00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:05
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Билим берүү уюмдары “Манас” эпосун окушат. Мыйзамга кол коюлду

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев"Манас" эпосунун негизинде жазылган китептер. Архив
Манас эпосунун негизинде жазылган китептер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Манас" эпосу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу документке кол койду. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлады.
Мыйзам 2024-жылдын 26-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзам менен "Манас" эпосунун үчилтигин жазып алуу, сактоо, өнүктүрүү, даңазалоо, жайылтуу, коргоо жана көзөмөлдөө жаатындагы мамлекеттик иштер каралган.
Алар:
"Манас" эпосун салттуу баяндоонун алкагында чебер аткарган манасчылардын чыгармачылыгын ар тараптуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
салттуу баяндоонун алкагында оозеки же жазуу формасында берилген "Манас" эпосунун үчилтигин жана башка бөлүктөрүн окутуу, үйрөтүү жана ал боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле экспедициялык жана практикалык иштерди уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;
эпосту салттуу айтууну өркүндөтүү, салттуу баяндоонун алкагында айтуучулардын чебер аткаруусунун улантуучулугун камсыз кылуу максатында манасчылар мектептерин түзүү;
"Манас" эпосунун үчилтигин окутуп-үйрөтүү максатында билим берүү уюмдары үчүн окуу программаларын, окутуу-усулдук жана көрсөтмө куралдарды билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарына ылайык иштеп чыгуу;
Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында жана чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларында "Манас" эпосунун үчилтигин окутуп-үйрөтүү;
"Манас" эпосунун үчилтигинин классикалык жана башка варианттарынын тексттерин баяндоодо жана башка тилдерге которууда анын идеяларынын жана идеологиясынын бурмаланышынан, жок кылуу аракеттеринен, мазмунун өзгөртүп жиберүүдөн коргоо жана салттуу баяндоонун алкагын сактоо боюнча чараларды көзөмөлдөө;
"Манас" эпосунун үчилтигине таандык байыркы кол жазмалар, даректүү материалдар, археологиялык табылгалар табылган учурда аларды изилдөө, сактоо, коргоо жана эсепке алуу;
"Манас" эпосунун үчилтиги менен байланышкан эстеликтердин, музей баалуулуктарынын, адабий жана көркөм чыгармалардын жана башка баалуулуктардын сакталышын камсыз кылуу;
"Манас" эпосунун үчилтигинин тексттерин, кол жазмаларын жана анын башка бөлүктөрүн алардын сакталышын камсыз кылуучу ченемдерге ылайык сактоо;
башка мамлекеттердин аймагында жайгашкан, "Манас" эпосунун үчилтиги менен байланышкан объектилерди коргоо жана сактоо, ошондой эле "Манас" эпосунун үчилтигинин мазмунунун өзөгү менен окшош жана салттуу баяндоонун алкагында оозеки айтылган же жазылып калган кол жазмалардын тексттерин жана башка маданий-тарыхый баалуулуктарды эсепке алуу, сактоо жана аларды Кыргызстанга кайтарууну уюштурууну камсыз кылуу;
"Манас" эпосунун үчилтиги менен байланышкан Кыргызстандын кызыкчылыктарын анын чегинен тышкары жерлерде коргоо;
"Манас" эпосунун үчилтигин ар тараптан окутуп-үйрөтүү жана жаш муундарды тарыхый-маданий мурастардын баалуулуктарына тартуу үчүн шарттарды түзүү.
Мыйзам менен "Манас" эпосунун үчилтигинин классикалык варианттары болуп манасчылар Сагымбай Орозбаковдун жана Саякбай Каралаевдин айтуусундагы варианттары саналат деп бекитилген.
Андан тышкары, мамлекеттик, муниципалдык, жеке жана менчиктин башка түрлөрүндө турган объектилердин жана алар тарабынан чыгарылуучу продукциянын аталыштарында "Манас" эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандардын ысымдарын пайдаланууга министрлер кабинети тарабынан белгиленген тартипте уруксат берилет деп белгиленген.
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2024
Мамлекеттүүлүктүн символу. Президент "Манас" эпосунун күнүнө карата кайрылуу жасады
Жаңылыктар түрмөгү
0