https://sputnik.kg/20250301/1092371900.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын жылуу аймактарында жылына эки жолу түшүм алууга өтүү зарыл. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт... 01.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-01T08:59+0600
2025-03-01T08:59+0600
2025-03-01T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/01/1092371768_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_b5748c7bb68d862b0721c2247e06885d.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын жылуу аймактарында жылына эки жолу түшүм алууга өтүү зарыл. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди. Ал "Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда өсүмдүк селекциясынын жана үрөнчүлүк өсүмдүктөрүнүн ролу" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияда сүйлөгөн. Төрөбаев климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу эрте жазда улам үшүк жүрүп дыйкандарга олуттуу зыян алып келип жатканын белгиледи. "Айдоо жерлеринин чоң аянттары орто тоолуу, деңиз деңгээлинен 1 200 метр бийиктикте жайгашкан. Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Чүй облустарында өсүмдүк өстүрүүдө жаңы технологияларды туура пайдалануу менен жылына эки түшүм алууга толук кандуу өтүү зарыл", — деди Төрөбаев. Министр Кыргызстанда сугат суу жеткиликтүү жана көпчүлүк аймак күнөстүү болгондуктан өсүмдүк өстүрүүгө жана багбанчылыкты өнүктүрүүгө жакшы шарт бар экенин кошумчалады.
Өлкөдө энергетика системасында электр энергиясын иштеп чыгаруу кыскарды. Бул тууралуу "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ишканасы кабарлады. Маалыматка караганда, Токтогул ГЭСиндеги төрт гидроагрегаттын бирөөсү оңдолуп жаткандыктан, учурда үчөө гана иштеп жатат. Ишкана жагдайды эске алуу менен калкты жана башка керектөөчүлөрдү электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырат. Белгилей кетсек, реконструкция иши аяктагандан кийин Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу кошумча 60 МВтка көбөйүп, станциянын жалпы кубаттуулугу 1440 МВтты түзөт.
Италиянын борбору Рим шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулду. Бул тууралуу Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык фонддон билдиришти. Маалыматта айтылгандай, эстеликтин ачылыш аземи 27-февралда өттү. Иш-чарага Эльдар Айтматов жана Италиядагы мекендештер да катышты. Долбоорду ишке ашыруунун үстүндө Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев иш жүргүзгөн. Эстеликти белгилүү кыргызстандык скульптор Алексей Морозов жасаган. Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык фонд Чыңгыз Айтматовдун ысымы Кыргызстандын чегинен тышкары жерлерде да татыктуу бааланарын, монументтин ачылышы Италияда анын эмгеги терең урматталып, урмат-сыйга ээ болгондугунун ачык далили экендигин белгиледи. “Чыңгыз Айтматовдун эмгектери 1960-1970-жылдары италиянча которулуп чыккан. Азыр да Италияда жазуучунун китептери басып чыгарылып, италиялыктардын жүрөгүнөн түнөк табып жатат. Эстеликтин орнотулушу – улуу жазуучуга болгон түбөлүк сый-урматтын символу”, - деп айтылат маалыматта.
Иран менен Евразиялык экономикалык биримдиктин ортосунда эркин соода аймагын түзүү боюнча макулдашууну аталган өлкөнүн Межилиси ратификациялады. Бул туурасында РИА Новости жазды. Аталган келишим марттын аягы, апрелдин ичинде ишке кирмекчи. "Соода, кен жана өнөр жай министри Мохаммад Атабактын айтканына таянсак, ЕАЭБ менен болгон соода аймагын түптөө боюнча макулдашуусун Ирандын парламенти ратификациялады. Эми ал марттын соңу, апрель айынын ичинде ишке ашырыла баштайт", — деп айтылга
Кыргызстандын жылуу аймактарында жылына эки жолу түшүм алууга өтүү зарыл. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди. Ал "Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда өсүмдүк селекциясынын жана үрөнчүлүк өсүмдүктөрүнүн ролу" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияда сүйлөгөн. Төрөбаев климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу эрте жазда улам үшүк жүрүп дыйкандарга олуттуу зыян алып келип жатканын белгиледи. "Айдоо жерлеринин чоң аянттары орто тоолуу, деңиз деңгээлинен 1 200 метр бийиктикте жайгашкан. Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Чүй облустарында өсүмдүк өстүрүүдө жаңы технологияларды туура пайдалануу менен жылына эки түшүм алууга толук кандуу өтүү зарыл", — деди Төрөбаев. Министр Кыргызстанда сугат суу жеткиликтүү жана көпчүлүк аймак күнөстүү болгондуктан өсүмдүк өстүрүүгө жана багбанчылыкты өнүктүрүүгө жакшы шарт бар экенин кошумчалады. Өлкөдө энергетика системасында электр энергиясын иштеп чыгаруу кыскарды. Бул тууралуу "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ишканасы кабарлады. Маалыматка караганда, Токтогул ГЭСиндеги төрт гидроагрегаттын бирөөсү оңдолуп жаткандыктан, учурда үчөө гана иштеп жатат. Ишкана жагдайды эске алуу менен калкты жана башка керектөөчүлөрдү электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырат. Белгилей кетсек, реконструкция иши аяктагандан кийин Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу кошумча 60 МВтка көбөйүп, станциянын жалпы кубаттуулугу 1440 МВтты түзөт. Италиянын борбору Рим шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулду. Бул тууралуу Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык фонддон билдиришти. Маалыматта айтылгандай, эстеликтин ачылыш аземи 27-февралда өттү. Иш-чарага Эльдар Айтматов жана Италиядагы мекендештер да катышты. Долбоорду ишке ашыруунун үстүндө Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев иш жүргүзгөн. Эстеликти белгилүү кыргызстандык скульптор Алексей Морозов жасаган. Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык фонд Чыңгыз Айтматовдун ысымы Кыргызстандын чегинен тышкары жерлерде да татыктуу бааланарын, монументтин ачылышы Италияда анын эмгеги терең урматталып, урмат-сыйга ээ болгондугунун ачык далили экендигин белгиледи. “Чыңгыз Айтматовдун эмгектери 1960-1970-жылдары италиянча которулуп чыккан. Азыр да Италияда жазуучунун китептери басып чыгарылып, италиялыктардын жүрөгүнөн түнөк табып жатат. Эстеликтин орнотулушу – улуу жазуучуга болгон түбөлүк сый-урматтын символу”, - деп айтылат маалыматта. Иран менен Евразиялык экономикалык биримдиктин ортосунда эркин соода аймагын түзүү боюнча макулдашууну аталган өлкөнүн Межилиси ратификациялады. Бул туурасында РИА Новости жазды. Аталган келишим марттын аягы, апрелдин ичинде ишке кирмекчи. "Соода, кен жана өнөр жай министри Мохаммад Атабактын айтканына таянсак, ЕАЭБ менен болгон соода аймагын түптөө боюнча макулдашуусун Ирандын парламенти ратификациялады. Эми ал марттын соңу, апрель айынын ичинде ишке ашырыла баштайт", — деп айтылга
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/01/1092371768_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_88b70d3ae2adf9e5eaf72d9805b6f8b7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио