18-февралга карата аба ырайы

© Фото / Азамат АйтбаевКаракол шаарындагы жыгач чиркөө. Архив
Каракол шаарындагы жыгач чиркөө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2025
Жазылуу
18-февралга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп, тайгак болот.
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. 18-февралда республика боюнча күн ачык болот. Эртең менен айрым жерлерге туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Баткенде +6...+11, Талас аймагында +5...+10, Ош, Жалал-Абад облустарында +7...+12, Ысык-Көл өрөөнүндө ...+5 градус жылуу болот. Нарында -2...+3 градуска чейин жылыйт.
Борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында күндүн табы +8...+10 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкектин эски аянтында мусулмандар Айт намаз учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2025
Муфтият Орозо айы 1-мартта башталарын кабарлады
Жаңылыктар түрмөгү
0