https://sputnik.kg/20250228/akshnyn-borbor-aziyadagy-zhany-sayasaty-1092364268.html
АКШнын Борбор Азиядагы жаңы саясаты. Регион таасир этчү куралга айланабы?
АКШнын Борбор Азиядагы жаңы саясаты. Регион таасир этчү куралга айланабы?
Sputnik Кыргызстан
АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясынын USAID (Американын эл аралык өнүктүрүү агенттиги) аркылуу тышка жардам көрсөтүүнү токтотуп салышы грант жана... 28.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-28T20:06+0600
2025-02-28T20:06+0600
2025-02-28T20:06+0600
дүйнөдө
акш
россия
борбор азия
афганистан
мамиле
саясат
экономика
стратегия
колумнистика
https://sputnik.kg/img/07e9/02/1b/1092325233_0:0:3172:1785_1920x0_80_0_0_5a6525cfc1fff2afe34255bf3c1a8ada.jpg
АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясынын USAID (Американын эл аралык өнүктүрүү агенттиги) аркылуу тышка жардам көрсөтүүнү токтотуп салышы грант жана башка финансылык колдоо алып келгендерди кыйсыпыр түшүрдү. Бири да качандыр бир кезде акча келип турган "капчык" жабылып калат деп ойлобосо керек.Акыры келчү күнUSAID ишин 90 күнгө токтотуу жана дүйнөлүк масштабда жүргүзүлгөн финансылык аудит ыксыз жасалган чыгымдардын бетин ачты — агенттик салттуу эмес баалуулуктарды жайылтуудан тарта Сирия менен Афганстандагы террорчулук менен байланышкан уюмдарга чейин каржылаган. Мунун ичинде апийим өстүрүүгө пайдаланылчу ирригациялык долбоорлор, ЛГБТ*, террорчулук, баңгизат, айтор, ушуга окшогон көп нерсе бар экени анык болуп, АКШнын тышкы саясатынын бир өңүтүн ачты.USAID Борбор Азияда дал ушул тышкы саясаттын башкы инструменттеринин ролун аткарып келген. Агенттиктин өкүлдөрү америкалыктар менен жалпы эле эл аралык коомчулукту Борбор Азияны рынок экономикасына жана демократиялык башкарууга өткөрүү боюнча арбын жумуш жасалып, саламаттык сактоо жана билим берүү тармактары башында турган социалдык өзгөрүүлөр үчүн шарт түзүлдү деп ынандырып келишти.Бирок ачык айтканда, агенттик модернизация, майнаптуулукту жогорулатуу, Батыштын алдыңкы тажрыйбасын киргизүү дегенге жамынып Советтер Союзунан калган нерсенин баарын талкалап, Борбор Азияны өзүнүн кызыкчылыгына жараша өзгөртүү үчүн комплекстүү чараларды көрүп келди.Уюмдун ишинин туу чокусу катары "жарандык коом" деп аталган көп сандагы бейөкмөт уюмдарды, коммерциялык эмес уюмдарды айта алабыз. Күнү тууп, болуп-толуп турган учурунда булар өлкөнүн коомдук-саясий процессине батыл кийлигишип турушту. Постсоветтик мейкиндиктеги түстүү ыңкылаптар, улутчулдук идеясын жайылтуу, өтмүшкө кастык мамиле — мунун баары USAID уюмунун мурунку СССР аймагындагы негизги иши болду.USAID бийликтин чет элдик жардамдын бөлүштүрүлүшүн кайра карап чыгуу чечимине чейин эле бир топ көйгөйгө тушуккан, өкмөттөрдү алып түшүү боюнча мурунку ыкмалар көп натыйжа бербей, арбын акча талап кылына баштаган. Эл агенттиктин иши жана аны менен байланыштуу уюмдар тууралуу көбүрөөк маалымдар боло баштады. Дал ушул жагдай Казакстанда, Кыргызстан жана Грузияда чет элден каржыланган уюмдардын ишин тескөөчү "чет элдик өкүлдөр" жөнүндө мыйзамдардын колдоого алынышына өбөлгө болуп берди. Кандай болгон күндө да агенттиктин күнү батып бараткан эле.Эски жана жаңы багыттарАКШнын чет жакка финансылык жардамды кыскартуусу жана аны кайра карап чыгуу ниети, ошондой эле USAID уюмунун тумандуу эртеңи Вашингтондун Борбор Азиядагы тышкы саясий стратегиясы үчүн ыңгайсыз шарттарды түзүүдө.Жаандан кийинки козу карындай жайнаган бейөкмөт уюмдардын кызматкерлеринин, БА жарандарынын тагдыры кандай болору да белгисиз, адатта АКШ жергиликтүү элдин арасынан алынган жардамчыларынын кийинки жашоосуна көп баш оорута бербейт. Ошентсе да топтоп, ыраатка келтирип алган "активдерин" оңду-солду чачып жибербесе керек. Тыңыраагы менен ишин калыбына келтирип, калганы Евробиримдик, Улуу Британия, Түштүк Корея, Япония сыяктуу союздаштарынын карамагына өтөт сыяктуу. Аталган мамлекеттер Борбор Азия аймагында ар кандай деңгээлде ишин жүргүзүп келет.Бийликке келген республикачылар БАдагы саясатын ак барактан баштайт деген да туура эмес. Трамп биринчи жолу президент болгондо "АКШнын Борбор Азия боюнча 2019-2025-жылдарга карата стратегиясы: суверенитет жана экономикалык өнүктүрүүнү илгерилетүү" аталышындагы документ кабыл алган.Ал учурда АКШ Афганстандагы аскерин чыгарууга камынып жаткан эле. Россия менен Кытайдын өсүп бараткан экономикалык жана саясий таасирине каршы туруу үчүн Америка Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташууну күчөтүүгө нук алган. Вашингтон БА өлкөлөрү менен алакалашуу, документте айтылгандай, "АКШнын баалуулуктарын жайылтууга түрткү болуп, коңшулардын таасирин тең салмактап турууга жардам берет" деген пикирде болчу. Анткен менен бул жаатта Трамп да, Байден да ийгиликке жете алган жок. Тескерисинче, санкциялык кысымдан улам БА мамлекеттери кызматташуу менен стратегиялык өнөктөштүктүн евразиялык контуруна ыктап кетишти. Мында Афганстан да Евразия менен соода-экономикалык, транспорттук жана энергетикалык кызматташууга дит коюуда.Башынан эле Россия, Кытай жана Ирандын таасирине каршы туруп келген АКШнын стратегиялык максатын эске алсак, Борбор Азия менен Афганстандын мааниси барган сайын арта берери айдан ачык болуп турат. АКШ БА боюнча, андагы саясаты тууралуу ооз ача элек болсо, Афганстан боюнча "Талибандын*" жетекчилигине бир нече доомат коюлду. Президент Дональд Трамп америкалыктардын Афганстандан чыгып баратып калтырып кеткен курал-жарагы менен ок-дарысын кайтарууну, болбосо буга чейин бөлүнүп келген финансылык жардамды токтотуп коерун айтты. "Талибандан" чечилгис нерселерди талап кыла берүү стратегиялык макулдашууларды шарттаган жаңы сүйлөшүүлөргө түртөт. Ошентсе да Россия менен АКШнын ортосундагы мамиленин жолго коюлуп, Украина чырынын жөнгө салынышын Вашингтондун Борбор Азия чөлкөмүндө жаңы саясат жүргүзүү алдындагы тынымы деп айтсак болот.Өзгөчө баалуулукАКШнын Борбор Азиядагы саясаты кандай болору азырынча белгисиз. Бирок Трамптын тышкы саясатка чыгымды азайтып, аскер контингентин көбөйтүүгө ыктаганын эске алсак, глобалдуу масштабда үстөмдүгүн сактап калуу вазийпасы союздаштарына жүктөлөт шекилдүү. Жакынкы Чыгышта, Азия-Тынч океаны регионунда жана Европада АКШнын "өз кишилери" болсо, Борбор Азияда Вашингтон эч кимге таянып-ишене албайт.Ушул жагдай АКШнын тышкы саясаттагы планын дайым оорлоштуруп келген. Афганстандагы, Өзбекстан жана Кыргызстандагы аскер базаларын да эстен чыгарбаш керек, өз учурунда бул коопсуздукка олуттуу коркучун келтирген көрүнүш болгон. Кандай болгон күндө да глобалдуу көпчүлүктүн потенциалын эске алып, АКШ үчүн Россия, Кытай жана Иранга бир убакта каршы туруп, үч багыттуу күрөш жүргүзүү ого эле опурталдуу экени түшүнүктүү. Анын үстүнө бул мамлекеттер өз ара стратегиялык байланышта экенин эстен чыгарбоо кажет.Бир нерсе айкын: буга чейин да, эми да евразиялык континенттин "жүрөгү" делген Борбор Азиянын мааниси АКШ үчүн дайым артык боло бермекчи. Вашингтон аймактык саясатында кандай инструменттерди пайдаланарын түшүнүү үчүн алгач Борбор Азия АКШнын Россия жана Кытайга каршы колдонуп келген куралынын өзү экенин аңдоо зарыл. Евразияда бүтүндөй континентти жана дүйнөнүн башка региондорун байланыштыруучу ири транспорттук жана энергетикалык долбоорлордун ишке ашырыла башташы АКШны ыкчам, айрым учурда одоно аракеттерге түртөрүн унутпоо керек.АКШнын Украина маселеси боюнча эпке келип жатканы, Россия менен диалогду жөнгө салуу ниети, жалпы эле эки тараптуу жана эл аралык кызматташуу боюнча алаканы жолго коюу аракети чынында чоң оюн экенин, андан эл аралык коопсуздук менен стабилдүүлүк көз каранды болорун көбүбүз билип эле турабыз. Ошол эле учурда мындай жагдай Евразия мамлекеттери регионалдык кызматташууну бекемдеши керектигин айгинелеп турат. Демек, анын ЖККУ, ШКУ, ЕАЭБ сыяктуу уюмдары туруктуулуктун жападан жалгыз кепилдиги болуп, Борбор Азияны бирөөнүн саясатын ишке ашыруучу куралга айлануусунан сактап калары анык.* Россияда экстремисттик деп таанылып, тыюу салынган уюм** Кыймыл террордук ишмердүүлүгү үчүн БУУнун санкциясында
https://sputnik.kg/20250225/perspektivy-sotrudnichestvo-central-asia-china-1092293396.html
https://sputnik.kg/20240613/borbor-aziya-olkolorunun-ehki-tak-vektoru-bar-1086069975.html
акш
борбор азия
афганистан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Екатерина Стрельникова
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/12/1054262558_358:0:1111:753_100x100_80_0_0_7cf34a8aa14bb508897d68c813c76461.jpg
Екатерина Стрельникова
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/12/1054262558_358:0:1111:753_100x100_80_0_0_7cf34a8aa14bb508897d68c813c76461.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/1b/1092325233_97:0:2828:2048_1920x0_80_0_0_a7b455b4975e13800df8c4e0a558c6a8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Екатерина Стрельникова
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/12/1054262558_358:0:1111:753_100x100_80_0_0_7cf34a8aa14bb508897d68c813c76461.jpg
дүйнөдө, акш, россия, борбор азия, афганистан, мамиле, саясат, экономика, стратегия, колумнистика, колумнисттер
дүйнөдө, акш, россия, борбор азия, афганистан, мамиле, саясат, экономика, стратегия, колумнистика, колумнисттер
АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясынын USAID (Американын эл аралык өнүктүрүү агенттиги) аркылуу тышка жардам көрсөтүүнү токтотуп салышы грант жана башка финансылык колдоо алып келгендерди кыйсыпыр түшүрдү. Бири да качандыр бир кезде акча келип турган "капчык" жабылып калат деп ойлобосо керек.
USAID ишин 90 күнгө токтотуу жана дүйнөлүк масштабда жүргүзүлгөн финансылык аудит ыксыз жасалган чыгымдардын бетин ачты — агенттик салттуу эмес баалуулуктарды жайылтуудан тарта Сирия менен Афганстандагы террорчулук менен байланышкан уюмдарга чейин каржылаган. Мунун ичинде апийим өстүрүүгө пайдаланылчу ирригациялык долбоорлор, ЛГБТ*, террорчулук, баңгизат, айтор, ушуга окшогон көп нерсе бар экени анык болуп, АКШнын тышкы саясатынын бир өңүтүн ачты.
USAID Борбор Азияда дал ушул тышкы саясаттын башкы инструменттеринин ролун аткарып келген. Агенттиктин өкүлдөрү америкалыктар менен жалпы эле эл аралык коомчулукту Борбор Азияны рынок экономикасына жана демократиялык башкарууга өткөрүү боюнча арбын жумуш жасалып, саламаттык сактоо жана билим берүү тармактары башында турган социалдык өзгөрүүлөр үчүн шарт түзүлдү деп ынандырып келишти.
Бирок ачык айтканда, агенттик модернизация, майнаптуулукту жогорулатуу, Батыштын алдыңкы тажрыйбасын киргизүү дегенге жамынып Советтер Союзунан калган нерсенин баарын талкалап, Борбор Азияны өзүнүн кызыкчылыгына жараша өзгөртүү үчүн комплекстүү чараларды көрүп келди.
Уюмдун ишинин туу чокусу катары "жарандык коом" деп аталган көп сандагы бейөкмөт уюмдарды, коммерциялык эмес уюмдарды айта алабыз. Күнү тууп, болуп-толуп турган учурунда булар өлкөнүн коомдук-саясий процессине батыл кийлигишип турушту. Постсоветтик мейкиндиктеги түстүү ыңкылаптар, улутчулдук идеясын жайылтуу, өтмүшкө кастык мамиле — мунун баары USAID уюмунун мурунку СССР аймагындагы негизги иши болду.
USAID бийликтин чет элдик жардамдын бөлүштүрүлүшүн кайра карап чыгуу чечимине чейин эле бир топ көйгөйгө тушуккан, өкмөттөрдү алып түшүү боюнча мурунку ыкмалар көп натыйжа бербей, арбын акча талап кылына баштаган. Эл агенттиктин иши жана аны менен байланыштуу уюмдар тууралуу көбүрөөк маалымдар боло баштады. Дал ушул жагдай Казакстанда, Кыргызстан жана Грузияда чет элден каржыланган уюмдардын ишин тескөөчү "чет элдик өкүлдөр" жөнүндө мыйзамдардын колдоого алынышына өбөлгө болуп берди. Кандай болгон күндө да агенттиктин күнү батып бараткан эле.
АКШнын чет жакка финансылык жардамды кыскартуусу жана аны кайра карап чыгуу ниети, ошондой эле USAID уюмунун тумандуу эртеңи Вашингтондун Борбор Азиядагы тышкы саясий стратегиясы үчүн ыңгайсыз шарттарды түзүүдө.
Жаандан кийинки козу карындай жайнаган бейөкмөт уюмдардын кызматкерлеринин, БА жарандарынын тагдыры кандай болору да белгисиз, адатта АКШ жергиликтүү элдин арасынан алынган жардамчыларынын кийинки жашоосуна көп баш оорута бербейт. Ошентсе да топтоп, ыраатка келтирип алган "активдерин" оңду-солду чачып жибербесе керек. Тыңыраагы менен ишин калыбына келтирип, калганы Евробиримдик, Улуу Британия, Түштүк Корея, Япония сыяктуу союздаштарынын карамагына өтөт сыяктуу. Аталган мамлекеттер Борбор Азия аймагында ар кандай деңгээлде ишин жүргүзүп келет.
Бийликке келген республикачылар БАдагы саясатын ак барактан баштайт деген да туура эмес. Трамп биринчи жолу президент болгондо "АКШнын Борбор Азия боюнча 2019-2025-жылдарга карата стратегиясы: суверенитет жана экономикалык өнүктүрүүнү илгерилетүү" аталышындагы документ кабыл алган.
Ал учурда АКШ Афганстандагы аскерин чыгарууга камынып жаткан эле. Россия менен Кытайдын өсүп бараткан экономикалык жана саясий таасирине каршы туруу үчүн Америка Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташууну күчөтүүгө нук алган. Вашингтон БА өлкөлөрү менен алакалашуу, документте айтылгандай, "АКШнын баалуулуктарын жайылтууга түрткү болуп, коңшулардын таасирин тең салмактап турууга жардам берет" деген пикирде болчу. Анткен менен бул жаатта Трамп да, Байден да ийгиликке жете алган жок. Тескерисинче, санкциялык кысымдан улам БА мамлекеттери кызматташуу менен стратегиялык өнөктөштүктүн евразиялык контуруна ыктап кетишти. Мында Афганстан да Евразия менен соода-экономикалык, транспорттук жана энергетикалык кызматташууга дит коюуда.
Башынан эле Россия, Кытай жана Ирандын таасирине каршы туруп келген АКШнын стратегиялык максатын эске алсак, Борбор Азия менен Афганстандын мааниси барган сайын арта берери айдан ачык болуп турат. АКШ БА боюнча, андагы саясаты тууралуу ооз ача элек болсо, Афганстан боюнча "Талибандын*" жетекчилигине бир нече доомат коюлду. Президент Дональд Трамп америкалыктардын Афганстандан чыгып баратып калтырып кеткен курал-жарагы менен ок-дарысын кайтарууну, болбосо буга чейин бөлүнүп келген финансылык жардамды токтотуп коерун айтты. "Талибандан" чечилгис нерселерди талап кыла берүү стратегиялык макулдашууларды шарттаган жаңы сүйлөшүүлөргө түртөт. Ошентсе да Россия менен АКШнын ортосундагы мамиленин жолго коюлуп, Украина чырынын жөнгө салынышын Вашингтондун Борбор Азия чөлкөмүндө жаңы саясат жүргүзүү алдындагы тынымы деп айтсак болот.
АКШнын Борбор Азиядагы саясаты кандай болору азырынча белгисиз. Бирок Трамптын тышкы саясатка чыгымды азайтып, аскер контингентин көбөйтүүгө ыктаганын эске алсак, глобалдуу масштабда үстөмдүгүн сактап калуу вазийпасы союздаштарына жүктөлөт шекилдүү. Жакынкы Чыгышта, Азия-Тынч океаны регионунда жана Европада АКШнын "өз кишилери" болсо, Борбор Азияда Вашингтон эч кимге таянып-ишене албайт.
Ушул жагдай АКШнын тышкы саясаттагы планын дайым оорлоштуруп келген. Афганстандагы, Өзбекстан жана Кыргызстандагы аскер базаларын да эстен чыгарбаш керек, өз учурунда бул коопсуздукка олуттуу коркучун келтирген көрүнүш болгон. Кандай болгон күндө да глобалдуу көпчүлүктүн потенциалын эске алып, АКШ үчүн Россия, Кытай жана Иранга бир убакта каршы туруп, үч багыттуу күрөш жүргүзүү ого эле опурталдуу экени түшүнүктүү. Анын үстүнө бул мамлекеттер өз ара стратегиялык байланышта экенин эстен чыгарбоо кажет.
Бир нерсе айкын: буга чейин да, эми да евразиялык континенттин "жүрөгү" делген Борбор Азиянын мааниси АКШ үчүн дайым артык боло бермекчи. Вашингтон аймактык саясатында кандай инструменттерди пайдаланарын түшүнүү үчүн алгач Борбор Азия АКШнын Россия жана Кытайга каршы колдонуп келген куралынын өзү экенин аңдоо зарыл. Евразияда бүтүндөй континентти жана дүйнөнүн башка региондорун байланыштыруучу ири транспорттук жана энергетикалык долбоорлордун ишке ашырыла башташы АКШны ыкчам, айрым учурда одоно аракеттерге түртөрүн унутпоо керек.
АКШнын Украина маселеси боюнча эпке келип жатканы, Россия менен диалогду жөнгө салуу ниети, жалпы эле эки тараптуу жана эл аралык кызматташуу боюнча алаканы жолго коюу аракети чынында чоң оюн экенин, андан эл аралык коопсуздук менен стабилдүүлүк көз каранды болорун көбүбүз билип эле турабыз. Ошол эле учурда мындай жагдай Евразия мамлекеттери регионалдык кызматташууну бекемдеши керектигин айгинелеп турат. Демек, анын ЖККУ, ШКУ, ЕАЭБ сыяктуу уюмдары туруктуулуктун жападан жалгыз кепилдиги болуп, Борбор Азияны бирөөнүн саясатын ишке ашыруучу куралга айлануусунан сактап калары анык.
* Россияда экстремисттик деп таанылып, тыюу салынган уюм
** Кыймыл террордук ишмердүүлүгү үчүн БУУнун санкциясында