлөшүбүз керек. ЕАӨБдүн дагы ушундай талабы бар", — деген Бакетаев. Бийлик мамлекеттик карызды төмөнкүдөй динамикада төлөөнү пландаган: 2024-жыл — 59,9 миллиард сом; 2025-жыл — 78,6 миллиард сом; 2026-жыл — 91,9 миллиард сом; 2027-жыл — 110 миллиард сом. Ошондой эле маалыматта 2035-жылга чейин негизги тышкы карыз график менен төлөнүп бүтөрү кошумчаланды.
Кыргызстанда сүт, эт жана жумуртканын өндүрүшү өстү. Бул тууралуу ЕЭКтин маалыматында айтылат. Ага ылайык, былтыр өлкөдө 459,7 миң тонна эт, 1 миллион 823,8 тонна сүт өндүрүлүп, өсүш былтыркыга салыштырмалуу 2,6 пайызга жеткен. Ошондой эле былтыр Кыргызстанда 790,3 миллион жумуртка чыгарылып, өсүш 115,2 пайыз болгон. Бул — ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн арасында эң жогорку көрсөткүч. Ал эми жалпы айыл чарба тармагындагы өсүш 6,3 пайыздын чегинде болгону айтылды.
Ош — Бишкек жолундагы "Сосновка" постунда жүк ташыган унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка ылайык, постто чектөө таңкы алтыдан бери киргизилген. "Чечим кар жаап, жол тайгак болгондугуна байланыштуу унаа жолдогу кырсыктарды алдын алуу, элдин кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.
АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы тынчтыкты каалай турганын түз эле айтууда, ал эми Европа “банкеттин согуш түрүндө уланышын” талап кылып жатат. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров айтканын РИА Новости жазды. Министр АКШга Жо Байденден кийин акыл калчап ой жүгүртүүнү каалагандар бийликке келгенин белгилеген. “Алар түздөн-түз согушту бүтүрүп, тынчтыктын орношун каалай турганын айтышууда. Согуш түрүндөгү "банкеттин уланышын" кимдер талап кылууда? Европа", — деген Лавров "Красная звезда" медиахолдингине курган маегинде. Министр акыркы беш кылымдагы дүйнөдөгү бардык трагедиялар Европадан башталганына же болбосо Европанын саясатынын кесепетинен болуп келе жатканына көңүл бурган. Анын айтымында, америкалыктар мында кандайдыр бир чагымчы же "от тутандыргыч” болгон эмес.
Украина тынчтык келишими үчүн жерлеринен бериш керек деген нерсени тааныбайт. Бул туурасында Владимир Зеленский айтканын РИА Новости Guardian басылмасына таянып жазды. Мындай билдирүүнү ал Лондондо өткөн саммиттен кийин жасаган. "Зеленский тынчтык келишимин түзүүгө аракет жасалган чакта да Украина аймактарынын Россияга кошулушун эч качан тааныбай тургандыгын кошумчалады", — деп айтылган маалыматта.
Жаңылыктар түрмөгү
0